Эрдоган: Ислам эмнени буйруса, ошону аткарабыз
Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган жергиликтүү кеңештин 28-жыйынында сөз сүйлөп, Ирактын Масул шаарына кылынып жаткан аскердик операциясына токтолду. Эрдоган Масулда мазхабдар аралык зордукчулдук ыктымалы бар экендиги туурасында сүйлөп, Түркия буга жол койбостугун жана Ислам эмнени буйруса ошону аткарышын айтты.
“Биз Сирияда кандай аракет кылган болсок, Масул шаарында да ушундай таризде аракет кылышка чечим кылдык. Масулду бир мазхабдын түшүнүгүнө таштап койбойбуз. Шиалар биздин душманыбыз эмес. Мазхабпарасттыкка каршыбыз, Сунний жана шиа дин эмес, биз үчүн бир гана Ислам маанилүү. Ислам эмнени буйруса, ошону кылабыз”, деди Эрдоган.
Туркистон:
Маалым болгондой, Америка башчылыгындагы Эл аралык коалиция Ирактын Масул шаарында аскердик иштерин баштады. Мындан көздөлгөн максат Масулда кандуу баскынчылык иштерин ишке ашыруу жана Ирактын демографиялык түзүлүшүн өзгөртүү.
ИШИМди кууп чыгаруу шылтоосу менен уюштурулуп жаткан аскердик иштер АКШ түзгөн план боюнча алып барылууда. Масулдагы аскердик иш-чаралар АКШ көзөмөлү астында жүргүзүлүп жаткандыгын АКШ жоопкерлеринин өздөрү да тынбай айтып жатышат.
Американын Жакынкы Чыгыштагы аскердик иштерин жүргүзүп жаткан “CENTCOM” (АКШ борбордук куралдуу күчтөрү)нүн командири генерал Жозеф Вотел бул туурасында маалымат берди. Вотелдин айтышынча Масулдун ИШИМден тартып алыш иши АКШнын каалосуна ылайык алдыга сүрүлүүдө. Ал бул туурасында Америка өнүгүү борборунда аймактагы стратегиясына байланышкан жыйында сүйлөгөн сөзүндө айтты.
О.э, Вотел азырынча ИШИМге каршы согуш кылышта Түркиянын салымы чоң экендигин да айтып өттү.
“НАТОдогу союздашыбыз болгон Түркия бул кампаниябыз үчүн абдан маанилүү орунду ээлейт. Түркиянын колдоп-кубаттоосу болбогондо, бүгүнкү күнгө чеин Сирияда кылган иштерибизди да ишке ашыра албайт болчук. Түркиянын аскердик базалары (Инжирлик сыяктуу) жана башка жардамдары биздин иштерибиз үчүн абдан чоң мааниге ээ”, деди Вотел.
Көрүнүп тургандай, Сирияга кирүү болсун же Масул операциясына катышуу болсун, Исламдын буйругуна эмес, АКШнын талабына моюн сунуу жана анын баскынчылыгына шерик болуу болуп жатат. Эрдоган Масулга кирүү менен Аллахтын ыраазылыгын эмес, балким АКШнын ыраазылыгын каалодо.
Американын кызыкчылыктары үчүн мусулмандардын жаздыгын күйгүзө турган жана жүз миңдеген мусулмандарды өз мамлекеттерин таштап сарсан болушуна себеп боло турган согушка кирүү Исламдын буйругубу?! Эгер Эрдоган исламдын буйругуна моюн суна турган болсо, Россия самалеттору Халабды бомбалаганда, муслима аялдар жана жаш балдарды канга бөлөп жатканда ал Россияя президенти Владимир Путин менен ооз-мурун өбүшүп отурат беле? Же Эрдоган үчүн Исламдын буйругу ушулбу?
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу27-декабрда башталат Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу 20-декабрда президент…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…