Трамп штабы Обамадан Россиянын кибер чабуулдары боюнча далил талап кылды
АКШнын учурдагы президенти Барак Обама президенттик шайлоо учурунда Россия тарабынан кибер чабуулдар жасалганы туурасында фактыларды келтириши керек, же болбосо бул “тамашаны” токтотушу керек. Бул тууралуу АКШ президенти болуп шайланган Дональд Трамптын шайлоо штабынын мүчөлөрү Райнс Прибус жана Келлиан Конуэйлер билдиришти.
Прибус учурда АКШ Республикачылар партиясынын Улуттук комитетинин башчысы болуп эсептелет жана 20-январда болуучу Трамптын инаугурациясынан кийин президенттик админстрациянын башчысы болот. Трамптын шайлоо штабына жетекчилик кылган Конуэй болсо кеӊешчи болуп дайындалат.
Прибус жана Конуэй АКШ бийлигинен кетип жаткан демократтарды «Россия шайлоо учурунда кибер чабуулду ишке ашырган» деп айтуу менен шайлоонун мыйзамдуу өткөнүнө күмөн жаратууда айыптап жатышат. Ушул максатта демократтардын көзөмөлүндөгү өкмөт кибер чабуулдар темасын көтөрүп жатканы, бул оюндардын активдүү уюштуруучулары шайлоонун натыйжасын мыйзамсыз кылууга аракеттенип жатканы тууралуу Fox News телеканалына Прибус кабарлаган.
О.э. ал маалымат каражаттарында кибер чабуулдар тууралуу бири-бирине тескери келген көптөгөн макалаларга Трамп ишенбестигин баса белгилеген.
Прибус кошумчалап: “Булардын баарын АКШ разведка кызматынан уксак жакшы болот эле. Эгерде разведка кызматында ушул маселе тууралуу бирдиктүү пикир болсо, алар бул тууралуу доклад даярдашы же телекамера алдында туруп позициясын билдириши керек болот”, – деди.
Трамптын билдиришинче, американын разведка кызматтары кибер чабуулдар боюнча пикирлеринде ким, эмне, кайсы жерде болгону жана булардын бардыгы кандай ишке ашканы тууралуу ачык айта албаган. Ошондуктан, атайын кызматтар ушул маселе боюнча качан бир пикирге келгенде гана Трамптын бул тууралуу пикирин билүү мүмкүн болот экен.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…