Яхудий журналист: ИГИШтин жок кылынышы кызыкчылыгыбызга каршы келет

Израилде чыккан “Иерусалим Пост” гезитинин жазуучусу Эфраим Инбар ИГИШтин жок кылынышы тарыхый ката болоорун билдирди. Стратегиялык жазуучулардын бири катары таанылган Эфраим Инбардын ырасташынча, ИГИШ уюмунун мүчөлөрүн жок кылуу Батыштын кызыкчылыктарына да каршы келет. Ошондуктан, ИГИШ уюму толугу менен жок кылынбашы керек.

“АКШ коргоо министри Эштон Картер, акыркы учурда ИГИШ уюмун жок кылууга ири кампанияларды жүргүзүүдө. О.э жакында коргоо министрлигинин жыйынында да бул маселе биринчи орунга коюлду. Бирок ИГИШ уюмунун жок кылынышы тарыхый ката болот. Мунун көптөгөн себептери бар”,- дейт Инбар Иерусалим Постко жазган макаласында.

Мындан тышкары, Батыштын туруктуулукка кылган умтулуусун да сынга алган Инбар, “Батыш туруктуулукту камсыздоо үчүн ИГИШти жок кылып, аскерий максатына жетүүнү каалап жатат. Бирок, туруктуулук ар дайым баалуу боло албайт. Туруктуулук бир гана биздин кызыкчылыгыбызга кызмат кылышы керек”, деп билдирди.

Мындан мурун Ирак жана Сирия аймагында жайгашкан ИГИШ уюму Израилдин технологиясынан пайдаланып, ракета менен коргонуу системасын ишке салгандыгы тууралуу кабарлар таркаган. Эксперттер ИГИШ Израил технологиясынын жардамы менен гана чектелип калбай, Япониянын “Сони” компаниясы да ракета менен коргонуу системасына камераларды орнотуп бергендигин тастыкташкан.

turkistonkg

Recent Posts

Мужтахиддин сообу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

3 hours ago

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…

1 day ago

Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды

Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…

1 day ago

Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык

Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…

1 day ago

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

1 day ago