Өкмөт ишке ашырмакчы болуп жаткан иштер

343
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

Өкмөт ишке ашырмакчы болуп жаткан иштер – дүйнөнү жырткычтыкка толтурган куфрдун максаттары

АКШ жана Россия сыяктуу канкор мамлекеттер бизди өздөрүнө көз каранды абалда кармап туруу үчүн пландарды түзүшөт. Андан соӊ аларды малай акимдер жардамында ишке ашырышат. Ал максаттарынын эң негизгилеринин бири, бизди жакыр абалда кармап туруу. Бул саясаттан көздөлгөн максат адамдардын пикрини алек кылып, ар дайым көз каранды абалда кармап туруу. Убактысын кетирүү үчүн турмуштук проблемалар жана жашоо үчүн күрөш деген нерсе менен чалгытуу. Анткени, мындай абалдагы адамдарда өтүп кетүүчү кайгы-капалардан башка нерселер тууралуу пикирлөөгө убакыт калбайт. Үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин көпчүлүгүндө ушундай саясат колдонулууда. Себеби, Ислам дүйнөсү үчүнчү дүйнө калкынын көпчүлүгүн түзөт. Массалык маалымат каражаттары бул саясатты жаап-жашырып, ушул абалды пландаштырган чөйрөлөр сызып берген чекте ачыктап беришүүдө. Режимдер муну менен көпчүлүктү бир нече нерселерге ишендирүүнү көздөп жатат, а бирок, бул көпчүлүктү басым өткөрүү, моюн сундуруу жана кордоо каражаттарын ишке  салмайынча бул ишенимге алып келе алмак эмес. Себеби, ушундай кылса кордугу азыраак, басымы жеӊилирээк ар бир чечим калктын талабына айланат. Ислам дүйнөсүндө буга мисалдар көп. Себеби, Ислам дүйнөсүндө өзүнүн күнүмдүк керектөө товарын алуу үчүн кезек күтүп турган адамдар аз эмес. Бул дүйнөдө абалы жакшыраак бир да мамлекет жок. Абалы өтө начар адам менен абалы жеӊилирээк адамдар гана болушу мүмкүн.

Байлык топтоо боюнча мына ушул кызуу күрөшкө токтолсок, эң акыркы, заманбап товарларга ээ болуу үчүн убакыттар кетип жатат, өзгөртүүнүн тиреги болгон жаштардын күчтөрү бекерге кетип жатат. Байлыктын артынан жүргүргөн киши өз Үммөтүнүн камын ойлоого да, аны куткарууга салым кошууга да убакыт ажырата албайт. Себеби, көпчүлүк мусулмандардын зээнин байлык топтоо ээлеп алган. Капиталисттик пикирлөө, ачкөздүк, жеке кызыкчылыкты Үммөттүн тагдыр чечүүчү маселелеринен үстөм коюу өкүмдар болуп калган.

Капитализм мабдасы мусулмандар өлкөлөрүнө жана акылдарына каршы согуш кылгандан кийин алар башынан өткөргөн эң чоӊ балээ – жекече эгоисттик көз караш о.э. калк, бийлик, өзгөлөргө жоопкерчилик иши менен алектенбей коюу балээси болду. Адамдар турмушун бузуку түзүмгө байлап, узак убакыт ушул менен алек кылып коюу саясаты да, өлкөлөрдү жакырдантуу саясатынын бир бөлүгү болуп эсептелет. Себеби, адамдар кыйынчылык жана кордук менен бир сындырым нан табуу менен убара болуп калышат. Мусулмандардын дүйнөнүн бир четинде маанисиз жашоо өткөрүшү т.а. аларды дүйнөгө балээ кылып көрсөтүү душмандын идеалдуу арзуусу. Кафир түндөрү уктабастан, мусулмандар өзгөлөргө этибар беришпесин, алардын иштерине кайгырып, маселелерин көтөрүп чыгышпасын, кызыкчылыктарын кабыл албай, душмандарынын айла-амалын ашкере кылышпасын деген иштер менен алек болот. Расулуллах A мындай деген:

«…وَأَيمَا أَهْلُ عَرْصَةٍ أَصْبَحَ فِيهِمْ امْرُؤٌ جَائِعُ فَقَدْ بَرِئَتْ مِنْهُمْ ذِمَّةُ اللهِ تَعَالَى»

«Бир кыштак элинин ичинде бир адам ачка абалда таң атырса, алардан Алланын убадасы көтөрүлдү». (Ахмад риваяты).

«مَنْ سَمِعَ مُسْلِمًا يُنَادِي يَا للْمُسْلِمِينَ وَلَمْ يُجِبْهُ فَلَيْسَ بِمُسْلِمٍ»

«Кимде-ким бир мусулмандын, эй мусулмандар, деп жардам сурап жатканын угуп туруп, ага жооп (жардам) бербесе, ал мусулман эмес».

«وَمَنْ لَمْ يَهْتَمَّ بِأَمْرِ الْمُسْلِمِينَ فَلَيْسَ مِنْهُمْ»

«Кимде-ким мусулмандар ишине кайгырбаса, ал мусулмандардан эмес».

Ошол себептен улам, мусулмандар арасында ким ушул маселени түшүнүп жеткен болсо, мусулмандарды өз иштерине, жергиликтүү жана эл аралык маселелерине кайгырууга үндөшү жана ушул аркылуу бул акыйкаттан аларды кабардар кылышы зарыл. Бул нерсе, мусулмандар иштерин тынымсыз үйрөнүү, күзөтүү, мусулмандар этибарын шаръий чечимдерге каратуу, бул чечимдерди өзөгүнө жана чечүү тарыйкатына байлоо керектигин түшүндүрөт. Бирок, мындай иш менен алектенүүчү кишилер кооптуу залалатка т.а. бирер жамаатка же хизбге мүчө болуунун өзү жетиштүү деген залалатка кирип калуудан сак болушу керек. Жеке адам да, жамаат да, хизб мүчөсү да бүт дүйнөгө тиешелүү ар бир ишке назар салышы жана ошого ар дайым кайгырып барышы зарыл. Себеби, Үммөттү өзүнүн мурунку тарыхына кайтаруу максатында ага көптөгөн мамлекет жетекчилерин чыгарып берүү үчүн ар бир адам жөндөмдүү саясий жетекчи болушу керек болот. Анткени, башкарууда мамлекет жетекчиси сыпатына ээ болгон Сыддыктар жана Фаруктар болушу менен бирге, Абдуллах ибн Масъуд жана Абу Айюб Ансорийлер да бар болушу максатка ылайыктуу.

Мусулмандардын өз маселелерин өз колуна алуу жана өздөрүнүн эле эмес, өзгөлөрдүн иштерин да башкаруу үчүн күрөшүүсү – алсыздыгына жана мүмкүнчүлүктөрү аздыгына карабастан – жүрөктөрүндө акыйда менен бирге пайда болгон адат жана табияты болуп калды.

Бул Үммөттүн башка үммөттөрдөн айырмасы ушул динде, акыйдада жана акыйдадан келип чыккан шариятта көрүнөт. Бул Үммөттүн башка үммөттөрдөн айырмасы «эӊ жакшы Үммөт» жана «адамдар үстүнөн күбөлүккө өтүү» сыяктуу сыпаттарда да көрүнөт.

Бейтараптык адамдардан жана коомдон алыстоонун башталышы. Т.а. жалгыздыктын, өз кабыгына оронуп алуунун жана коомдо болуп жаткан нерселерден, ал нерселер жакшылыкпы же жамандыкпы жана коомдо Ислам колдонулуп жатабы же жокпу, айырмасыз, алыстоо жана коомдо болуп жаткан нерселерди билип туруп унчукпай тура берүү. Бул нерсе көбүнчө жеке кызыкчылыктарды көздөгөндөн улам пайда болот. Мусулман адам болсо ар бир иш жана сөзүндө Аллахтын шариятын колдонууга буюрулган.

Бейтараптык жолун кармануу бир нече себептерге байланыштуу болот. Т.а. коркоктук, алсыздык башкача айтканда дүйнөнү жакшы көрүү, өлүмдөн коркуу, жоопкерчиликти моюнга алуудан качуу жана кызыкчылыгына зыян жетишинен кооптонуу сыяктуу себептерге байланыштуу болот. Ушуга ылайык, ал бир оору болуп, эгерде мусулман жана бирер адам ага дуушар болсо өз кабыгына оронуп алат. Түпкүлүгүндө, Аллахтан гана коркуу зарыл, анткени адамга пайда жана зыян жеткирүүгө кудуреттүү зат бир гана Аллах. Аллах Таала айтат:

– „Демек, алардан коркпогула, Менден корккула!“.       [5:3]

Мусулман аракетсиз суз эмес, тескерисинче бузуку жана залимдерге каршы тынымсыз кайнап турган күч болушу керек.

Ислам өкүмдөрүнө амал кылып, Ислам үчүн болгон күч-кубатын жумшашы зарыл. Анын чегиниши жана «мен бейтарапмын»  деп айтышы жаиз эмес. Себеби, Исламда бейтараптык жок. Акыйкатты айтпай, унчукпай туруучу адам дудук шайтан болуп эсептелет. Ал унчукпай туруу менен Ислам шариятына амал кылууга үндөгөн бардык далилдерге тескери иш кылган болот. Ошондуктан, куфрдун планы негизиндеги мусулмандарга кысым көрсөтүүлөргө т.а. коркутуу, камакка алуу, аялдардын, ал тургай жаш кыздардын жоолугуна асылуу, Исламды үйрөнүүгө, үйрөтүүгө каршылык кылуулардын бардыгы кафирлердин планы болуп, мындай иштерди өз калкына кылып жаткан өкмөт мүчөлөрүн кайтарууну Ислам талап кылат. Себеби, Исламий боордоштук өз боордошуна жардам берүүнү, аны колдоп-кубаттоо жана андан зулумду кайтарууну талап кылат. О.э. Исламий боордоштук талаптарынын дагы бири бейтарап абалда унчукпай тура берүү эмес, тескерисинче мусулман боордошуна жардам берүү. Набий(с.а.в):

«اُنْصُرْ أَخَاكَ ظَالِماً أَوْ مَظْلُوماً…»

«Боордошуӊа залим абалында да, мазлум абалында да жардам бер…», – деген.

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here