Лозанна келишими жеңишпи же жеңилүүбү?

Лозанна келишими жеңишпи же жеңилүүбү?

15-июлда Түркияда болгон мамлекеттик төңкөрүштөн        кийин Президенттик сарайда райондук жана айылдык кеңештин өкүлдөрү алгачкы жыйын өткөрдү. Жыйында сөз сүйлөгөн Режеп Тайип Эрдоган 1923-жылда кол коюлган Лозанна келишими жеңиш деп айтылышына каршы чыкты.

“5-июль  Түрк калкынын экинчи азаттык үчүн кылган күрөшү. (1919-жылда башталып 1923-жылда Лозанна келишими менен аяктаган согуш Түркияда биринчи азаттык күрөшү катарында айтылат). Тарыхта бизге карата кандай иштер кылынды?! 1923-жылда бизди Лозанна келишимине көндүрүштү. Айрым адамдар бизге Лозанна келишими жеңиш деп “көндүрү”үгө аракет кылышты. Баардыгы белгилүү. Эгей деңизин көрүп турасыз. Кыйкырсак угула тургандай аралыктагы аралдарыбызды Лозанна келишимине ылайык Грецияга бердик, ушул жеңишби? Ал жерлер бизге караштуу жерлер болчу. Ал жерлерде биздин мечиттерибиз, ибадатканаларыбыз бар. Азыр болсо биз деңиз жана аба майданыбыз кайсыл жерге чеин экендигин аныктоо менен убарабыз. Буга ошол келишимге кол койгондор себепкер”, деди.

Бирок Эрдоган мындан эки ай мурун, т.а, үстүбүздөгү жылдын 24-июль күнү Лозанна тынчтык келишими түзүлгөнүнүн 93 жылдыгында сүйлөп, келишимди мактап, түрк улутунун ыйман, эрдик жана курбандык менен жетишкен жеңиши деп баалаган эле.

“Бүгүн мамлекетибиздин тикеленишинин белгиси болгон Лозанна тынчтык келишиминин 93 жылдыгын белгилөөдөбүз. Азиз улутубуз ыйман, эрдик жана курбандык менен жетишкен жеңиш, Лозанна келишими аркылуу дипломатия жана эл аралык укук майданына кирип барды. Ушул келишим жаңы курулган мамлекетибизди негиздөөчү документтерден. Лозанна тынчтык келишиминин 93 жылдыгы менен мамлекетибиздин негиздөөчүсү болгон Мустафа Кемал Ататүрк башчылыгындагы бардык мамлекет адамдарын урмат-сый менен эске аламын”, деген эле Эрдоган, ушул жылдын 24-июль күнү берген баянатында.

Туркистон:

Халифалык кулатылып, анын ордун Түркия мамлекети ээлеп, 1924-миладий жылда «Лозанна келишими» түзүлдү жана бул келишим боюнча Түркиянын географиялык чек аралары, о.э, азыркы саясий чөйрөсү беглилеп берилди.  Колонизатор мамлекеттер Лозанна келишими боюнча Осмон мамлекети жерлерин улутчулдук, мекенчилдик, мазхабпарасттык негизинде бөлүп ташташты. Алардын максаты Исламий мамлекеттер үстүнөн өкүмдарлык орнотуу жана бул мамлекеттердин бутка тура албай алсыз абалда калышын алдын алуусу эле. Колонизаторлор ушундай таризде Исламий Осмон мамлекетин бүтүндөй жок кылышты.

Атататүрк Англиянын, Европанын талаптарын аткаргандыгы ордуна алар да Лозанна келишимине ылайык Түркиянын көз карандысыздыгын тан алышты. Британия тышкы иштер министри Карзон Лозанна келишиминен кийин Британия парламентинин жогорку палатасы алдында «Түркия жок кылынды, ал эми эч качан бутка тура албайт, анткени биз анын моралдык күчүн – б.а Ислам жана Халифалыгын жок кылдык», деген эле.

Ошентип, Мустафа Кемал Швейцарияда болуп өткөн Лозанна конференциясында Түркиянын көз карандысыздыгын тан алуу үчүн койгон төрт шартын аткарды. Алар төмөндөгүлөр эле:

  1. Халифалыкты бүтүндөй жок кылуу.
  2. Халифти мамлекеттен чыгарып жиберүү.
  3. Халифтин мал-мүлкүн конфискация кылуу.
  4. Туркиянын илманийлигин жарыя кылуу.

Ушу менен Халифалык кулап, жок болду. Натыйжада мусулмандар оор кыйынчылыктар алдында калды. Алардын башына тынымсыз балээлер жаай баштады. Бүгүнкү күнгө келип мусулмандар кандай акыбалга түшүп калганына өз көзүбүз менен күбө болуп турабыз.

Түркия президентинин баянатына келсек, ал Лозанна келишимин “жеңиш эмес”, деп туура айтты. Бирок ал айтып жаткан бир-эки аралды Грециядан кайтарып алуу менен эч нерсе өзгөрүлбөйт. Себеби Халифалык кулатылышы менен биз бир-эки аралды эмес, балким бүткүл мамлекетибизди жоготкон элек. Демек ошол Лозанна келишими аркылуу кулатылган Халифалык мамлекети тикеленгенге чеин, мусулмандар бүгүнкү кордуктардан эч кутула алышпайт.

turkistonkg

Recent Posts

Батыш “эркиндиги” аялдарды коргойбу же кордойбу?

Батыш “эркиндиги” аялдарды коргойбу же кордойбу?          Бүгүн, 8-мартта түрдүү өлкөлөрдө Батыш таңуулаган аялдар күнү белгиленип…

14 seconds ago

Бакара сүрөөсү

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бакара сүрөөсү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

23 hours ago

Ислам гана аялды коргойт жана анын укуктарын камсыз кылат

Ислам гана аялды коргойт жана анын укуктарын камсыз кылат Мусулман өлкөлөрүндөгү учурдагы башкаруу системалары канчалык…

23 hours ago

Америка башкаруучуларыбыз саткындык кылбаганда Ислам жерлерине үстөмдүк кылмак эмес

Америка башкаруучуларыбыз саткындык кылбаганда Ислам жерлерине үстөмдүк кылмак эмес Америка дүйнө үстүндөгү империалисттик үсөмдүгүн улантып…

23 hours ago

Америка терроризми, кош стандарттар жана үммөт үчүн шаръий чечим

Америка терроризми, кош стандарттар жана үммөт үчүн шаръий чечим Америка Кошмо Штаттары геноцид, кулчулук жана…

23 hours ago

Яхудий баскынчылары жазасыз калгандыктан зулумдугун күчөтүүдө

Яхудий баскынчылары жазасыз калгандыктан зулумдугун күчөтүүдө Яхудий түзүмү жекшемби күнү «Тахрир аш-Шам» тобу же башка…

23 hours ago