ПИКИРЛӨӨГӨ ЖАНА ТАЛКУЛООГО ЭМНЕ ҮЧҮН ТЫЮУ САЛЫНАТ

368
0

Бисмиллахир рохманир рохим

 ПИКИРЛӨӨГӨ ЖАНА ТАЛКУЛООГО ЭМНЕ ҮЧҮН ТЫЮУ САЛЫНАТ

Адам ар бир вакыйлыкка карата кыла турган мамилесин ушул вакыйлыкка тиешелүү пикирге т.а аны кандай түшүнүүсүнө карап белгилейт. Эл пикирлей баштаса, аларды колонизатор кафирлердин максатына карап башкаруу оор ишке айланат. Ошон үчүн элдин пикирлөөсүнө маани берип көңүл буруп жаткандарга куфр катуу каршылык кылат. Террорист, экстремист же эл душманы сыяктуу атамалар менен атап, куугун кылуу, камоо, жада калса өлтүрүп жиберүүсүн малайларынан талап кылат. Мындагы негизги максат пикирлүү адамдарды калктан үзүү, четтетүү, калкты карапайым деңгээлде кармап туруу жана жеңил башкаруу мүмкүнчүлүгүн жаратуу.

Конститутцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү иши алып барылууда. Бул кандай өзгөртүү, биздин келечегибизге кандай таасири бар?- булар талкууга коюлбады. Негизи конститутция жашообузду тартипке салуучу баш мыйзам эсептелсе да жана бул мыйзамдын ар бир бөлүгү биздин жашообузда негизги милдетти аткарса да, бул туурасында пикир жүргүзүүгө, талкуу кылууга чек коюлууда. Анткени талкулоо натыйжасында акыйкаттар ачыкка чыгат. Жашыруун тил бириктирүүлөр ашкере болот. Бул болсо бизге өкүмдар болуусун улантууну каалаган куфрга жакпайт. Ошон үчүн бир гана аткаруу талап кылынат, анда да өз максаттарына ылайык келе турган жерлерине гана көңүл бурушат.

Бизди мындай акыбалга компартия башчылыгындагы “Россияя кызыкчылыгына негизделген саясат” адаттандырган. Качанга чеин биздин маселелерибизди башкалар чечет? Биз өзүбүздүн иштер туурасында эле эмес, балким дүйнөдө болуп жаткан саясий абал туурасында өз мамилебизди, жок дегенде башкалар кылып жаткан иштер туурасындагы пикирибизди белгилөө о.э мамлекеттин бардык жеринде пикир билдирүүбүз, талкуу кылышбыз мүмкүн эмеспи? Т.а мындай иштерди англичандар, француздар, немистер же орустар кылып, а биз болсо кара иштерге гана жаралганбызбы? Эмнеге башка мамлекеттерде “кулдук”ту жеңилдетүү, тилемчилик жөнүндө гана пикир жүргүзөбүз?  Же жогорку окуу жайларын бүткөн миллиондогон адамдардын бул туурасында пикир жүргүзүүгө акылдары жетпейби?! Жок дегенде ушундай атаандаштыкта, алгач Орто Азияга, андан соң Түркия, Иран же араб мамлекеттерине өрнөк болбойбуз. Эмне биз жакшы иштерди баштап бере албай турган калкпызбы?

  Калк эң кымбат-баалу булак, анын тереңинде биз билбеген абдан көп жөндөмдүү, талантуу адамдар бар. Бейпайда көрсөтүүлөрдүн ордуна жаштайынан зирек аалымдарды чыгара турган, дүйнө саясатына таасир өткөрө ала турган жөндөмдүү жетекчилер, ойлоп-табуучулар чыгышы үчүн теле-эфирлерде, басмада, коомдук жайларда о.э окуу жайларында ар кандай темадагы талкууларды жолго койсо болбойбу?… мындай иштерди да башка калктардан бир өкүл келип, баштап бериши керекпи?

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here