Байсалов: “Террористтер”дин ата-энеси жазаланышы керек

Байсалов: “Террористтер”дин ата-энеси жазаланышы керек

Социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Эдил Байсалов: “Биз чараларды  көрүшүбүз керек, “экстремист жана террорист” деп табылган жарандарыбыздын ата-энеси, бир туугандары жоопкерчиликке тартылып, үйү да бузулушу керек, үй-бүлөсү айылдан кууп чыгарылышы керек”, – деди.

Туркистон:

Эдил Байсаловго “Батыштын Кыргызстандагы ийгиликсиз долбоору” деген баа берсек акыйкатка жакын болот. Ал Кыргызстан саясатында батышчыл күчтөр тарабынан түзүп берилип жаткан бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарды. Аныгыраагы, анын саясий жана адамдык денгээли андан үмүттөнгөн даражада эместиги далилденди. Байсалов чоӊ саясаттын кишиси эмес. Муну ал 4-январда “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда, андан кийин 7-январда “Түшүнүк” программасында диний ишмер Өзбек ажы Чотонов менен болгон талкуусунда дагы бир жолу далилдеди.

Байсалов Кыргызстандагы коомдук мухитке Батыш дүйнө карашын жана анын стратегиялык максаттарын алып кирүүгө аракет кылууда. Көӊүл бурушубуз керек болгон нерсе, Батыш системасы өзүнүн илманий ишенимине тескери келген түшүнүктөрдү Байсалов аркылуу алып кире баштады. Т.а. баласы үчүн ата-энесин жана жакындарын жоопкерчиликке тартуу маселеси, диний туткундарга карата жазаларды күчөтүү сыяктуу. Байсалов Кыргызстанда Ислам жана мусулмандардан кооптоно турган о.э. Ислам жана мусулмандарды жек көрө турган абалды пайда кылууга аракеттенип жатат.

Абалдын кооптуу жана маанилүү жери, Байсаловдун позициясы Ислам жана мусулмандарга карата өзүнүн мамилеси эместигинде. Бул нерсе АКШ баштаган Батыш системасынын мамлекетибизге карата жаңы стратегиялык долбоору экендигинде. Муну, Түркиянын “Рейна” түнкү клубундагы кыргындан кийин бул шити Кыргызстан же Өзбекстандын жараны кылды деп жарыя кылышынан, Түрктөр Кыргызстан жараны Машраповду тергөөгө алып коё бергенден кийин, аны террорист деп жарыя кылып жиберишинен, андан кийин Байсаловдун жогорудагы билдирүүлөрүнөн түшүнүүгө болот. Ушулардын бардыгы, Кыргызстанга каршы Батыш системасынын кезектеги стратегиялык жаңы саясий долбооруна окшоп жатат.

Бул долбоордун кооптуу тарабы, Батыш системасы идеологиялык чабуулун аскерий жана  өтө курч мүнөздөгү мамилелерге алмаштырып жаткандыгында. Алар Кыргызстан бийлигине авторитардык режимди күчөтүп берүүнү убада кылып, мунун акысына аларды мусулмандарга каршы дагы да катуураак мамилеге үндөмөкчү болууда. Бул мамиле долбоору Хафиз Асадга, андан соӊ анын уулу Башар Асадга о.э. Саддам Хусейн жана башка исламий өлкөлөрдүн жетекчилерине багытталган эле.

 АКШ бирер аймакта кескиндик пайда кылууну кааласа, албетте бул кескиндикке каршы кубат пайда кылууну көздөп жаткан болот. Т.а.  ал ошол аймакта эки жүздүү саясат жүргүзүп, эки фронтто теӊ иш алып бара берет. Мисалы, Сирияда ушундай кылды. Бир тараптан бийликти мусулмандарга каршы багыттап жаткан болсо, экинчи тараптан курал-жарак берүү жана башка шарттарды түзүп берүү менен жарандардын каршылык аракетин калыптандырып барат. Буга  Сирия, Украина, Хорватия, Ирак, Мисир, Афганистан жана башка мамлекеттерди мисал келтирсек болот.

АКШ эмне үчүн Кыргызстанга каршы идеологиялык күрөшүн өзгөртүп жатат?

Бул да эл аралык саясатка байланыштуу. Т.а. Россиянын эл аралык саясаттагы таасири төмөндөп бара жатканына байланыштуу. АКШ Россияга Асад режимин коргоп берүүнү тапшырды. Демек, АКШ Россиядан кооптонбойт. Россия АКШ үчүн дүйнөлүк жетекчиликти талашып жаткан, же талашуусу мүмкүн болгон ири держава эмес. Бирок ошого карабастан, АКШ Россиянын Өзбекстан жана Кыргызстандагы кызыкчылыктарын бир аз чектеп коюуну көздөп жаткандай. Т.а. АКШ Кыргызстандагы тынч абалды “ИШИМ” (ИГИЛ) коркунучу менен бир аз тынчсыздыкка алып барууну көздөп жатат. Бул ыпылас пландары ишке ашып Кыргызстан бийлиги алар багыттаган тарапка карай жүрө баштаса, мамлекет башаламан абалга кептелет. АКШнын максаты да ушул, Өзбекстан менен Кыргызстан кеӊешип, Кытай менен Россия башчылыгында пландаштырылып жаткан “Жибек Жолу” долбооруна тоскоолдук кылуу. Түпкүлүгүндө, бул нерсе АКШ “Бажы биримдигине” каршы сунуштаган алтернативдүү долбоор эле. Бирок “Бажы биримдиги” дээрлик кризиске учурады.

Демек, АКШнын Россияга каршы эң күчтүү куралы болгон иедологиялык негиздерден баш тартышынын себеби, Россия АКШга атаандаш болууга жарабай калгандыгында. Батыш куфр системасы өзүнүн чыныгы жүзүн Байсалов аркылуу көрсөтө баштады. АКШнын дүйнөлүк системасы россиячыл күчтөрдү да теӊсинбей жатат. Анын максаты, Орто Азияны Россия аркылуу башкаруу болчу. Бирок, Шамдагы согуштар мынчалык созулуп кетиши дүйнөлүк куфр системасын тынчсыздандырууда. Ошондуктан,  АКШ президенттикке Трампты алып келди. Демек, АКШ Трамп көрүнүшүндө иш алып барат. Т.а. жүзү жоктук менен аракет кылат. Сирияга карап калган дүйнөлүк маалымат системасын чалгытып, башка региондорго буруп жиберүү үчүн дагы бир нече мамлекеттерге согуш уругу себиле баштады. Ошол мамлекеттердин бири Кыргызстан!!!

Кыргызстан бийлиги Байсаловду чыккынчы катары мамлекеттен чыгарып жиберсе, Батыштын жийиркеничтүү долбоорунан таасирленген башка саясатчыларга сабак болмок. Себеби, АКШнын өзү баш болуп эл аралык системанын негиздеринен баш тартып жаткан учурда, Кыргызстан өз коопсуздугу үчүн Батыш системасын ыргытып жибериши да мүмкүн. Өзбек ажы Чотоновдун сөздөрү акыйкат, тышкы күчтөр биздин өлкөбүздө террордук операцияларды уюштурушу мүмкүн. Байсалов сыяктуу популист саясатчылар тышкы күчтөрдүн террордук операцияларына чөйрө жаратып жатышат. Байсалов сыяктуулардын миссиясы “бул операцияларды мусулмандар ишке ашырды” деген сөзгө ишенүүчү чөйрө даярдап берүү. Ошондуктан, алардын мындай жийиркеничтүү долбоорлорун токтотуунун бирден-бир жолу, муну ишке ашырышынан мурда алардын бузуку ниеттерин ачыктап, коомубузду Байсалов сыяктуулардан тазалоо. Ошондо алардын террордук операциядан күтүп жаткан, жалаа жабуу негизине курулган арамза аракеттери максатсыз болуп калат. Алар долбоорлоштуруп жаткан операцияларын, жарандарды ишендире алышына көзү жеткенден кийин гана  ишке ашырышат. Ошондуктан, аларды токтотуп калуунун бирден-бир жолу,  акыйкатты түшүнүп жетүү, Чотоновго окшоп кырдаалга саясий исламий аӊ-сезим менен туура баа берүү. Себеби, куфр бардык террордук операцияларды, мусулмандарды же калкты “ушул иштерде Ислам жана мусулмандар айыптуу” деп ишендирүү үчүн гана ишке ашырат. Чыныгы максаты болсо, андан кийин ашкере болот. 

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago