БУУнун чыныгы жүзү ачылууда
БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын Халаб шаарындагы оор абалды талкуулоо үчүн шашылыш жыйын уюштурду. Жыйында сөзгө чыккан БУУнун башкы катчысынын гуманитардык алакалар боюнча жардамчысы жана өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору Стивен О’Бриен БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия кризисинин миллиондогон адамдар үстүндөгү кырсыктуу таасирин азайтуу, гуманитардык жардам жеткирип берүү жана адамдарды коргоо талаптарына көз жумуп келе жаткандыгын билдирди.
Сириянын Кунейтра регионунда БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү Асад аскерлери менен бирге жүргөндүгү жана бирге сүрөткө түшкөндүгү интернеттеги сайттарда таратылды. Сирияда тынчтык орнотуу дабаасы менен келген БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү Асаддын аскерлери менен жакын мамиледе экендигин сүрөттөрдөн билип алуу кыйын эмес. БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү менен Асад аскерлеринин бири-бирине болгон жылуу мамилеси жана сүрөткө чогуу түшүүсү БУУнун тынчтык орнотуучу кошуундарынын командачысы Том Карреманстын 1995-жылы Серебреница кыргынын ишке ашырган серб командачысы Ратко Младич менен чогуу сүрөткө түшкөнүн эске салат.
Туркистон:
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин согуштук абалдагы региондорго армия жөнөтүшү, өздөрү айтып жаткандай, адамзаттын, калктардын коопсуздугун сактоо жана ошол региондордо тынчтык орнотуу үчүн эмес, тескерисинче алар сызган сызык менен жүргөң жана алардын максат, кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып жаткан кимселердин жанында туруп, аларды колдоп-кубаттоо үчүн. Кудум ушундай абал Босния жана Герцеговинадагы Балкан согушунда даана көрүнгөн эле. Себеби, ошондо БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү курал-жарак жана согуштук жабдыктар менен сербдерге жардам бергендиги о.э. аларга мусулмандардын стратегиялык позицияларын кабарлап тургандыгы ашкере болуп калган эле.
Айрыкча, сербдер тарабынан аялдар жана жаш балдарды ажыратпастан, массалык түрдө ишке ашырылган Серебреница кыргыны БУУнун чыныгы жүзүн ачып берди. Ошондо БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү Серебреницаны “коопсуз аймак” деп жарыя кылып, ал жерге көпчүлүгү аялдар жана жаш балдардан турган он миӊдей мусулманды жайгаштыргандан кийин, шаарды сербдерге тапшырып чыгып кеткендиги фактылар менен тастыкталган. Ал тургай Гаага трибуналы да бир аптага созулган кыргынды массалык адам өлтүрүү катары тааныды, а бирок сербдерди жоопкерчиликке тартпастык тууралуу токтом чыгарды.
Шаарды сербдерге тапшырган БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн командачысы Том Карреманстын болсо бир аз убакыттан кийин даражасы көтөрүлгөн.
Мына ушундан кийин да тынчтык орнотууну БУУдан күтүп жаткандар жөнүндө эмне деп айтууга болот?
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…