Трамптын Исламга каршы саясаты Тернбуллга жагууда
Кече Австралия премьер-министри Малкольм Тернбулл жана бир нече министрлер Америка президенти Дональд Трамптын мусулмандарга каршы ачык-айкын токтомдорун аябай маашыркап колдоп-кубатташты. Белгилүү болгондой, Трамптын ушул токтомдору качкындарды кабыл алууну токтотууну, калкынын чоң бөлүгүн мусулмандар түзгөн өлкөлөрдөн келген мигранттарга түрдүү чектөөлөрдү киргизүүнү өз ичине алат.
Биз, Хизб-ут-Тахрир–Австралия мүчөлөрү, Трамптын зөөкүр саясатын каралап, Австралия өкмөтүнүн мындай колдоп-кубаттоосуна нааразылык билдирип, ушуларды баса белгилейбиз:
- Бул сыяктуу саясаттарды жаңы Трамп администрациясынан күтсө болот, бул өзгөчөлүк эмес. Себеби, бул – айрыкча, маселе мусулмандарга байланыштуу болгондо, Америка саясатындагы өзгөрүү эмес. Бул мурда Буш менен Обама администрациясынын күн тартибине айланган «терроризмге каршы күрөш» деп аталган шылтоонун уландысы гана. Трамп Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Ямандан турган алты мамлекетти бутага алууда. Белгилүү болгондой, бул мамлекеттердин бир нечеси Американын бомбалоолору, агрессиясы менен ойрон кылынды. Мына ушунун өзү, бүткүл дүйнөдөгү зомдулуктун жана туруксуздуктун негизги себеби Батыштын тышкы саясаты экенине жаркын далалат кылып турат. «Терроризмге каршы күрөш» деген нерсе жогорудагы иш-аракетти чүмбөттөп турган маскадан башка нерсе эмес. Максат, Батыш мамлекеттерин лардын террорунун үрөй учурган акыбеттеринин жоопкерчилигинен куткарып, жоопкерчиликти курмандарга жүктөө.
- Австралия өкмөтүнүн мындай саясатты колдоп-кубатташы күтүлбөгөн абал эмес. Австралия өкмөтү Американын, айрыкча, яхудий мамлекетинин жырткыч саясатын такай эле колдоп-кубаттап келет. Түпкүлүгүндө, Тернбулл, Даттон жана Моррисон сыяктуу австралиялык саясатчылар Трамптын токтомдору Австралия өкмөтү башбаанек издеп келген чет элдиктерге каршы колдонуп жаткан катаал жана ырайымсыз мыйзамдарына дем берет деп баалашууда. Тернбулл Трампты каралоонун ордуна, Америка-Австралия ортосундагы мамилелерди улуулоого өттү, Трамптын токтому жөнүндөгү суроолорго: башка мамлекеттердин саясаттарына «түшүндүрмө берүү менин ишим эмес», – деди. Суроо туулат: Андай болсо, Тернбулл өткөн жылы бир нече жыйындарда эмне үчүн Кытай, Түндүк Корея, Россия жана Филиппин саясаттарын каралады?!
- Премьер-министр Американын көрүп жаткан чараларын каралашы керек эле. Себеби, Америка ушул чаралар аркылуу белгилүү бир тайпаны бутага алып, өзүнүн иблистигине карай кетүүдө. Ал адамдарды жоопко тартууга үндөөдө. Согуштарды чыгаруу, диктатор акимдерди колдоп-кубаттоо, ач көз экономикалык эксплуатация кылуу сыяктуу мусулмандарга карата ачык-айкын душмандык Батышка аздык кылып жаткан көрүнөт. Мына, «терроризмге каршы күрөшүү» шылтоосу астында ушундай чараларды кабыл алуу менен отко май чачууда. Арийне, мындай саясаттарды аткаргандар да, колдоп-кубаттап жактандар да зордукчул реакциялардын жоопкерчилигин өз мойнуларына алуулары керек. Мисалы, өткөн жекшембиде Квебек мечитине чабуул кылынып, куралсыз мусулмандардын канын төгүү окуясы ушул зордукчул реакциялардын бири.
- Биз бүткүл дүйнөдөгү мусулмандарга жогору баалайбыз. Себеби, алардын көпчүлүгү Америка жана анын союздаштары жасап жаткан ачыктан-ачык бастыруу жана чабуул кылуу саясаттарына каршы жыйырма жылдан бери күрөшүп келишүүдө. Алар оор убактарда да өз кайратын жоготушпасын. Эң оболу, Аллах Субханахунун Өзүнө таянып, Исламга жардам беришсин, чыныгы эрдик позициясын бекем карманышсын жана саясий аракеттерин мындан да көбөйтүп, Аллах Субханахудан кайрат сурашсын. Алдыбызда батыштык илманий либералдар бүткүл дүйнөгө алып келген башаламандыктан кутулуунун жалгыз чечими Ислам экенин көрсөтүшүбүз үчүн бүгүн болуп көрбөгөндөй ыңгайлуу учур турат.
Хизб-ут-Тахрирдин Австралиядагы матбуат бөлүмү
Телефон: +61 438 000 465
Электрондук почта: media@hizb-australia.org