Мектептен эмгек мигранттыгына даярдык

Мектептен эмгек мигранттыгына даярдык

 Кыргызстандын мектептеринде келечектеги эмгек мигранттарынын деңгээлин жакшыртуу үчүн жогорку класстын окуучуларына техникалык билим программаларын киргизүү пландаштырылууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын директорунун орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди.

 Анын айтымында, ушул программа Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыгууда. “Чет өлкөгө көбүнчө мектептин бүтүрүүчүлөрү кетишин эсепке алсак, алар бирер кесипке ээ болбогондуктан ал жакта кыйналышат. Ошондуктан, жогорку класстын окуучуларын кандайдыр техникалык адистикке үйрөтүүчү программа керек”, — деди Асанбаев.

 Ал Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде кенже медициналык кызматкерлер жетишпестигин мисал кылып келтирди.

 Асанбаев: “Биздин эмгек мигранттарыбыздын жарымы жаштар жана алардын 14 пайызы кыздар экендигин эсепке алып, биз кыздар мындай мамлекеттерде медайым болуп иштей алышы үчүн аларды медайымдык кесипке окутууну сунуштап жатабыз. Ал жерде медайымдар 1500-2000 доллар айлык алышат. Ашканада идиш-аяк жууганга караганда, врачтар сыяктуу билимдүү, маданияттуу адамдардын арасында иштеген жакшыраак”,- деди.

 Асанбаев министрлик эмгек мигранттарын ушундай багыт боюнча жөнөтүүнү өнүктүрө тургандыгын билдирди.

 Асанбаев сөзүнүн аягында: “Бул нерсе жумушчу күчүнүн маркетинги деп аталат жана биз анын жардамында Россия жана Казакстан эле эмес, Япония, Түркия, Түштүк Корея, Бахрейн, Катар жана Бириккен Араб Эмираттары менен иштешебиз”, — деди.

Туркистон: 

Бул нерсе абалга ылайыкташуучу пессимисттик пикирлөө болуп, бийиктикке умтулууну четке кагуучу реакцион максаттан келип чыккан. Албетте, учурдагы дүйнөлүк система Кыргызстан сыяктуу колония мамлекеттин өнүгүшүнө шарт түзүп бербейт. Бирок ошого карабастан, кулдукка ыраазы болуу позициясын кармануу туура эмес. Адамзат ар дайым бийиктикке умтулуп жашашы керек.

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

15 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

15 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago