Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Санкт-Петербургга жөнөп кетти
Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Санкт-Петербургга жөнөп кетти. Президент иш сапарынын алкагында Жогорку Евразия экономикалык кеӊешинин жыйынына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жамааттык кеӊешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Кабарга таянсак, ЕАЭБдин жыйынында биримдик түзүлгөндөн бери аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, келечектеги аракеттер талкууланат. Мындан тышкары, ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу келишимге кол коюлат.
Вице-премьер-министр Олег Панкратовдун билдиришинче, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде Кыргызстан кыргыз-казак чегарасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып салуу маселесин көтөрөт.
Анын айтымында, ветеринардык көзөмөл боюнча адистер келип текшерүү өткөрүшкөн. Казакстандан башка уюмга мүчө мамлекеттер текшерүүнүн тыянагы негизинде ветеринардык көзөмөлдү алууга ыраазы болушкан.
Туркистон:
Россия президенти Путин да жыл сайын өткөрүүчү маалымат жыйынында Кыргызстанда фитосанитардык көзөмөл жаатында маселе бар экендигин билдирип: “Кыргызстандын Казакстан жана Россия менен мамилелеринде айрым кыйынчылыктар бар. Айыл чарбасы тармагында Кыргызстанда фитосанитардык көзөмөл жаатында проблемалар бар. Биз колубуздан келген жардамды берип жатабыз. Казакстан да ушундай кылат деген үмүттөбүз”, – деген эле.
Ооба, Россия башчылыгында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдиги Казакстанга пайдалуу болду. Казакстан абалдан пайдаланып өзүнүн дыйкан жана ишкерлерин коргоо максатында Кыргызстандан ЕАЭБ базарларына өтүп бара жаткан кээ бир товарларга тоскоолдук кыла баштады. Башкача айтканда, өзүндө өндүрүлүп жаткан продукция жана мөмө-жемиштерди ЕАЭБ базарларына жеткирип берип, Кыргызстандан келе жаткандарды болсо дээрлик өткөрбөй жатат. Натыйжада Кыргызстандын экономикасы изден чыгып, бул биримдиктин кесепетинен миӊдеген жарандар зыян тартып жатышат.
Биз, ЕАЭБге мүчө болууга аракет башталгандан бери бул биримдик саясий жана экономикалык тузак экендигин, бул биримдикке мүчө болуу Кыргызстан калкы үчүн эч кандай пайда алып келбестигин кайра-кайра эскертип келдик. Мына бүгүнкү күнгө келип, Атамбаев да биримдикке мүчө болуунун пайдалуу жагынан зыяндуу тараптары көп болгондугун моюнга алды.
Атамбаев Санкт-Петербургдагы жыйында: “Көп өзгүрүүлөр болду: позитивдүү учурлар да, кемчиликтер да болду. Тилекке каршы, айрым учурларда терс көрүнүштөр басымдуулук кылып, Кыргызстан элинин өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулушун кабылдоосуна тескери таасирин тийгизүүдө. Бул албетте, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине интеграцияланышынын экономикалык натыйжаларына да терс таасир этүүдө», – деди.
Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар, өзгөчө Трамптын кескин саясий чечимдери…
Басма сөз баянаты Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?! Аллах Таала Рамазан…
Басма сөз баянаты Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили…
Басма сөз баянаты Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы Яхудийлердин жетекчилери менен кылмышкерлердин согушту, кыргынды…
Басма сөз баянаты Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген…
Басма сөз баянаты «Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?! Кечээ, Рамазан айынын…