Путин Самаркандга келди

Россия президенти Владимир Путин 6-сентябрь күнү Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду эскерүү үчүн Самаркандда болду. О.э. ал сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Анын билдиришинче,  өзбек калкы жана республика жетекчилиги өздөрүн Россиянын эң ишенимдүү досу катары эсептеши мүмкүн.

  Ал Ислам Каримов баштаган иштер уланышын каалай тургандыгын айтып өттү.

Путин: “Биз ушул кызматташтыктагы иштер дагы да өнүгүүсү үчүн колдон келишинче аракет кылабыз. Өзбек калкын, Өзбекстан жетекчилигин колдоп-кубаттайбыз. Бул жаатта бизге эң ишенимдүү доско ишенгендей ишенсеңер болот”,- деди.

Путин Өзбекстан-Россия алакасы стратегиялык шериктик негизине курулгандыгын баса белгилеген.

 Путин: “Биз ар дайым бул алакаларды кадырлап келгенбиз”,- деди.

Туркистон:

Каримов өлгөндөн кийин пайда болгон саясий боштукту толтуруу аракетин күндөн-күнгө күчөтүп барууда. Россия Каримов пайда кылган режимди сактап калуу жана бийликке келүүчү жаңы жетекчини өз каалоосуна моюн сунудуруу аракетин баштады.

 Россия Өзбекстанда Каримов режими сакталып калышынын тарапкери. Ал керек болсо, Өзбекстан дагы да катуу колдук менен башкарылышын каалайт. Ошол себептен да Россия жаңы келе турган өзбек бийлиги менен мүмкүн болушунча жакындашууга аракет кылууда. Каримов өлгөндөн кийин Россия өкмөтү Путинге Өзбекстан менен аскерий -техникалык кызматташтык туурасындагы келишимге кол коюу сунушун киргизди.

Путиндин Самаркандга болгон сапарын Каримовду “эскерүү” менен бирге анын жаңы мураскору ким болушуна ишара жана Каримов режимин улантуу үчүн “ак бата” катары кабыл алууга болот. Өзбекстан конституциясына ылайык, Өзбекстанды убактылуу сенаттын төрагасы Нигматулла Йулдашев башкарышы  белгилеп коюлгандыгына карабастан, Путинди премьер-министр Шавкат Мирзиёев күтүп алышы жана Каримовдун күмбөзүнүн үстүндө маектешүүсү кийинки президент ким болушу мүмкүн деген суроолорго жооп болушу мүмкүн.

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago