Чавушоглу: Сирия маселесинде активдүү аракет кылышыбыз керек

Чавушоглу: Сирия маселесинде активдүү аракет кылышыбыз керек

Түркиянын тышкы иштер министри Мавлют Чавушоглу Иранда Сирия маселесин талкуулаган. Бул тууралуу анын өзү Индиянын Нью-Дели шаарында журналисттерге интерьвю берип жатып кабарлады. Чавушоглу Түркияда төңкөрүш аракети болгон учурда Иран Түркияны колдоп, Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Түркияга сапар уюштургандыгын айтып өттү.

“Ал жерде Сирия, Ирак, Яман жана регионалдык проблемалар тууралуу сүйлөштүк. Сирияда ок атууну токтотууга жетишүү жөнүндө бардык тараптар менен эки тараптуу же көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз ар дайым тастыктап келгендей, Сирия жана Ирак сыяктуу мамлекеттердеги проблеманы чечүүдө Иран менен Россиянын ролу өтө маанилүү. Терс рол улана берсе, чатактар да улана берет. Ошол себептен, бул рол оң болушу үчүн биз да колубуздан келген аракетти кылып жатабыз. Эгерде Сириянын аймактык бүтүндүгү корголсо, биз кызматташтыкка даярбыз. Бул жаатта Иран менен бир пикирдебиз. Россия да ушундай пикирде экендигин бизге кабарлаган. Келечекте бул маселе боюнча көптөгөн мамлекеттер менен телефон аркылуу же бетме-бет сүйлөшүүнү улантабыз. Биз иш-аракеттерибизди күчөтүшүбүз керек. Убакыт өтүшү менен проблема ого бетер күчөп, чечилбей турган абалга келип калат. Тегеранга баргандагы максатыбыз да ушул болчу. Ушул маселе боюнча пикир алмаштык. Бул өтө пайдалуу жолугушуу болду”, — деди Чавушоглу.

Ошол эле учурда Иран тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген билдирүүгө ылайык, Иран тышкы иштер министри Жавад Зариф Түркияга расмий сапар менен барат. Эрдогандын Россияга сапарынан кийин ишке ашырылып жаткан Жавад Зарифтин Түркияга сапары Сирия проблемасына чечим табуунун бир бөлүгү катары бааланып жатат.

Зариф бул сапарында премьер-министр Бинали Йылдырым менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин президент Режеп Таййип Эрдогандын кабыл алуусунда болот. Сапар учурунда мамилелердин бардык тараптары чечилиши, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө.

Туркистон:

АКШ башчылык кылып жаткан дүйнөлүк куфр системасы Россия, Иран, Түркия, Саудия сыяктуу мамлекеттер менен жашыруун келишим астында аракет кылып жатат. Бул мамлекеттер Сирия аймагындагы карапайым калкты жана башка согушкер күчтөрдү бомбалоодо да АКШ сызып берген карта боюнча аракеттенип жатышат.

Максаттары да бир. Т.а. “Шамда болуп жаткан, мабдаъий, ынкылаптык, идеологиялык багыттты жок кылуу”. Куфр системасы ынкылапты куралдуу козголоңго айландыруу үчүн өтө күчтүү маалыматтык күрөш жүргүздү. Эми бул куралдуу козголоңчуларды жок кылууну көздөп жатат. Алар куралдуу козголоңчуларды шылтоолоп, карапайым калктын бир бөлүгүн качкынга айлантып чет өлкөлөргө чыгарып жиберген болсо, дагы бир бөлүгүн кырып жиберүүдө. Бирок ошого карабастан, Сирия калкынын ынкылаптык исламий рухун сындыра алышпады. Женевадагы келишимдердин бардыгы ийгиликсиз болду. Т.а. алар Сириядагы исламий мухитти сындырып, мусулмандарды өзү тарапка тарта алышпады.

Алар Шам калкын идеологиялык, ынкылаптык рухун сындыра алышпаган соң, эми бир нече мамлекеттер Сирияны бир нече бөлүктөргө бөлүп алып, ар бири өзүнө караштуу кимселерди аталыкка алуу менен басып алууну көздөп жатышат. Алар бул аймактарда, өздөрү кыйраткан шаар жана айылдарды кайрадан тикелеп берүү менен мусулмандардын ишенимине кирүүгө аракет кылмакчы. Куфр дүйнөсү идеологияга каршы аскерий күч иштетип дагы бир жолу жеңилгендигине күбө болуп турабыз.Ушул күндөрдө Кытай да бул куфр кербенине кошулууну каалай тургандыгын билдирип, Асадды коргоо демилгеси менен чыкты. Бул да жогорудагы пикирибизди кубаттайт. Себеби, Кытай Сирияда ынкылаптык аракеттер башталган учурда ал жерге өтө чоң долбоорлорду баштап, инвестиция жаткырган эң ири мамлекеттердин бири болчу.

Куфр дүйнөсү Сирияны олжо катары бөлүштүрүп алуу жөнүндө пикирлеп жатат. Бирок, алардын бул аракеттери алар үчүн өтө кооптуу абалдарды алып келет. Себеби, куфр дүйнөсү Шам мусулмандарын өтө эле кордоп жиберишти. Алар эми айлакердик кылса да, мурункудай өнөктөш боло алышпайт. Саудия, Түркия, Иран сыяктуу исламий өлкөлөр Исламды жамынуу менен куфрдун бул өлкөдөгү кадамдарын ого бетер бекемдеп берүүгө аракет кылышат. Бирок, эми алардын айла-амалдары натыйжа бериши өтө кыйын. Зулум чектен чыгып барууда. Бул Исламды чүмбөт кылып алган мамлекеттер болсо, зулумдун алдын албастан, тескерисинче залимдер менен кызматташууда. Эми куфр дүйнөсү Шамга чогулса, ал жерде Ислам менен куфр ортосунда чыныгы күрөш башталат. Буга салыштырганда Афганистандагы жеңилүүсү эч нерсе болбой калат, инша Аллах.

turkistonkg

Recent Posts

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

1 day ago

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

3 days ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

7 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 weeks ago