Кыргызстандын экономикасы сыяктуу эле “Дордой” базары да кризиске жүздөнүүдө

Кыргызстандын экономикасы сыяктуу эле “Дордой” базары да кризиске жүздөнүүдө

 2016-жылы Бишкектеги эң чоң базар болуп эсептелген “Дордой” базарында 6 миң контейнер жабылды. Бул тууралуу, 25-январда Бишкек мэриясынын жыйынында  Бишкектин мэри Албек Ибраимов билдирди. Базарда соода орундарынын жабылышына тигүүчүлүк тармагында иштегендердин жана соодагерлердин азайышы себеп болууда. Албек Ибраимов мындай абал уланышын айтып өттү. 2016-жылы “Дордой” базарындагы 18 миң 300 контейнердин,  6 миңи жабылган.

 Туркистон:

“Дордой” базарынын өзүндө эле 6 миң контейнердин жабылышы – бул алты миң үй бүлө кирешесинен айрылгандыгын, жок эле дегенде 12 миң адам Россиядагы мигранттар армиясына кошулгандыгын түшүндүрөт.

 Кыргызстан бийлиги мамлекетти ЕАЭБге алып кирүүдө да, Россия тарабынан даярдалган жол картасын тастыктоодо да элдин пикирин эсепке албады. Жол картасын бийликтеги бир нече чиновниктен башка эч ким, а түгүл депутаттар да көрбөгөндүгүнө карабастан, жол картасы тастыкталып, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болду.

 Элдин каалоосуна каршы барып мамлекетти ЕАЭБге алып кирген мамлекет жетекчилиги бул кадам пайда алып келишин, биримдикке киргенден кийин Россия жана Казакстан менен соода алакасы күчөшүн убада кылган эле. Иш жүзүндө мунун тескериси болгондугун убакыт көрсөтүп жатат.

  Мамлекеттин ЕАЭБге мүчө болуп киришинин терс таасирлери көпкө күттүрбөдү. Он миңдеген адамдарды жумуш менен камсыздаган “Дордой”, “Кара-Суу” базарлары жабылуунун астында турат. Кыргызстан экономикасынын негизи болгон реэкспорттун азайып кетиши себептүү мамлекеттик бюджеттеги дефицит жылдан-жылга көбөйүп барууда. Расмий бийлик болсо эч бир уялбастан, бул кыйынчылыктар убактылуу экендигин, үч-төрт жылдан кийин өтүп кетишин айтууда. Бул үч-төрт жылдын ичинде жоон сүзүлүп, ичке үзүлүп кетиши менен эч кимдин иши жок.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 hours ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

2 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

2 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

3 days ago