بسـم الله الرحمن الرحيم
Шайлоолордун шаръий өкүмү
Шайлоолордо мусулмандар арам ишке кошулуу менен биргеликте, келечекте жакшы тарапка өзгөрүүлөр болор бекен деген үмүттө ар дайым алданып келишет. Мунун себеби талапкердигин койгондордо эмес, тескерисинче аларга чектен чыгууга мүмкүнчүлүк берип жатканыбызда. Себеби, мусулмандар үчүн эмне кылышы керектиги же ким кылышы керектиги анык баян кылынган. Болгону, олуттуу мусулмандар (Исламга моюн сунуучулар) болуп, Исламыбызды куфр айтып жаткандай; рухий тазалануу, ибадат же кээ бир ижтимаий маселелер гана деп эмес, тескерисинче, толук бойдон, Аллах Таала түшүргөндөй түшүнүшүбүз керек. Себеби, Ислам турмуштун бардык тармагын эч кандай шек-күмөн калтырбай турган даражада анык чечип койгон.
Бул жерде шайлоого тиешелүү өкүмдөр тууралуу кеңири айтмакчы эмеспиз. Болгону Исламда “халифа”дан башкасын мусулмандар өздөрү үчүн жетекчи кылып алышы арам экендигин гана эскертебиз. Ааламдар Роббиси фарз кылган Исламдагы башкаруу түзүмү – бул Халифалык түзүмү. Бул түзүмдө, Аллахтын Китеби жана Расулунун сүннөтүнө ылайык, Алла түшүргөн нерсе менен башкарууга берилген байъат аркылуу халифа дайындалат. Буга Китеп, сүннөт жана сахабалар ижмасынан далилдер абдан көп.
Муслим Абу Хазимден келтирет: Мен Абу Хурайра менен беш жыл бирге болдум, ал кишиден Расулулла rдын мындай дегенин уктум:
«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لاَ نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَيَكُونُ خُلَفَاءُ فَيَكْثُرُونَ، قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ فُوا بِبَيْعَةِ الأَوَّلِ فَالأَوَّلِ، أَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»
«Бану Исраилге пайгамбарлар саясат жүргүзүшөр эле. Качан бир пайгамбар өлсө, артынан башка бир пайгамбар келчү. Менден кийин болсо пайгамбар жок, халифалар болот. Алар көп болот. Сахабалар «бизди эмнеге буюрасыз?» деп сурашты. Айтты: Эң биринчисинин, жана дагы эң биринчисинин байъатына бапаа кылгыла. Алардын акыларын өздөрүнө бергиле. Анткени, Алла алардан раиятты кандай башкаргандыгы жөнүндө сурайт».
Исламдагы (Халифалыктагы) башкаруу түзүмүнүн формасы дүйнөдөгү башкаруу түзүмдөрүнөн бүтүндөй айырмаланат. Ислам түзүмү королдук түзүм да эмес о.э. Ислам түзүмү императорлук түзүмү да эмес. Ислам түзүмү федерациялык түзүм да эмес. (Бул темаларды же халифаны шайлоо өкүмдөрүн “Халифалык мамлекетинин жихазы” китебинен кеңири, далилдери менен билип алсаңыздар болот.)
Исламдагы башкаруу түзүмү республика түзүмү да эмес. Себеби республика түзүмү королдук түзүмдүн зомбулугун жокко чыгаруу (рад) үчүн жүзөгө келген. Ошол доорлордо король чектелбеген кожоюндук (сиядат) жана бийликке (өкүмдарлык салтанатына) ээ болуп, мамлекет жана калк үстүнөн каалагандай өкүм жүргүзүп, мыйзамдарды өз каалоосуна карап чыгарган. Ага каршы, аны рад кылып республика түзүмү жүзөгө келди, сиядат жана салтанатты демократия деген наам менен элге өткөрдү. Натыйжада, адал же арам деп мыйзам чыгаруучу эл болуп калды. Ал эми, башкаруу (бийлик) болсо, президенттик башкаруу формасындагы республикалык түзүмдө президент менен министрлердин колуна, парламенттик башкаруу формасындагы республикалык түзүмдө болсо министрлер кеңешинин колуна өтүп калды. (Мындай абалды – т.а. министрлер кеңешинин колундагы башкарууну королдук түзүмдөрдөн көрүүгө болот. Мындай түзүмдөрдө башкаруу укугу королдон алып коюлат да, ал титулга ээ болгону менен, бийлик жүргүзбөй турган бир символ болуп калат).
Исламда болсо мыйзам чыгаруу укугу элдики эмес, балким, бир гана АЛЛАныкы. Алладан башка эч ким адал же арам деп өкүм чыгарууга акысы жок. Исламда мыйзам чыгарууну элге тапшырып коюу чоң кылмыш эсептелет.
Исламдагы башкаруу түзүмү чыныгы маанидеги демократия да эмес т.а. мыйзам чыгарууну, нерселердин адал жана арамдыгын, жагымдуу (хусн) жана жагымсыздыгын (кубх) белгилөөнү шарият өкүмдөрүнө баш ийбей, «эркиндик» деген нерсе аркылуу элге берип койгон демократия эмес. Мусулмандар чыныгы маанидеги демократияны кабыл албашын кафирлер абдан жакшы билишет. Ошондуктан, колонизатор кафир мамлекеттер – бүгүнкү күндө, айрыкча Америка – мусулмандар өлкөлөрүнө демократияны алдоо жолдору менен киргизүүгө урунуп, мусулмандарды адаштыруу үчүн «демократия – бул акимди шайлоо механизми» деп мусулмандардын туйгулары менен ойношуп жатканын көрөсүң. Алар демократиянын негизги иши акимди шайлоодой кылып көрсөтүшөт. Себеби, мусулмандар өлкөлөрү – алар королдук же республика деп аталып жаткан режимдер болобу, эч айырмасыз – зомбулукка, зулумга, үндөрдү басуу жана диктатурага дуушар болгон. Ошондуктан, мындай балээлерге дуушар болгон мусулман өлкөлөрдө кафирлер үчүн «демократия – акимди шайлоо жолу» деген нерсе аркылуу анын «базарын өтүмдүү» кылууга оңой болуп калды жана кафирлер андагы негизги нерсени т.а. мыйзам чыгарууну, адал-арамды белгилөөнү Аллага эмес, адамга берүү экендигин ороп-бекитишти. Ал тургай, кээ бир исламчылар, балким, кээ бир шейхтер да жакшы ниет мененби же жаман ниет мененби, бул капканга түшүп калышты. Эгер алардан демократия жөнүндө сурасаң, аны «акимди шайлоо деген этибар менен жайиз» дешет. Алардын жаман ниеттегилери болсо, демократтар демократияга берген чыныгы мааниден буруп, аны ороп жабышат. Ал эми, демократиянын чыныгы мааниси болсо өкүмдарлыкты элге берүү болуп, калк көпчүлүктүн райы менен каалагандай мыйзам чыгарып, нерселерди адал-арам кылып, аларды жагымдуу жана жагымсыз деп белгилейт. О.э. адам эркин болуп, каалаган ишин кылат, демократия жана эркиндиктер деген наам астында арак да иче берет, зина да кыла берет, муртад да боло берет, ыйык нерселерди да акараттай берет. Демократиянын мазмуну, вакиъи жана акыйкаты мына ушундай. Ошондой болгон соң, Исламга ыйман келтирген мусулман «демократия жайиз» же «демократия Исламдан» дешке кантип батына алат?!
Мусулмандан үчүн Аллах түшүргөн шарияттан башка шариятты, негизди же мыйзамды кабыл алуу таптакыр мүмкүн эмес. Эл буга ыраазы болобу же ыраазы болбойбу мунун эч кандай мааниси жок. Себеби, мыйзам чыгаруу жалгыз Аллахтын укугу. Мыйзам чыгарууда бирер адамдын Аллахка шерик болууга акысы жок. Анткени, Аллах Таала мындай дейт:
إِنْ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ
– «Өкүм жалгыз Аллага гана таандык». [12:67]
فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا
– «Жок, (эй Мухаммад алайхис-салам), Роббиңе ант болсун, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана кийин сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт». [4:65]
وَلَا تَقُولُوا لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمْ الْكَذِبَ هَذَا حَلَالٌ وَهَذَا حَرَامٌ لِتَفْتَرُوا عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ
– «Аллах жөнүндө жалган жалаа ойлоп табуу үчүн (т.а. Аллах буйрубаган өкүмдөрдү Аллахтыкы деп айтуу үчүн) тилиңерге келген жалганды сүйлөп: «Бул адал, бул арам», дей бербегиле! Анткени, Аллахаброюна жалган жалаа жапкан адамдар эч кутулбайт». [16:116]
Адий ибн Хатам Пайгамбар rдын алдына келген учурда Пайгамбар r:
اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ
– «Алар Алланы коюп өздөрүнүн даанышмандарын жана рохибдерин кудай деп билишти». [9:31]
аятын окуп жаткан эле. Ошондо Адий ибн Хатам: «Алар рохибдерин кудай кылып алышпаган», – деди. Анда Пайгамбарыбыз r:«Туура, адамдар рохибдерге ибадат кылышпаган, бирок, рохибдер бирер нерсени адал дешсе, адамдар аларды адал санашкан, бирер нерсени арам дешсе, аны арам кылып алышкан», – деп айткан.
Абу Зар.