Өзбекистан жана Кыргызстан чек арадагы 49 участка боюнча позицияларын келишип алышты

369
0

Өзбекистан жана Кыргызстан чек арадагы 49 участка боюнча позицияларын келишип алышты

 2016-жылдын 22-31-октябрь күндөрү Баткен жана Ош шаарларында Өзбекистан-Кыргызстан чек арасын делимитациялоо жана  демаркациялоо маселелери боюнча Өзбекистан Республикасы жана Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуулары болуп өттү. Өзбекистан Тышкы иштер министринин басма сөз кызматынын кабар беришинче, жолугушуулар учурунда чек ара сызыгынын 49 участкасы боюнча  текшерүүлөр өткөзүлдү жана позициялар келишип алынды.

“Кыргызстан менен Өзбекистан жетекчилеринин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү кандай маанайда өткөн болсо, 26-октябрдагы жолугушуу дагы ошондой маанайда өттү. Сүйлөшүү учурунда мамлекет жетекчилери Өзбекистан-Кыргызстан чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки мамлекеттин компетенттүү органдары биргеликте алып барып жаткан иштердин ийгиликтүү аякташына тараптар бирдей кызыкдар экендигин баса белгилешкен эле”, – деп айтылат Өзбекистан республикасынын ТИМ кабарында. Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Өзбекистанда болот.

Түркистон:

Өзбекистан Каримовдун өлүмүнөн кийин, ушуну эле күтүп тургандай, же мурдатан даярдап коюлганбы, айтор, тездик менен бир катар өзгөрүүлөргө кадам жасай баштады. Мирзиёев Өзбекстанды Орто Азия, Казакстан жана Россия базарларын чийки сырьё, азык-түлүк товарлары жана жеңил өнөр жай материалдары менен камсыздоочу өлкөгө айландырмакчы. Албетте, мындай улуу максаттарды ишке ашырыш үчүн чек ара мамилелерин чечип, экономикалык алакаларга болгон тоскоолдуктарды жок кылышы талап кылынат. Булардын эң чоңу чек аралардагы тосуктарды алып таштоо маселелери. Бул Россиянын долбоору болуп, аны ишке ашырууга ШКУ да ишке салынып жатат. Учурда Кыргызстанда ШКУ премьер-министрлеринин жыйналышы өтүүдө. Бул жыйын так ушул долбоор аткарылышы үчүн ташталып жаткан кезектеги кадам.

Негизи, бул долбоор Каримовдун өзүнө сунуш кылынган эле. Бирок мамлекетте исламга каршы зулумдар жүргүзүлүп жатканда, бүткүл исламий катмардын жек көрүүсү Каримовго каратылып калган эле. Каримов мусулмандардын терс мамилелеринен коркуп, экономикалык реформа кылууга чоң кадам таштай албаган.

Бирок Мирзиёевда азырынча бул долбоорду ишке ашырууга бир топ шарттар бар. Болгону, ал дагы мусулмандарга каршы алып барып жаткан зулумдарын дагы да күчөтүү жолунда кетип калбаса эле. Себеби, Өзбекстанга кошуна мамлекеттердин жарандарынын көпчүлүгү мусулмандардан турат. Демек, ал өз жарандарынын эле эмес, балким, бүткүл аймактагы мусулмандардын анын планына карата кыла турган мамилесин этибарга алышы керек. Чек араны жеңилдетиш менен, мусулмандар ортолорунда экономикалык мамилелер эле эмес, балким ижтимаий, сакофий жана саясий мамилелер өнүгөт. Ушун үчүн Мирзияедин алдында эки жол бар. Биринчиси, кошуна мамлекеттерге басым кылуу менен, аларды да өзүнө ылайыкташтырып, мусулмандарга каршы репрессия саясатына үндөө. Экинчиси, өз калкына экономикалык реформа жасап берүү менен бирге, мусулмандарга карата да жакшы мамилер кылуу менен оң алакалар орнотууга карай баруу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here