Жо Байден: Түрк эли үчүн АКШдан жакшыраак дос жок
Расмий сапар менен Түркияга келген АКШ вице-президенти Жо Байден Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту. Жабык эшиктер артында өткөн сүйлөшүү эки жарым саатка созулду. Жолугушуудан кийин журналисттер үчүн маалымат жыйыны уюштурулду.
Байден 15-июлдаus төңкөрүш аракети учурунда түрк элинин эрдигине таң калгандыгын билдирип, Түркияга эртерээк келбегени үчүн же телефон аркылуу тилектештик билдирбегени үчүн кечирим сурады.
“АКШ эли силер менен. Барак Обама биринчи болуп телефон кылган жетекчилерден болду. Мурдараак келгенимде жакшы болмок, бул үчүн кечирим сураймын”, “Биздин колдообуз толук жана бекем. Жүрөгүм түрк өкмөтү эле эмес, бардык түрк эли менен бирге”, “Түрктөрдүн мекенчилдигин бүт дүйнө көрдү. Өзүмдүн, АКШ президентинин жана АКШ калкынын атынан айтарым, силердин кайратыңарды таңдануу менен күзөтүп турдук”, — деди Байден.
Түрк калкы мындан кийин да АКШны дос катары көрүшүнөн үмүттөнгөндүгүн билдирген Байден ИШИМ жана Курдистан жумушчулар партиясынын курмандыгына айланып жаткан түрк калкына дагы бир жолу тилектештигин билдирди. Бирок, Курдистан жумушчулар партиясын АКШ колдоп-кубаттап жатканы тууралуу ооз ачпады. Ал АКШ бийлиги түрк калкынын жакын досу экендигине ишендирүүгө аракет кылды.
Жо Байден: “Биз Түркия менен кызматташтыкты улантуу үмүтүндөбүз. Эки мамлекеттин кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн жаңы кадамдарды таштайбыз. “Терроризм”ге каршы кызматташтыкты улантабыз. АКШ калкы мурункудай эле силерди колдоп-кубаттайт. Калкыңарды кайратына таң калдык, бул окуядагы позицияңар адамды таң калтырат”, “Биз Түркия бийлиги менен жакындан кызматташууну улантабыз. Түрк калкы үчүн АКШдан жакшыраак дос жок”, — деди.
Байденден кийин сөзгө чыккан Эрдоган АКШ вице-президентин быйылкы жылы экинчи жолу тосуп жаткандыгына курсант экендигин билдирди. О.э. Фетхулла Гүленди тапшырууну АКШдан дагы бир жолу талап кылгандыгын айтып өттү.
Туркистон: АКШ башчылык кылып жаткан дүйнөлүк куфр системасы Россия, Иран, Түркия, Саудия сыяктуу мамлекеттер менен жашыруун келишим астында аракет кылып жатат. Бул мамлекеттер Сирия аймагындагы карапайым калкты жана башка согушкер күчтөрдү бомбалоодо да АКШ сызып берген карта боюнча аракеттенип жатышат.
Максаттары да бир. Т.а. “Шамда болуп жаткан, мабдаъий, ынкылаптык, идеологиялык багыттты жок кылуу”. Куфр системасы ынкылапты куралдуу козголоңго айландыруу үчүн өтө күчтүү маалыматтык күрөш жүргүздү. Эми бул куралдуу козголоңчуларды жок кылууну көздөп жатат. Алар куралдуу козголоңчуларды шылтоолоп, карапайым калктын бир бөлүгүн качкынга айлантып чет өлкөлөргө чыгарып жиберген болсо, дагы бир бөлүгүн кырып жиберүүдө. Бирок ошого карабастан, Сирия калкынын ынкылаптык исламий рухун сындыра алышпады. Женевадагы келишимдердин бардыгы ийгиликсиз болду. Т.а. алар Сириядагы исламий мухитти сындырып, мусулмандарды өзү тарапка тарта алышпады.
Алар Шам калкын идеологиялык, ынкылаптык рухун сындыра алышпаган соң, эми бир нече мамлекеттер Сирияны бир нече бөлүктөргө бөлүп алып, ар бири өзүнө караштуу кимселерди аталыкка алуу менен басып алууну көздөп жатышат. Алар бул аймактарда, өздөрү кыйраткан шаар жана айылдарды кайрадан тикелеп берүү менен мусулмандардын ишенимине кирүүгө аракет кылмакчы. Куфр дүйнөсү идеологияга каршы аскерий күч иштетип дагы бир жолу жеңилгендигине күбө болуп турабыз.Ушул күндөрдө Кытай да бул куфр кербенине кошулууну каалай тургандыгын билдирип, Асадды коргоо демилгеси менен чыкты. Бул да жогорудагы пикирибизди кубаттайт. Себеби, Кытай Сирияда ынкылаптык аракеттер башталган учурда ал жерге өтө чоң долбоорлорду баштап, инвестиция жаткырган эң ири мамлекеттердин бири болчу.
Куфр дүйнөсү Сирияны олжо катары бөлүштүрүп алуу жөнүндө пикирлеп жатат. Бирок, алардын бул аракеттери алар үчүн өтө кооптуу абалдарды алып келет. Себеби, куфр дүйнөсү Шам мусулмандарын өтө эле кордоп жиберишти. Алар эми айлакердик кылса да, мурункудай өнөктөш боло алышпайт. Саудия, Түркия, Иран сыяктуу исламий өлкөлөр Исламды жамынуу менен куфрдун бул өлкөдөгү кадамдарын ого бетер бекемдеп берүүгө аракет кылышат. Бирок, эми алардын айла-амалдары натыйжа бериши өтө кыйын. Зулум чектен чыгып барууда. Бул Исламды чүмбөт кылып алган мамлекеттер болсо, зулумдун алдын албастан, тескерисинче залимдер менен кызматташууда. Эми куфр дүйнөсү Шамга чогулса, ал жерде Ислам менен куфр ортосунда чыныгы күрөш башталат. Мына ошондо булардын Афганистандагы жеңилүүсү эч нерсе болбой калат, инша Аллах.
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…