Атамбаев белгисиз мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыкты
Президент Алмазбек Атамбаев 5-декабрь күнү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, президенттин өргүүсү бүгүнкү күндөн баштап күчүнө кирет. Бирок, Атамбаев канча убакытка өргүүгө чыккандыгы айтылган жок.
Атамбаев 1-декабрдагы маалымат жыйынында мамлекетти 2040-жылга чейин өнүктүрүүчү жаӊы стратегия үстүндө иштөө үчүн жакынкы убакта эмгек өргүүсүнө чыга тургандыгын билдирген эле.
Белгилүү болгондой, президент мындан мурунку эмгек өргүүсүнө жүрөк оорусу себептүү сентябрь айында чыккан эле.
Туркистон:
Кыргызстан саясий кризистин алдында турган мындай учурда президент өз тарапкерлерин күрөш майданында калтырып чыгып кетиптир. Референдум Кыргызстандагы саясий элита жана саясатчылардын бир нече бөлүккө бөлүнүп, бири-бирине душман болушунун негизги чекити эле. Анын кандай көрүнүштө өтүшү, жетекчи топтун тагдыр чечүүчү маселеси болуп турат.
Президенттин ушул кезде өргүүгө чыгышы үмүтсүздүк жана кооп-коркунуч күчтүү экендигине ишара кылат. Анын артындагы топ болсо, күч-кубат жана абройго ээ эмес. Демек, алар башкы командачыга болгон акыркы үмүттөрүнөн да баш тарта башташат. Бул абал саясий боштукту кеӊейтип бара берет. Саясатчылар колдорундагы бийликке ишене албай калышты. Бардыгы жаңы келе жаткан жетекчи топту издеп, тапкандары азырынча жашыруун болсо да, алар менен кызматташуу жолдорун издей башташты.
Жетекчи топтун кылмыштары ичинде калып кеткен бир тайпа саясатчылардын болсо барар жери калбаган. Алар аягына чейин турууга аракет кылышат. Бирок, алардын көпчүлүгү качуу жолдорун издей башташты. Албетте жашыруун түрдө.
Булардан тышкары дагы бир топ бар. Мадумаров сыяктуу саясатчылар да өздөрүнө окшогон тайпаларды издеп таап, саясий боштукту толтурууга аракет кылып жатышат. Алар түндүк аймакта таасири болбогон түштүктөгү күчтөр жыйындысы болуп, популисттик билдирүүлөр менен чыга башташты. Алардын максаты, иштин жүрүшүнө карай, Кыргызстанды экиге бөлүп жиберүүнү пландаштырышы мүмкүн болгон тышкы күчтөргө өздөрүн сунуштоо же коомчулукта ушундай пикирди пайда кылуу менен, ички саясий топторду коркутуп, өздөрү менен эсептешүүгө мажбур кылуу. (Бир кезде Мелис Мырзакматов да кудум ушундай жол менен жүрүп, Ош шаарын монополия кылып алып, өкмөттү бир нече жылдар өзү менен эсептешүүгө мажбур кылган эле.)
Чыныгы оппозициялык күчтөр да бир нече багыттарда иш алып барууга аракет кылып жатышат. Алар да азырынча АКШ же Россия тарабынан анык бир сунушту күтүп турушат. Жээнбеков, Байсалов сыяктуу бир катар саясатчылар АКШпарас экендигин жашырбай жатышат. Бирок, алардын таасири азырынча күчтүү эмес. Себеби, алар батышчыл күчтөр, бийликке түстүү революция жолу менен гана келиши мүмкүн экендигин түшүнүп турушат.
Россия Атамбаевден бийликти тополоӊсуз конструктивдүү оппозицияга өткөрүп берүүнү талап кылууда. Себеби, орустарга Атамбаевдин өзү эмес, Кыргызстандагы бардык кызыкчылыктарынын коопсуздугу керек. Түстүү революция болсо, анын бардык кызыкчылыктарына, айрыкча, стратегиялык кызыкчылыктарына коркунуч туудурат.
Бирок, Атамбаев кечигип калды. Ал кырдаалды өзүм оӊдой аламын деп жатып, орустарды да кечиктирди. Азыркы абалда, тынчтык жолу менен бирер орусчул жетекчиге бийликти өткөрүп берүү дээрлик мүмкүн эмес. Бийликти бир гана оппозициялык күчтөрдүн бирине өткөрүп бере алат. Ошондуктан, орустар эми оппозициялык күчтөр менен тил бириктирүү аракетин күчөтүшөт. Мадумаров жана башка бардык саясатчылар кудум ушул нерсени т.а. өздөрүн базарга салуу менен, эл аралык саясатта таасири бар болгон үчүнчү күчтөрдөн кардар күтүп жатышат. Мына ушул абал, кризистик абал деп аталат.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…