Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасы изден чыгып барууда

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасы изден чыгып барууда

Кыргызстан мамлекеттүүлүгү коркунуч астында.

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасы изден чыгып барууда. Бул нерсе эмнелерде көрүнөт?

Мамлекеттүүлүк – бул башкаруу системасы жана мыйзам-эрежелер топтому. Кыргызстан демократияга негизделген капиталисттик система негизинде өкүм жүргүзөт. Башкаруу түзүмү да, негизги мыйзамдары жана экинчи даражалуу мыйзамдары да ушул системадан келип чыгат.

Акыркы жылдарда Кыргызстан бийлиги мусулмандарга каршы – терроризм, экстремизм деген атамалар астында – күрөштү күчөтүп барууда. Алар мусулмандар жазган арыздарга көӊүл бурбастык ыкмасын иштеп чыгышты. Бул арыздарга кайдыгерлик кылуу ыкмасына бардык өкмөттүк органдар буйрук жана басым өткөрүү негизинде мажбурланышты. Мунун акысына аларга артыкчылыктар, кеңири мүмкүнчүлүктөр берилип, жогорудан аларга колдоо көрсөтүлүп жатат. Эл аралык саясат жана эл аралык уюмдар Кыргызстан бийлигинин бул мыйзамсыз аракеттерине сүкүт сактоо менен, эгерде керек болсо жардам берүү менен демөөрчүлүк кылып келишүүдө. Натыйжада Кыргызстан бийлиги мусулмандарга карата адилетсиз мамиле кылуу механизмин түзүп алды.

Абактардагы бир нече мусулмандар нааразылык акциясы катары ачкачылык жарыялашты. Бул акция учурунда мамлекеттик органдар жана мамлекеттик эмес уюмдар аларга кайдыгер карашкандыгына күбө болдук. Алар жазган жүздөгөн арыздар жоопсуз калууда. О.э. тышкарыдан жакындары жазып жаткан арыздар да жоопсуз калууда. Мамлекеттик түзүмдөгү бул сыяктуу бузук система ал тургай СССР учурунда да болгон эмес. Бул нерсе, мамлекеттик башкаруунун кризиси болуп эсептелет. Т.а. бийлик мамлекеттик органдарды толук көзөмөлдөй албай жаткандыгына жана күч түзүмүнүн кызматкерлери бир топтун кызыкчылыгы негизинде иштеп жатканына ишара кылат. Бул нерсе мамлекеттин эле эмес, мамлекеттик башкаруу системасынын бузулушу болуп, төмөндө тажрыйбасыз мамлекеттик жетекчилерге бул иштердин натыйжаларын баяндап беребиз.

16-январда Манас аэропортуна жакын жайгашкан Дача-Суу айылына Түркиялык компанияга караштуу Боинг-747  учагы кулап түштү. Бул  кырсык ондогон жарандардын өмүрүн алды. О.э. бул учактагы жүк Кыргызстанга келе жаткандыгы туурасында кеп-сөздөр пайда болду. Кыргызстандагы бийлик бутагынын бири болгон “Жогорку Кеӊеш” бул ишти иликтөө үчүн атайын комиссия түзүп, бул комиссиянын башчылыгына Кыргызстандагы эӊ чоӊ саясатчы жана тажрыйбалуу депутат Өмүрбек Текебаев шайланды. Бирок, бул комиссия да ишке тиешелүү маалыматтарды же конфискация кылынган товарларды таба албай жатат.

Т.а. Кыргызстан саясий элитасынын түздөн-түз аралашуусу же ыраазылык билдириши аркылуу мусулмандарга каршы пайда кылынган бузук башкаруу механизми бүгүнкү күнгө келип экономикалык мафиялык кылмыштуу топторду пайда кылып жатат. Эми бул коррупциялашкан механизм, мусулмандарга эле эмес бүтүндөй Кыргызстандын кызыкчылыктарына кол салып, жоопкерчиликтен качууда бийлигинен пайдалануучу кылмыштуу топко айланып калды. Бул мафиялык түзүм эми болгон күчүн көрсөтөт. Комиссияларга каршы бийлигин ишке салып, бардык тараптан басым өткөрөт.  Кол астындагы бардык маалымат каражаттарын ишке салат.

Кыргызстан бийлиги буга чейин көп жолу кетирген каталарын кайталоонун астында турат. Себеби, мамлекеттүүлүктүн кепилдиги – мыйзамдуулук  үстөм болушунда. Башкача айтканда, улуту, дини жана расасына карабастан, бардык жарандардын акы-укугу бирдей корголушунда. Т.а. мамлекет башкаруу механизмин бирер улут же дин өкүлдөрүн кемсинтүү, укугун тебелөө же тайпачылыкка жол берүүнүн үстүнө курбайт. Булар болсо, бир иштин натыйжасында ондогон адамдар өлсө, аны текшерип отурбастан исламий террористтерге жабыштырат. Ал эми башка иш себептүү дагы ондогон адам өлсө, бир катар фактылар табылып бул иш уюшкан экономикалык кылмышкерлердин иши экендиги көрүнүп тургандыгына карабастан, мамлекет өзү баш болуп бул ишти жашырууга аракет кылып жатат. Чыӊалуу күчөп бара жаткандыктан бул кылмышты жабуу үчүн дагы кайрадан мусулмандарды “үйүнөн диск, баракча, китеп табылды” деген шылтоо менен камакка ала башташты. Бул китепти окуган мусулмандарга каршы олуттуу күрөшүүгө чакырыктарды күчөтүшөт.

Мусулмандарга зулум кылып жаткан куфр дүйнөсүнө Кыргызстан бийлиги да кошулуп, мусулмандарга зулум өткөрө баштады. Куфр дүйнөсү бул аракеттерине сүкүт сактаган соӊ, бийлик мусулмандарга каршы жалаа жабуу иштерин күчөтө баштады. Кыргызстандагы жетекчи топ да дүйнөлүк тажрыйбага таянып, мусулмандарды агрессивдүү кылып көрсотүү менен мамлекетте авторитардык режим орнотуп алмакчы болду. Натыйжада, үммөткө зулум кылуучу, улутчул, капиталист, коррупционер адамдар бийликке орношуп алышты. Алар үммөттүн мүлкүн өздөштүрүү жолунда жана мыйзамсыз иштерди кылууда бийлигинен пайдаланып жатышат. Булардын кесепетинен миллиондогон жарандар үй-бүлөсүн жана жаш-балдарын таштап чет өлкөлөргө жумуш издеп чыгып кетишүүдө.

Учак менен жүк ташыган монополист капиталисттердин кесепети эмнеде?

Булар атаандаштарын сындыруу үчүн бир катар иштерди кылышат. Т.а. бир тармакта иш баштаса, өкмөт тарабынан ошол тармакка мыйзамдуу талаптар күчөтүлөт. Т.а. бажы төлөмдөрү көтөрүлүп, дагы башка түшүнүксүз талаптар коюла баштайт… Мисалы, компьютер тармагын бирер коррупционер же капиталист монополия кылмакчы болсо, бардык карапайым жарандар же соодагерлердин компьютерлерди алып киришине тыюу салынат. Кээде, алып келе жаткан компьютерлерге төлөмдөр көтөрүлүп кетет. Же болбосо, жогорудагы учактагы сыяктуу коррупциялык жол менен бажы төлөмүн айланып өтөт да, арзан баа менен базарга алып чыгып, бардык мыйзамдуу жол менен кирген компьютерлердин баасын түшүрүү аркылуу, аларды банкрот кылат. Натыйжада жеке ишкерлер бардык каражатынан айрылып, мигранттар кербенине кошулушат. Монополисттер болсо, Кыргызстандан коррупциялык жол менен тапкан бардык каражаттарын чет өлкөлөргө алып чыгып кетишет. Мунун натыйжасында мамлекет финансылык кризиске кептелип, кыйроого жүздөнөт.

Демек, бардык проблема мамлекеттик жетекчилер коррупцияга батып калгандыгында. “Ислам жана мусулмандар тарабынан коркунуч болуп жатат” деген жасалма ызы-чуулар болсо, коррупцияны жана башка тармактагы кылмыштарды жашыруу үчүн колдонулуп жаткан бир жомок. Биз Кыргызстан жарандары, мамлекеттик органдардын биздин акы-укугубузга  кол салуусуна каршы күрөшүүбүз керек. Себеби, жарандык коомдон башка кубатыбыз калбады. Мамлекет башчылары коррупцияга батып, капиталисттердин кызыкчылыгына кызмат кылуучу адамдарга айланып калышты. Бул нерсе, капиталисттик түзүмдүн табигый көрүнүшү болуп, ар кандай демократиялык мамлекет табигый түрдө капиталисттерге таянып калат. Ошондуктан, бул нерсе системанын кризиси экендигин унутпашыбыз керек. Т.а. күрөшүбүз учурдагы бийликти башкасына алмаштыруу үчүн эмес, капиталисттик бузук системадан кутулуу негизинде болушу керек.

Абдураззак.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago