Франция долбоорлору!

426
0

Франция долбоорлору!

 Бу мамлекеттин өзүнөн мурункулар кыла албаган ишти кылышы – айрыкча Шамда – колунан келеби?

Шам козголоңу чынында мубарак козголоң. Ал Ислам Үммөтүнүн козголоңу, дүйнөдө биринчи мамлекет болгон АКШны алсыз кылып койгон козголоң. Акыры, анын президенти Обама 2016-жылы 4-августта Сирия козголоңу «чачтарымды агартты» деп жибербедиби. Бул мамлекеттин тышкы иштер министри Керри 2016-жылы 22-сентябрда Сирия козголоңу анын иштерин «жокко чыгарганын» айтты. Ушундай сөздү тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тонер да 2016-жылы 4-октябрда кайталап, Сирия козголоңу Америка пландарынын «жокко чыгышына, каарданышына» себеб болду деди. Ко-ош, эмнеге ушундай?! Мунун себеби, Шам козголоңунун урааны «Аллахтан башкасына эч качан чөгөлөбөйбүз» урааны болгондугунда, Аллах Тааланын Шамды Өз кепилдигине алганы жана ал жерге Өзүнүн тандалма пенделерин киргизгени.

Франция Американын алсыздыгын жана Сирия ишинде аны Европа менен кошуп четке сүрүп қойгонун көргөн соң, аракетке келди. Дароо 2016-жылы 5-октябрда өкмөттүн басма сөз катчысы Ле Фоль тилинен «Алеппо жана Сириядагы кырдаал боюнча чыгарган токтомун Коопсуздук Кеңешинде ортого таштарын» айтты. «Алепподо болуп жаткан иштерге нааразылыгын, аны кабыл кылбашын» билдирип, режимдин Россия самолёттору колдоосу астында кылып жаткан иштерин «чыдап түткүс чабуулдар» деп каралады. Франция ушул кризисти талкуулоо жана Алеппо боюнча өз долбоорун тыгыштыруу үчүн тышкы иштер министри Эйрону Москва жана Вашингтонго жөнөттү.

Көрүнүп тургандай, Франция Сирия ишинде өзүнүн четке сүрүп коюлганына нааразы, ошондуктан, бул ишке аралашуу үчүн түрдүү шылтоолорду издеп жатат. Франция Сирия ишине аралашуусун 2015-жылы 8-сентябрда баштады. Ошондо Сирияга чалгын самолётторун жиберди, кийин 2016-жылы 27-сентябрда «Исламий Мамлекет» уюмуна каршы күрөш шылтоосунда биринчи жолку аба чабуулдарын уюштурду. Ошого карабастан, Америка аны четке сүрүүгө жана Сирия темасын өзү менен Россия ортосунда чектөөгө аракет кылууда. Лекин Франция да багынып бере элек. Ал ыңгайлуу учурдан пайдаланып, бул жаатта өз колдору болушу үчүн ызы-чуу көтөрдү, дароо 2016-жылы 15-сентябрда тышкы иштер министри «Америкадан Сирияда ок атууну токтотууга боюнча Россия менен келишкен келишимин көрсөтүүнү» талап кылды.

Натыйжада, Франция Россияны да, Американы да ыңгайсыз абалга салып койду. Ошондо Россия өзүн Франция демилгесине кошулуп жаткандай көрсөтүп, аны алкыштады. Ошон үчүн, анын тышкы иштер министри Лавров 2016-жылы 6-октябрда франциялык коллегасы Эйро менен болгон маеги учурунда минтип айтты: «Биз президент Путиндин 19-октябрдагы Францияга боло турган визитине даярдык көрүп жатабыз. Бу визиттин зор мааниге ээ болушуна о.э. эки тараптын мамилелерин талкуулоо, ушуну менен бирге, саясий маселелер, айрыкча, Сирия жана Украина маселелерин талкуулоо үчүн ыңгайлуу учур болушуна ишенебиз. Москва Франциянын Коопсуздук Кеңешине сунуштаган Алепподогу кырдаал боюнча долбоорундагы пикирлерин талкуу кылууга даяр. Биз Сирияда болуп жаткан окуяларга кыжалаттабыз. Абалды мүмкүн болушунча тез арада нормалдаштыруу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз». Россия өзүн Франция демилгесине кошулуп жаткандай кылып көрсөтүп жаткан болсо да, бирок «аябай ташбиште» экени көрүнүп турат. Себеби, ал башы туюк көчөгө кирип калган, андан «мүмкүн болушунча тез убакыт ичинде» чыгууну каалайт. Ошон үчүн да президенти Путин Францияга бармакчы эле. Бирок Россия Коопсуздук Кеңешине Франция долбооруна кайчы түрдө өз долбоорун сунуштады, натыйжада, кеңеш бул ки долбоорду кароо үчүн 2016-жылы 8-октябрда чукул жыйын чакырды.

Франция сунуштаган долбоордо Алепподо ок атууну токтотууга, анын үстүндө самолёт учууларын токтотууга, курчоодогуларга жардамдар жеткирип берүүгө, келишим үчүн эларалык көзөмөл механизмин иштеп чыгууга о.э. саясий чечимди амалга ашырууга чакырылган. Негизи, Франция үчүн эң маанилүү иш – өзүндөгү улуулук жана ири держава катары каралышы каалоосун кандырыш жолунда өз салмагына ээ болуу. Россия үчүн болсо Украина маселеси көбүрөөк маанилүү. Сыягы, Путин Франциянын Сириядагы талаптарынан Украинага тиешелүү бирер нерсеге ээ болуу үчүн күзүр карта катары пайдаланууну каалап жаткан көрүнөт.

Россиянын Франция долбооруна кайчы долбоорду Коопсуздук Кеңешине сунуш кылганына келсек, бу Россиянын дагы деле Америка менен бирге аракет кылып жатканына жана аны менен Сирия маселесинде келишип алган планды улантууну каалап жатканына далалат кылат. Америка малайы де Мистура билдиргендей, козголоңчулар Алепподон чыгып кетишкен жок. Ушуну этибарга алып, Россия Алеппону буткүл калкы менен кырып жиберүү темасында Америка менен тил бириктирген. Франция болсун тигил экөөсүн тең бу темада ыңгайсыз абалга салып койду. Ушундан улам, Россия Франциядан өч алмакчы болду. Бу үчүн Россия Франция долбооруна каршы вето коюп, анын аткарылышын жокко чыгарды. Негизи, экөөсүнүн тең долбоорлору козголоңду жок кылуу жаатында бири-биринен айырмаланбайт. Россия долбоору да ийгиликсиздикке учурады. Өзү деле, Россия аны ийгиликке жетиши үчүн сунуш кылбаган, балким, Францияга каршы түрдө, Америка менен келишип алганындай, Алеппону бомбалоонуу токтопоо үчүн сунуш кылган. Ошентип, биз бардык күчтөрдүн козголоңду жок кылуу жаатында тилдери бир экенин, өз ара алышуулары болсо, ар бир тараптын өз кызыкчылыктары жана эларалык позициясын бекемдөө экенин көрүп турабыз.

Франция өзүнүн эларалык позициясын көтөрүү менен утуктарга жетүү максатында өзүнөн мурункулар кыла албаган ишти кыламын деп ойлоп жатат. Т.а. Ислам Үммөтүнүн козголоңун өчүрмөкчү болууда. Биз анын Коопсуздук Кеңешинде жана эларалык маселелерде кыймылга келип калганына, ушул аркылуу Европа позициясын да көтүүгө урунуп жатканына, Британиянын Европа биримдигинен чыгышы артынан Европа жеткчисине айланууну арзуу кылып жатканына күбө болуудабыз. Ал саясатын белгилеп алды: өзүнө гана ишенет, Европа колдоосунан үмүт кылат, Россия менен тил табышыпалат, АКШга болсо таасир өткөрүүгө урунат, муну анын иштерин атайлап бузуу, ага ташбиштер туудуруу аркылуу амалга ашырат, ушуну менен, Америка эларалык маселелерде, анын ичинде, Сирия маселелсинде да аны шерик кылсын. Чынында, Франция Европа колдоосуна жетишти, АКШ жана Россиянын режим менен биргеликте Алеппого сокку урууга тиешелүү тил бириктирүүлөрүнө Европа қаршы чыкты, Коопсуздук Кеңешинде Британия менен Испания Алеппонун бомбаланышына нааразылык билдиришти, Германия да мындай «үрөй учурган кылмышты» токтотууга чакырды.

Франция Иракта да аракетке келип калды. Анын коргоо министри Ле Дриан билдирүү берип, Франциянын Мосул согушунан мурун «Исламий Мамлекет» уюмуна каршы согушууга жана аны түп-тамырынан жоготууга токтом кылганын баса белгиледи. Ал Ирак маселесине өзүн зордоп тыгыштырууну жана ага Американын жеке кожоюн болушуна жол бербөөнү каалап жатат. Маселен, ал АКШнын 2003-жылдагы согушуна каршы чыккан эле жана азырга чейин аны ушул маселеде сындап келет. Франция президенти Олланд 2016-жылы 12-сентябрда «АКШнын 11-сентябрь чабуулдарына карата билдирип жаткан реакциясы жана Иракка аскерий аралашуусу – терроризмди жоготуу жана башаламандык көбөйүшүнө жол бербестик ордуна – терроризм коркунучу көбөйүшүнө себепчи болду» деп билдирүү жасады.

Бу мамлекеттин Ливия маселесине да аралашууга жана анда өз таасирине ээ болууга аракет кылып жатат. Ал Ливияда ар түрдүү рол ойноодо: бир тараптан Хафтарды колдоп-кубаттоодо, ал аркылуу АКШны ыраазы кылмакчы; экинчи тараптан британияпарас Саррож өкмөтүн колдоп-кубаттап жатат.

Чындыгында, Франция да кылмышкерликте Америка, Россия жана Британиядан эч бир калышпайт. Алжирдеги колонизаторлук доорунда, Малиде, жакында Борбордук Марказий Африкада, кыскасы, өзү мурдун тыккан бардык жерде ушундай кылып келген. Анын колдору бүткүл кара тарыхы доорунда кага баткан. Алеппо маселесинде да ал жердеги кылмыштарга каршы чыгып жаткан жери жок. Ошондуктан, башка колонизатор мамлекеттерге жана алардын долбоорлоруна таянып болбогондой, бу мамлекетке жана анын долбооруна таптакыр таянып болбойт. Бу мамлекеттердин ортосундагы айырма эң эле жөнөкөй: ар кимиси өз кызыкчылыктарын ойлойт, эларалык таасирге ээ болуу жана улуулук каалоосун кандыруу үчүн өзүн зордоп тыгыштырат.

Ошондуктан, Шам калкы да, бүткүл регион калкы да мындай колонизатор мамлекеттерге, алардын малайларына бир да нерседе таянышпасын. Себеби, алардын ар бири карасанатай, ашынган карөзгөй. Шам калкы өздөрүнө, Үммөтүнө, айрыкча, Үммөтү арасындагы калыс кишилерге таянышсын, андайлар арабызда абдан көп. Аллахтан жардам сурап, сабит турушсун, анткени, алардын душмандары да кыйналып жатат, башы бек көчодөн чыгышмакчы болууда, бирок, өздөрү багынбай туруп силерди багындырыш үчүн силерге басымдарын күчөтүп жатышат, лекин максаттары таш каап жатат.

Силер “багынуу да жок, сүйлөшүулөр да жок, тээ канкор режим оодарылып, Ислам башкаруусу орнотулмайынча козголоң гана бар” деп айткыла.

 تَهِنُواْ فِي ابْتِغَاء الْقَوْمِ إِن تَكُونُواْ تَأْلَمُونَ فَإِنَّهُمْ يَأْلَمُونَ كَمَا تَأْلَمونَ وَتَرْجُونَ مِنَ اللّهِ مَا لاَ يَرْجُونَ وَكَانَ اللّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا

«Силер бу кафир коумду куушта суздук кылбагыла, эгер кыйналып жаткан болсоңор, алар да силер кыйналгандай кыйналып жатышат,(ушуну менен бирге)силер Аллах тарабынан боло турган алар үмүт кылбаган нерсени үмүт кылып жатасыңар го. Аллах билим жана хикмат ээси болгон зат»  [Ниса 104]

 Асъад Мансур

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here