Назарбаев “терроризм”ге каршы күрөш туурасындагы жаңы мыйзам долбоорун тастыктады

Назарбаев “терроризм”ге каршы күрөш туурасындагы жаңы мыйзам долбоорун тастыктады

Казакстанда “терроризм”ге каршы күрөшүү боюнча мыйзам кабыл алынды. Президент Нурсултан Назарбаев “терроризм” жана “радикализм”ге каршы иш-чараларды күчөтүү көздөлгөн жаңы мыйзам долбоорун тастыктады.

Кабарда келишинче, акыркы кездерде Казакстанда жүз берген чабуулдардан кийин – бийликтин тили менен айтканда – террорго каршы иш-чараларды күчөтүү көздөлгөн эрежелер мыйзамдаштырылган. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Назарбаев буга чейин парламент кабыл алган терроризм жана радикализмге каршы күрөштө иш-чараларды күчөтүү туурасындагы мыйзамды тастыктаган.

Президент Назарбаевдин көрсөтмөлөрү боюнча, терроризм жана радикализмге каршы күрөшүү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр терроризмдин негизги каржылоочу каналдары болуп эсептелген наркотикалык заттардын мыйзамсыз соодасы, курал-жарак соодасы жана миграция маселелери боюнча катаал иш-чараларды колдонууну өз ичине алат.

Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын орун басары Марат Колкобаев парламентте бул иш-чаралар тууралуу маалымат берип жатып, курал-жарак сатууга тыюу салынышын билдирди.

“Бул иш-чаралар Актөбөдөгү сыяктуу террордук окуялар кайталанбастыгын камсыздайт”, – деди Колкобаев.

Бийликтин билдиришинче, июнь айында Актөбөдө “террорчулар” алгач курал саткан дүкөнгө, андан кийин аскердик бөлүккө чабуул кылышынын натыйжасында 6 адам өлгөн.

Туркистон:

Назарбаев тастыктаган мыйзам долбоору Актөбөдө уюштурулган террордук аракеттердин жемиши деп айтсак туура болот. Бул ыпылас система негизиндеги бардык өкмөттөр кудум ушундай ыкма менен иш алып барышат. Алгач, максаттарына ылайык иш-чараларды, же өздөрүнө керектүү болгон мыйзам долбоорлорун белгилеп алышат. Андан соӊ, жарандардын же дүйнөлүк коомчулуктун пикирин өз максаты тарапка буруу үчүн мусулмандардын атынан террордук аракеттерди уюштурушат. АКШдагы 11-сентябрь окуясы, Өзбекстандагы Андижан окуясы, Россиядагы 1999-жылдагы бир катар жардыруулар жана башка ушул сыяктуу террордук аракеттердин дээрлик бардыгы атайын кызматтар тарабынан уюштурулган. Алар да кудум Назарбаев режими сыяктуу белгилүү бир максаттарды көздөп, террордук аракеттерди ишке ашырышкан эле. АКШ 11-сентябрь окуясынан пайдаланып Ирак жана Афганистанга бастырып кирди. Каримов Андижан окуясынан пайдаланып мусулмандарга репрессивдик мамилесин улантты жана батышчыл уюмдарды өлкөдөн кууп чыкты. Путин болсо, террордук иштерден пайдаланып бийликти ээледи, андан соӊ Чеченстанды басып алды.

Назарбаев жана башка исламий өлкөлөрдүн жетекчилери ушундай ыкма менен өз режимдерин күчөтүүгө аракет кылышат. Мусулмандар болсо эч кандай кылмыштуу аракеттерди кылбаган абалда “террорист, экстремист” сыяктуу куфр атамалары менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла беришет. Андан кийин бул залим өкмөттөр “эмне үчүн мужахиддер пайда болууда” деп ызы-чуу көтөрүшөт. Алардын мусулмандарга карата акыйкатсыз, жалган жалаа негизиндеги айыптоолорунан жабырлана берип жашоодон тажап кеткен кээ бир мусулмандар өч алууга аракет кыла башташат. Ошол кезде куфр системасы бул мусулмандарды колдоо үчүн даяр турган болот. Натыйжада куфрдун стратегиялык кызыкчылыгы жүзөгө чыгып, мусулмандарды бири-бири менен согуштура баштайт. Муну биз Афганистан, Ирак, Сирия жана башка исламий өлкөлөрдө көрүп жатабыз. Мусулмандар бири-бирин кыргын кыла турган согушка кирип калышат! Бул дүйнөлүк системанын ыпылас тактикасын Назарбаев жана башка исламий өлкөлөрдүн жетекчилери жакшы билишет. Бул саясатчылар бийлигин сактап калуу үчүн гана мусулмандарды курмандыкка чалып жатышат! Бул иштердин натыйжасы болсо буларды кызыктырбайт!

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

22 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago