Кытайдын Бишкектеги элчиканасында жардыруу болду, Өкмөт бул ишке кандай жандашар болду экен?

Кытайдын Бишкектеги элчиканасында жардыруу болду, Өкмөт бул ишке кандай жандашар болду экен?

30-август күнү Кыргызстандагы Кытай элчиканасында жардыруу болду. Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, бир адам машина менен Кытай элчиканасына кирип барып өзүн-өзү жардырып жиберген. Алардын билдиришинче, өзүн-өзү жардырган айдоочу уйгур улутундагы мусулман имиш. Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кыргызстандан кытай жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүшүн талап кылды.

Кытай элчиканасын жардырган адам уйгур же башка бир мусулман болсо, ал эмне үчүн ушул Кытай  өкмөтүнүн өкүлдөрүн өлтүрүүнү ыктыяр кылды? Балким буга Кытайдагы коммунист өкмөттүн мусулмандарга каршы жүргүзүп  жаткан репрессивдик аракеттери себеп болуп жаткандыр? Акыры бул кудайсыз өкмөт мусулман уйгурларга, ал тургай, рамазан орозосун кармоого да тыюу салышты. Куран окууну кылмыш деп, сакал койгон же хижаб кийген муслима жана мусулмандарды камакка алып жазалап жатат. Жүз миңдеген мусулман уйгурлар мекенин таштап, чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө мажбур болушту. Муслима аялдар камалып, намыстары тебеленип жатат.

Ушул орунда бир суроо пайда болот. Балким өзүн-өзү жардырган адам чындап эле уйгур улутундагы Кытайдын жараны болуп, ошол өлкөдө катуу кордук көргөндөрдүн бири болсочу?! Коммунисттер тарабынан жүрүп жаткан зулумдарды көрүп, тууган-уругу, аялы же жакындарынын кордолуп жатканына чыдабай калган мусулман болсочу!? Биз, дүйнө мусулмандары аларга жардам бере албай жатабыз. Эми аларды биз да акаарат кылабызбы?! Бул нерсе куфр дүйнөсүнүн эки стандарттуу көз карашы бизге да таасирин тийгизип жатканы эмеспи!? Акыры уйгурлар да бизге окшогон үчүнчү дүйнө өкүлдөрү го! Кудум эле биз сыяктуу,дүйнөдө алардын да  куну өтө арзан болуп жатат! Эмне үчүн биз коммунист Кытай өкмөтүнө“бул иштерге силердин залимдигиңер себеп болууда” деп айта албайбыз?!

Кытай өкмөтү кыргыз өкмөтүнөн Чыгыш Түркстандык жарандар жана жамааттарды акаараттоону талап кылат. Кытай коммунисттери ички мусулмандарга жана исламий аракеттерге катуу сокку берип келет. Эми ал тышкы исламий же улуттук аракеттерге жана мусулман адамдарга каршы кыргыз өкмөтүнүн колу менен иш баштаганы жатат.

Бул окуядан кийин Кытай Кыргызстанга басым өткөрө баштайт. РИА Новости маалымат агенттиги 31-авгутта “Бул жардыруудан кийин Кытай Кыргызстан менен антитеррор маселесинде кызматташа баштайт” деген маалыматты таратты. Демек, бул жардыруу иши Кытай менен макулдашылган. Кытайдын максаты, региондо Каримовдун өлүмүнөн кийин күтүлүп жаткан детабилизация жүз берсе Кытайдын атаандаштары бул жерде Кытайга каршы тиш кайрап жүргөн мусулмандарды жана уйгурлардын исламий уюмдарын колдоп жиберишинин алдын алуу. Ошону менен бир катарда, Кытайга каршы ар кандай жамааттарды пайда кылуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга аракет кылып көрөт. Т.а. Кыргызстан өкмөтүндө уйгурларга каршы жасалма мухит пайда кылууга аракет кылат. Кыргыз бийлиги болсо, учурдан пайдаланып, “террорго каршы күрөш” шылтоосунда оппозициялык маанайдагы бардык күчтөрдү, ошону менен бирге кыргыз элинин да нааразылык билдирүү укугун бир аз чектеп алууга аракет кылат.

АКШ элчилиг да Кыргызстандагы жарандарын көчөгө чыкпай турууга чакыра баштады. Бул болсо, АКШ өкүлдөрү Түркиядагы жардыруу иштерин эки күн мурда билип, Түркиядагы жарандарын андан эскерткендигине окшоп жатат. Эл аралык саясаттын бул иштерден эмне максатты көздөп жатканын түшүнүү кыйын болуп барууда. Алар Кыргызстанда “ИШИМ” сыяктуу дагы бир жасалма коркунуч пайда кылууну көздөп жатышты бекен? Же бул жардыруу иштерин улантуу менен Өзбекстанда Каримовдон калган режим өкүлдөрүн тизгиндеп алуу үчүн коркунуч пайда кылып жатышабы? Себеби, бул жардыруу иштерин аткаруучуларга бул регионго коридор ачып берүү да АКШнын ыктыярындагы иш.  Себеби, Түркияны Сирия үчүн коридор кылып берген да АКШ болгон.

Жыйынтыктап айтканда, чоң мамлекеттер Каримовдун саясаттан кетишинен жана анын натыйжаларынан тынчсызданып жатышат. Кыргызстан болсо, алар үчүн каалаган иштерин кылуучу тажрыйба майданына айланып барууда. Кыргыз бийлиги кырдаалды көзөмөлдөп тургандай болуп көрүнүү максатында көптөгөн каталарды кетирет. Өкмөт кырдаалга таасир өткөрө албастыгын билип, абалдан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып алуу максатында андан да чоң каталарды кетирет. Максаты болсо, оппонент күчтөрдү саясий майдандан четтетип жиберүү.

Кырдаал изден чыгып кетпесин үчүн исламий күчтөргө кайрылабыз. Себеби, кайсы тарап биздин өлкөгө таасирин өткөрмөкчү болсо, алар Ислам жана мусулмандар менен эсептешүүсү керек болот. Азыр куфр системасы айла-амалдары менен кирип келүүгө аракет кылп жатат. Алардын ар бири өздөрүнүн кызыкчылыгы жолунда биздин исламий туйгуларыбыздан пайдаланмакчы болушат.

Эй боордоштор, Ислам жана ыйман бизге берилген  Аллахтын аманаты. Аны туура пайдаланалы. Антпесек колонизатор мамлекеттер бизди бөлүп-жарып, ар бири өз максаттары жолунда бизден курал катары пайдаланышат. Муну биз Афганистан, Сирия, Ирак, Ливия, Мисир жана башка бир нече мамлекеттерде көрүп жатабыз. Т.а. мусулмандар алгач куфрга каршы багытталып, курал-жарак жана башка мүмкүнчүлүктөр берилет. Андан соң булардын бардыгы токтотулуп, бир катар талаптар коюла баштайт. Мусулмандарды бири-бирине каршы күрөшүүгө мажбур кылышат. Антпесе, курчоого алынып, өтө оор абалга дуушар кылынышат.Мындай абалга Сирияда бир нече жолу күбө болдук.

Эй Кыргызстан мусулмандары!  Биз үчүн бир катар сыноолор келиши мүмкүн болуп турат. Т.а. мусулман дегенде бийликти жана кыргыз элитасын да назарда тутсак, өтө күчтүү сыноолор келгени турат. Бизди биримдик жана ыйманга негизделген исламий мухиттин кубаты гана сактап калат. Биз жогорудагы сыяктуу куфр атайылап уюштуруп жаткан жардыруу иштерине алданбашыбыз керек. Исламий кызыкчылыкты көздөгөн мусулман бул сыяктуу иштерди кылышы мүмкүн эмес. Аны ким кылышына карабастан, куфрдун кызыкчылыгы үчүн жана мусулмандарды бөлүп-жарып, бири-бирине каршы багыттоо максатында ишке ашырат. Биз “мусулмандар бул сыяктуу иштерди кылбайт” дебейбиз. Себеби, мусулмандар ал тургай зынадан көчөлөрдө төрөп, баласын таштандыга таштап кетип жатканына да күбө болуп жатабыз. Мусулман жардыруу уюштуруп, адамдарды өлтүрүшү да мүмкүн. Бирок, биз мусулманга эмес, Исламга ыйман келтиргенбиз. Ислам болсо арам иштерди кылууга тыюу салат. Демек, биз ар бир мусулмандын же исламий аталыштагы жамааттын иш-аракетине жооп бере албайбыз. Кафирлер бизди өздөрү ойлоп тапкан ар түрдүү атамалар менен атап, өздөрү уюштуруп жаткан кылмыштарда биздин баарыбызды айыптап жатышат. Бир мусулмандын иш-аракетин баарыбызга далил кылып, ал тургай жаш балдардан бери кырып жатышат. Эй боордоштор, куфрдун кызыкчылыгыни көтөрүп келе жаткан мусулманмын деген адамдардан да этият бололу. Ассаламу алайкум.

Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago