УКМК: Террорчулукту каржылоону көздөгөн кылмыштуу топ кармалды
“Turmush” сайтынын кабарына таянсак, УКМК Кыргызстан аймагында террорчулукту каржылоо максатында жасалма чет өлкөлүк валютаны чыгаруу жана аны сатуу менен алектенген топту кармаган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
УКМКнын билдиришинче, 20-январда Чүй облусунун аймагынан У.Ж.М жана К.Ы.Ш аттуу эки жаран кармалып, алардын жанынан 56 миӊ доллар өлчөмүндөгү жасалма банкноттор табылган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 198-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Жасалма акчаларды же баалуу кагаздарды жасоо, сактоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
“Тергөөнүн жүрүшүндө, жасалма долларлар жогорку технологияда даярдалып Түркиядан алып келингендиги белгилүү болду. Ыкчам маалыматтар боюнча акчанын жасалышына жана үчүнчү мамлекеттерге жиберилишине учурда Стамбулда жашап жүргөн кыргыз жарандары Ильяс Сабиров менен Мансур Сувановдун катыштыгы болушу мүмкүн” – деп билдирди УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов.
Буга чейин Сабиров 2016-жыл, 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин жанындагы жардырууга катышы бар деп шектелип, ага эл аралык издөө жарыяланган болчу
Туркистон:
УКМК негедир ар бир кылмыштуу аракетте исламий алакаларды көрө турган болуп калыптыр. Ал тургай, шариятта арам болгон жасалма валюталар соодасын да Ислам жана мусулмандарга байланыштырууга аракет кылууда.
Эмнеге Түркия бийлигинин өзү айыптуу болушу мүмкүн эмес? Эмне үчүн, “жасалма валюта чыгаруу мүмкүнчүлүгү кеӊири болгон дүйнөлүк куфр системасынын тиешеси болушу мүмкүн” деп айтылбайт? Эмне үчүн ар бир кылмышта жалаӊ гана исламий көрүнүш изделет? Эмне үчүн бул эл аралык кылмышкерлерди шылтоолоп, жалаӊ Хизб ут-Тахрир сыяктуу саясий же пикирий жамааттардын мүчөлөрү камакка алына баштайт?
Шектүүлөрдүн катарына УКМК кызматкерлерин кошууга да болот. Сегизбаев жарыя кылган “Белизгейт” афёрасындагы документтер жасалма экендиги далилденди го! Кезекте Дача-Суу айылына кулаган учактагы мыйзамсыз товарлар проблемасы турат. Албетте, бул иште да УКМК жана бийликтегилердин колу бар! Биз бул аферисттер айтып жаткан сөздөргө эмне үчүн ишенишибиз керек? Кармалган акчаларды балким УКМКнын өзү алмаштырып койгондур! Балким, чиелешип бара жаткан абалдан кутулуу үчүн, бул ишти өздөрү уюштургандыр! Балким, тунгуюкка кептелип бара жаткан абалынан коомчулукту чалгытуу үчүн ушундай кылышкандыр!!!
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…