Өзбекстан президенти ооруканага жаткырылган

Өзбекстан президенти ооруканага жаткырылган

“Азаттык радиосу” кабар беришинче, Өзбекстан президенти И. Каримов стационардык дарылануу максатында ооруканага жаткырылган

Мындан тышкары, социалдык тармактар жана бир катар сайттардагы Каримовдун абалы туурасындагы маалыматтар карапайым жарандарды таң калтыра баштады. Лола Каримованын 29-августта интернетте жарыя кылынган билдирүүсү бул шектүү маалыматарга айкындык киргизди. Ал чындап эле атасы оор абалда реанимация бөлүмүндө жатканын айтып, “дуба кылып тургула, биздин үй-бүлө оор абалда калды” деген мааниде кайрылды.

Каримов да адам. Ал да албетте бир күнү дүйнөдөн өтөт. Лола Каримованын сөздөрү жана башка маалымат каражаттарынын кабарлары чын болсо, Каримов жок эле дегенде саясий өлүк абалда. Ал инсульт абалында. Бул болсо, анын мээ системасы изден чыккандыгын билдирип, ал азыр мамлекеттик иштерди башкара албастыгын түшүндүрөт.

Баарыбызды тынчсыздандырып жаткан нерсе, Каримовдун бузук жашоосу же өлүмү эмес. Тескерисинче, Өзбекстандын келечеги, жарандардын күтүлүп жаткан абалы, Каримовдун режиминдеги саясатчылардын өз ара мамилеси жана ушундан келип чыгышы мүмкүн болгон натыйжалар, эл аралык саясаттагы жетекчи мамлекеттердин бул саясий абалга мамилеси жана таасирлери… жана башка күтүлүп  жаткан иштердин кайсы тарапка карай кетиши кызыктырууда.

Каримовдун режими да дүйнөдөгү бардык диктатор же авторитардык режимдер сыяктуу эле, мамлекеттеги жетекчи топтун колдоосу менен өкүм сүрүп келет. Ал тургай, Ленин же Сталин сыяктуу улуу диктаторлор да жетекчи топтун кубатына таянышкан о.э. керексиз болуп калган учурда ошол топ тарабынан жок кылынышкан.

Өзбекстандын жетекчи тобу да, башкалар сыяктуу эле бир нече лидерлерден жана топтордон (кландардан) турат. Бул болсо, Өзбекстанда алардын ар биринин кызыкчылыктары жана саясий таасир күчтөрү бар экендигин билдирет. Каримовдун негизги милдети ушул топтордун ортосундагы тең салмактуулукту кармап туруу болчу.

Каримовдун саясий майдандан четтетилиши, бул топторго кошумча саясий мүмкүнчүлүктөргө жана материалдык кызыкчылыктарга ээ болуу үчүн жаңы-жаңы шарттарды түзөт. Алардын кызыкчылыктары балансын кармап тура алуучу Каримовдун мураскору т.а. жаңы лидер көрүнбөй жатат. Бул болсо, өтө кооптуу абал пайда болушу мүмкүн деген күмөндү кубаттоочу абал. Т.а. кландардын кызыкчылыктары балансы изден чыгып кетиши мүмкүн. Мындан тышкары, Каримовго караштуу саясий, экономикалык кызыкчылыктар талап-тонолуп жаткан учурда бул топтун аракеттери изден чыгып кетиши мүмкүн.

Бул проблеманын экинчи тарабы да бар. Ал болсо, эл аралык саясаттын Өзбекстандын ички иштерине аралашуусу жана таасир өткөрүүсү. Т.а. тышкы жетекчи мамлекеттер жана уюмдар Өзбекстандагы саясий кырдаалга кайдыгер калышы мүмкүн эмес. Алар албетте бул жараянга таасир өткөрүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн ишке салышат. Бирок, алардын ар биринин максат жана кызыкчылыктары бар болуп, кээ бир кызыкчылыктары бири-бирине бүтүндөй тескери келет. Бул абал да Өзбекстан үчүн кошумча проблемаларды пайда кылышы анык.

Эл аралык саясатта жетекчи мамлекет болуп турган АКШ Сирия маселесинде тунгуюкка кептелип барууда. АКШ ал жерде идеологиялык жактан жеңилди. Мусулмандардын идеологиялык жеңиши болсо, маалымат каражаттарында маалыматтык чабуулдарды уюштуруп, пикирий жана саясий күрөш менен ишке ашууда. АКШ бир нече мамлекеттер менен биригип, Сирияга бастырып кирүүнү пландаштырууда. Куфр дүйнөсү, ал тургай дүйнө мусулмандары пикирий  жактан биригип кетишинен да коркот. Ошондуктан, эл аралык куфр системасы Өзбекстандагы азыркы абалдан пайдаланып калууга аракет кылышы мүмкүн.

Т.а. Өзбекстандагы абалдан пайдаланып, кландар аралык согушту өз абалына таштап коёт. Балким бул күрөштү күчөтүп жибериши да мүмкүн. Бирок, кландар бири-бири менен көпкө согуша албайт. Бул согуш тез арада жарандар, улуттар жана бир нече тараптарга бөлүнүп кетиши мүмкүн. Тышкарыга качып кеткен светтик оппозиционерлер тобу да кирип келишип, алар да олжону бөлүштүрүүгө аралаша баштайт.

Бул нерсе албетте болжолдуу долбоорлор. Бирок, куфр системасы ушул сыяктуу ыпылас долбоорлор менен кирип келиши мүмкүн. Россия жаңы лидерге – Каримов сыяктуу кадамын бекемдеп алуу үчүн – Андижан окуясын кайталоону сунуштайт. Т.а. “Андижан окуясын кайталоо, оппозициялык күчтөрдү жана исламий кубаттарды дагы кайрадан коомдон четтетүүгө шарт түзүп берет” деп уктурат. АКШ болсо, тескерисинче, Украина сценарийин сунуштап, бүт светтик оппозициялык күчтөрдү алып кирмекчи болот.  Эки абалда тең өзбек эли өтө жаман абалга дуушар болот.

Өзбекстандагы бул абал Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан сыяктуу кошуна мамлекеттерге албетте таасирин тийгизет.

Бирок, эл аралык саясат жетекчилери кааласа – кудум Түркмөнстан сыяктуу – режимди ушул бойдон кармап калышы да мүмкүн. Бирок, Өзбекстанда исламий мухит күчтүү. Каримов режиминин мусулмандарга жана жарандарга болгон зулум да өтө күчтүү. Ошондуктан, куфр дүйнөсү бул региондо да жасалма исламий аскерий кубаттарды пайда кылышы мүмкүн.

Каримовдун өлгөнү же жакынкы келечекте өлүшү 100% анык эмес. Бирок, ал албетте өлөт. Жогорудагы багыттар боюнча фитнакечтик аракеттерди пландаштырган күчтөр бар. Кырдаал болсо, эгерде өзгөрүп кетпесе, болжол менен ушул тарапка бурулушу мүмкүн. Бирок, биз мусулмандар бул сыяктуу фитналардан этият болушубуз керек. Андижан окуясы сыяктуу максатсыз аракеттер сунушталат. Кландардын ар бири жарандарды өзүнүн максатына  тартууга аракет кылат. Сак болуу керек! Алар ушул күндө мусулмандарга зулум кылып турган режимдин өкүлдөрү, же жаңы светтик демократиялык ыпылас түзүмдү алып келе жаткан жаңы режимдин өкүлдөрү болуп эсептелишет.

Пайгамбарыбыз (сав): “Момун бир тешиктен эки жолу чактырбайт”, — деген. Сахих Бухарий.

Абдураззак.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago