Акталбаган үмүт

Акталбаган үмүт

Кыргызстан бийлиги элдин кызыкчылыгын эсепке албастан Россия башчылыгындагы ЕАЭБге кирип бара жатканда “Кыргызстан үчүн 170 миллион адамдык базар ачылышын жана инвестициялык чөйрө жакшырышын” тынымсыз кайталап, бул биримдик пайдалуу экендигине ишендирип келген эле. Эгерде мамлекет биримдикке мүчө болбосо күйүүчү-майлоочу майлар, айрыкча бензин жана солярка кымбаттап кетип, натыйжада башка товарлардын да баасы көтөрүлүп кетиши менен адамдарды коркуткан эле.

 Мына, Кыргызстан биримдикке мүчө болуп киргенине да эки жылдан ашты. Бул мезгилде өкмөт убада кылган базар да, инвестициялык климат да жакшырбады. Бензин жана дизелдик отундун баасы болсо мурункудан да көбүрөөк кымбаттады. Биримдикке мүчө мамлекеттер тарабынан болуп жаткан тоскоолдуктар себептүү буга чейин бир аз болсо да жакшы болгон соода алакалары начарлап кетти. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар ветеринардык жана санитардык көзөмөл деген шылтоо менен кошуна мамлекеттерге өткөрүлбөй койду. Мунун натыйжасында тышкы сооданын көлөмү азайып кетти.

 Бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2014-жылы Кыргызстан Казакстанга жалпы көлөмү 340 миллион доллардан көбүрөөк баадагы товар экспорт кылган болсо, биримдикке мүчө болгон 2015-жылы болгону 150 миллион доллардык гана товар саткан. Эки мамлекет ортосундагы жалпы сооданын көлөмү 2015-жылы 472 миллион долларды түзүп, бул көрсөткүч  2014-жылга салыштырмалуу эки эсеге төмөндөп кеткен. Россия менен болгон соода алакабыз да мактана турган абалда эмес. Биримдикке мүчө мамлекеттер ар түрдүү тоскоолдук жана көзөмөлдөрдү алып таштоого келишип алгандыгына карабастан, бул нерсе иш жүзүндө көрүнө элек.

 16-ноябрь күнү Москвада Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышкан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дагы бир ирет ушул маселени көтөрдү.

 “ЕАЭБге мүчө мамлекеттер үчүн бирдей болгон ветеринардык көзөмөл системасын кабыл алуу жана Кыргызстан-Казакстан чегарасындагы ветеринардык көзөмөлдү алып таштоо проблемасы бир жарым жылдан бери чечилбей жатат. Бул болсо, биздин биримдиктеги мүмкүнчүлүгүбүздү чектеп жатат”,- деди Жээнбеков.

 Проблема товарларды Кыргызстандан алып чыгууда эле эмес, ал тургай тышкарыдан келе жаткан товарларды алып кирүүдө да тоскоолдуктар болууда.

 Премьер-министрдин айтымында, учурда Казакстан чегарасында Кыргызстанга тийиштүү 244 контейнер жана 16 вагон эч кандай себепсиз кармалып турат.

Жээнбековдун билдиришинче, Кыргызстан ЕАЭБге кошулуу боюнча “жол картасында” белгиленген бардык милдеттенмелерди аткарып келүүдө.

 

turkistonkg

Recent Posts

Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат

Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар, өзгөчө Трамптын кескин саясий чечимдери…

7 hours ago

Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?!

Басма сөз баянаты Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?! Аллах Таала Рамазан…

12 hours ago

Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили

Басма сөз баянаты Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили…

12 hours ago

Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы

Басма сөз баянаты Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы Яхудийлердин жетекчилери менен кылмышкерлердин согушту, кыргынды…

12 hours ago

Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген чет элдик насыялар менен гана баалайт

Басма сөз баянаты Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген…

13 hours ago

«Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?!

Басма сөз баянаты «Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?! Кечээ, Рамазан айынын…

16 hours ago