Путин: Кыргызстанда фитосанитардык көзөмөл орнотуу жаатында проблемалар бар

Путин: Кыргызстанда фитосанитардык көзөмөл орнотуу жаатында проблемалар бар

Россиянын президенти Владимир Путин жылдык маалымат жыйынында Кыргызстанда фитосанитардык көзөмөл орнотуу жаатында маселелер бар экенин ырастады. Ал мындай оюн Евразиялык экономикалык биримдик бардык мүчөлөрүнө бирдей пайдалуу иштебегенин жана Кыргызстанда уюмга ишенген дыйкандар банкрот болгонун айткан журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Бул өлкөнүн Казакстан, Россия менен мамилелеринде айрым кыйынчылыктар бар. Айыл чарба продукталары жагынан Кыргызстанда фитосанитардык көзөмөл орнотуу жагынан проблемалар бар. Биз колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз. Казакстан да ошентет деп үмүттөнөбүз. Кантсе да, биз өз базарыбызды текшерилбеген, стандарттарга жооп бербеген тамак-аштан коргошубуз керек”, – деди Путин.

Туркистон:

“Евразия экономикалык биримдиги” деп аталган куфр системасынын тузагы Казакстанга пайдалуу болду. Россия менен Казакстандан бизге кирип келе жаткан азык-түлүк жана сырьёлор Кыргызстанда фитосанитардык лаборатория болбосо да текшерүүсүз кирип жатат. Демек, биз алардын лабороторияларына ишенип жатабыз. Өзбекстан менен Тажикстан аталган биримдикке кошулуудан баш тартышты. Алар Казакстан чегарасындагы ЕАЭБдин фитосанитардык көзөмөлүнө байланып калышпады. Башкача айтканда, Казакстандан мурункудай эле транзиттик акыны төлөп коюп өтүп жатышат. Россияга продукция Казакстандыкыбы, Өзбекстандыкыбы, Тажикстандыкыбы же Кыргызстандыкыбы айырмасы жок. Продукциянын сапаты жана коопсуздук стандарттары туура келсе болду.

Казакстан кырдаалдан пайдаланып, өзүнүн дыйкан жана ишкерлерин коргоо максатында Кыргызстандан ЕАЭБ базарларына өтүп бара жаткан продукцияларга кыла баштады. Т.а. өзүндө иштелип чыгып  жаткан продукциялар жана жашылча-жемиштерди ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин базарларына жеткирип берип, Кыргызстандан келе жаткандарды өткөрбөй коюуга аракет кылууда. Натыйжада Кыргызстан экономикасы жана калкынын кызыкчылыктары изден чыгып, миңдеген жарандар кыйналууда. Тигүү цехтери дээрлик токтоп калды,базарлар жабылып жатат.

Путин бул иштерден кабардар экен. Бирок, ал Кыргызстан үчүн ортого түшпөйт. Ар кандай мамлекет Казакстандын ордунда болсо ушундай кылмак. Т.а. өз мамлекети жана жаранын коргоого мүмкүнчүлүк пайда болгондо өзгө мамлекет жана жарандарды кемсинтип, кордоп болсо да өз кызыкчылыгын башкадан жогору коймок. Бул Кыргызстан бийлигинин катасы. Бул Кыргыстан бийлиги жөнөкөй эле тузакты көрө албай турган тажрыйбасыз экендигин далили. Же болбосо, ачык кыянаттын далили болуп эсептелет.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

18 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

21 hours ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago