Түркмөнстан бийлиги да жакын кошунасы Өзбекстандын изи менен жүрүп, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн күчөтүп барууда.
Түркмөнстандын мурдагы президенти, маркум Сапармурад Ниязовдун калемине таандык “Рухнаме” китеби жарык көргөндөн кийин Түркмөнбашы маалымат каражаттарында пайгамбар деп атала баштаган эле. Ошондо Түркмөнстандык диний аалым Хожаахмет Оразклычев бул нерсе мусулмандар ишенимине тескери келишин айтып чыккан. Мына ошондон кийин Түркмөнстан бийлиги Ислам динине каршы күрөштү күчөтүп жиберген эле. Түркмөн бийлиги аалымдын ошол сөздөрүнөн кийин Оразклычев котормосунда түркмөн тилинде басылып чыккан 40 миң нуска Куранды өрттөөгө буйрук берди. Ошону менен эле чектелбестен, баш калаа Ашхабаддагы мечиттердин тең жарымын буздуруп таштады жана ишенимине бекем турган мусулмандарды түрдүү айыптар менен камакка ала баштады. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, күчөтүлгөн режимдеги “Овадан-Депе” түрмөсүндө 300гө жакын диний туткун бар. Аларга жакындары менен жолугушууга о.э. тышкарыдан бир нерсе алып кирүүгө тыюу салынган.
Мусулмандарды Ислам дининен тосуу жолунда күрөшүп жаткан расмий бийлик эми исламий көрүнүштөргө да каршы күрөштү баштап жиберди. Дашогуз облусунун күч түзүмдөрү сакал койгон мусулмандарга каршы рейд өткөрө башташты. ЖМКлар кабар беришинче, жергиликтүү улуттук коопсуздук кызматынын жана жол полициясынын кызматкерлери сакал койгон жана 50жашка чыга элек мусулмандарды кармап, суракка алып жатышат.
Суракта: “Эмне үчүн сакал койдуң? Вахабийсиңби? Намаз окуйсуңбу?” — деген суроолорду берип, андан соң, сакалын алып таштоого мажбурлап жатышат.
Бегмурат аттуу адамдын айтымында, полиция кызматкерлери анын досунан арак ичүүнү талап кылып, андан соң чочконун этин жегенге мажбурлашкан.
Бегмураттын билдиришинче, полиция талапты аткарбагандарды катуу таяктап, сакалдарын мажбурлап кырып салууда. Анын айтымында, кийинчерээк бул сыяктуу итаатсыз адамдар эч кандай сот жана тергөөсүз 7-8 жылга эркинен ажыратылып жатат. Бегмурат ушундай адамдардан экөөнү тааный тургандыгын айтып өттү.
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…