Сабак берүү усулу

512
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

Сабак берүү усулу

Сабак берүүнүн эң туура усулу: мугалим тарабынан пикирий кайрылуу, окуучу тарабынан болсо пикирий кабыл алуу. Анткени, үйрөтүү жана үйрөнүүнүн куралы – бул пикир жана акыл. Алла Таала адамга акыл берип, аны башка махлуктардан мукаррам жана абзел кылды. Акыл себептүү адам мукаллафтык макамына көтөрүлдү.

Акыл төрт бөлүктөн түзүлөт: пикирлөөгө жарактуу мээ, сезүү, вакый о.э. вакый жөнүндөгү мурунку маалымат. Акыл, пикир жана түшүнүктүн мааниси бир. Анын баяндамасы мындай: «Сезүү органдары менен вакыйлыкты мээге көчүрүү о. ушул вакыйды түшүндүрүп берүүчү мурунку маалыматтардан тургандыгы», кийин болсо вакый үстүнөн өкүм чыгаруу. Эгер бул пикирди, таалим тармагында болгондой, башкаларга өткөрүү көздөлсө, мугалим бул пикирди түшүндүрүүнүн бир же бир нече жолдору аркылуу, эң биринчи, тил аркылуу окуучуларга жеткирет. Эгер окуучуларда бул пикирдин сезилген вакыйсы болсо, же качандыр бир аларда ушундай же ушуга окшогон сезүү өткөн болсо, анда аны өздөрү жетишкен пикир катары кабыл кылып алышат. Эгер аларда пикирдин сезилген вакыйсы болбосо, же сезүү мүмкүн болбосо, бар болгону, баяндалган сөздөрдүн маанисин гана түшүнүп алган болушса, аны пикир катары эмес, балким маалымат катары гана кабыл кылып алышат. Муну менен алар пикирлөөчү эмес, үйрөнүүчү болуп калышат. Ушуга ылайык, мугалим окуучуларга пикирлерди берип жатканда, аларда сезилген вакыйдын дал өзүн же ошого окшошун жүзөгө келтирүүгө аракет кылып, бул пикирлердин маанилерин окуучуларга түшүндүрүүгө аракет кылышы керек. Муну менен алар бул пикирлерди маалыматтар катары эмес, пикирлер катары кабыл алышсын. Ошондуктан, мугалим окуучунун вакыйды сезүүсүнө өзгөчө көңүл бурушу керек. Эгер вакыйдын өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болбосо, ага жакын болгон бир элести берүүсү керек. Муну менен, маалыматтар сезилген вакыйдын дал өзү менен, же окуучунун оюндагы вакый менен биригип, окуучуда пикирди жүзөгө келтирсин.

Мугалимдин окуучулага берип жаткан пикирлерине каралат:

– Эгер анын мурунтан окуучулар сезип жүргөн вакыйсы болсо, же айтылып жатканда сезишсе, демек, аны түшүнгөн жана пикир катары кабыл алган болушат;

– Эгер окуучулар мурун сезбеген болушса, пикир жеткирилип жаткан убакта да сезишпесе, бирок, өздөрүнө кандай жеткирилип жаткан болсо ошондой элестетип тастыктап жатса, натыйжада, куду өздөрү сезген сыңары бир вакыйды элестетишсе о.э. аны сезилген вакый катары элестете алышса, мындай абалда да аны түшүнгөн жана пикир катары кабыл алган болушат.

Ар эки абалда тең мугалимдин аларга берген пикири өздөрүнүн пикирлерине айланат. Бирок, эгер пикирдин сезилген вакыйы болбосо, же сезүүнүн мүмкүнчүлүгү болбосо, анда бул пикир кабыл алуучуга карата маалыматтан башка нерсе болбой калат.

Адам өзүнүн беш сезүү органынын бири менен сезиши мүмкүн болгон вакый – сезилген вакый. Вакыйдын маддий же маънавий болушунун айырмасы жок. Маддий вакыйга мисал келтирсек, мисалы, көрүү аркылуу жарыкты, угуу аркылуу чымчык үнүн, кармоо аркылуу кездеменин жагымдуулугун, жыттоо аркылуу гүлдүн жытын, татып көрүү аркылуу балдын даамын сезүүлөр ж.б. Маънавий вакыйга болсо эр жүрөктүүлүк, адалдык, коркоктук, кыянатчылык сыяктуу түшүнүктөр кирет. Адам аларды маддий көрүнүштөрүнө карап, пикир менен сезет. Мисалы, душмандын сан жана курал жагынан үстөм болушуна карабастан, мусулмандын согушта бекем туруп согушуусу эр жүрөктүүлүк экендиги, тескерисинче, согуштан качышы болсо коркоктук экендиги түшүнүлөт. Демек, маддий же маънавий болушуна карабастан, сезилген же сезүү мүмкүн болгон вакыйлык тафаккур жараянындагы негизги фактор болуп саналат. Ансыз пикир пикир болбойт.

Адам сезе албай турган бейиш, тозок, арш сыяктуу гоиб  нерселер сезүү аркылуу тафаккур кылынбайт. Аларды тууралыгы катъий болгон кабарлар – Курани Карим жана мутаватир хадис аркылуу гана тафаккур кылуу мүмкүн. Айрым адамдар бар деп ойлогон желмогуз жана жерди мүйүзүндө көтөрүп турган өгүз сыяктуу гоиб иштер менен алек болуу тафаккур делбейт. Себеби, аларды сезип да болбойт, алардын сезилгендиги катъий айтылбаган дагы. Алар кыялдагы жана ойлоп табылган нерселер. Ошондой болгон соң, окуучуларды алар жөнүндө пикирлөөдөн четтетүү керек.

Угуу же окуу аркылуу боло турган пикирий кайрылуу жана пикирий кабыл алуу учурунда мугалим же окуу программасынын автору тафаккурдун (пикирлөөнүн) төрт элементинен пайдаланышы шарт. Мугалим окуучуга жазма же оозеки түрдө кайрылганда, эгер окуучу мурда вакыйды сезбеген болсо, ага вакыйлыкты анык сүрөттөп бериши керек. Муну менен кабыл алуучу вакыйды өзү сезгендей болсун. Бул иш, окуучу вакыйлыкты элестете алышы үчүн, ошол вакый туурасындагы бардык маалыматтарды келтирип берүү менен болот.

Окутуу же окууда пикирий кайрылуу же пикирий кабыл алуунун негизги куралы – сөз жана сүйлөмдөрдү, ушул сөз жана сүйлөмдөр далалат кыла турган маанилерди, бул маанилерден келип чыга турган пикирлерди өз ичине алган тил. Эгер мугалим да, окуучу да бул сөздөр, сүйлөмдөр жана маанилерди кандай пикирге далалат кылса ушундай түшүнүшсө, окутуу жана окуу учурунда бул курал абдан активдүү кызмат кылат. Ушуга ылайык, мугалим да, окуу программасынын автору да тил байлыгынан пайдаланып, окуучулар түшүнө турган сөздөр жана сүйлөмдөрдү иштетүүлөрү керек. Муну менен эки тарап ортосундагы өз ара пикир алмашуу оңой болот. Биз пикир алмашуудан тафаккурдун төрт элементин өз ичине алуусун назарда тутуп жатабыз.

Ушуну менен жазма же оозеки сүйлөмдөр окуучунун мээсинде (дал мугалимде болгонундай) пикирлерге айланып, өзүндөгү тил байлыгы менен аларды түшүндүрүшү, өзүндөгү адал-арам, туура-ката деген өлчөөлөр аркылуу алар менен мамилеге киришиши мүмкүн болот.

Ар кандай пикирди берүү же кабыл алуунун туура жолу мына ушул. Мында пикирдин мабда пикирлери сыяктуу турмуш туурасындагы өзгөчө көз карашына түздөн-түз байланыштуу болушу, же математика фандары сыяктуу түздөн-түз байланыштуу болбошу мааниге ээ эмес. Эгер пикирлер биринчи түрдөн болсо т.а. алардын турмуш жөнүндөгү өзгөчө көз карашка түздөн-түз байланышы болсо б.а. адамдын өз Роббиси менен, өзү жана башкалар менен боло турган мамилесин тартипке салуучу пикирлерден болсо, аны исламий акыйда менен байлоо шарт. Бул учурда окуучунун пикирине кайрылуу менен бир катарда анын туйгусуна да кайрылуу о.э. окуучунун дүйнө жана акыреттеги турмушуна бул пикирдин байланыштуулугун түшүндүрүү зарыл болот. Мунун менен окуучу бул пикирдин тууралыгына канааттансын, ал пикир анын турмуш таризин башкарып турган түшүнүккө айлансын. Исламий акыйда белгилеп берген өзгөчө көз караштан келип чыккан туура пикирлерге карата анда сүйүү сезимдерин ойготсун. Канааттануу жана ишенич менен аларды жүзөгө чыгарууга аракет кылсын. Муну менен, бул түшүнүк турмуш жөнүндөгү көз карашына тескери болгон ката пикирлерге карата жек көрүү сезимдерин козгоп, аларды четке кагуу менен аларга каршы күрөшүүгө шаштырсын. Анткени, көз карашка байланыштуу пикирий матнды (текстти) үйрөтүүдөн максат, анын лугавий маниси менен эле чектелүү эмес, балким, сүйлөмдү түшүнүп алуу. Т.а. сүйлөмдү – ага байланыштуу болгон вакыйлыкка салып көрүү үчүн – түшүнүп алуу. Окуучу бул вакыйлыкка карата – амал кылуу же таштоо менен болобу, айырмасыз – шарият талап кылган позицияны ээлеши үчүн матнды вакыйлыкка салып көрүшү керек. Окуучуга мындай түрдөгү пикирлер анын турмуш таризи Ислам өкүмдөрү менен башкарылышы үчүн окутулат. Анткени, таалим мактаныч үчүн берилбейт, балким, өзүнүн ар бир иши жана сөзү менен Алланын ыраазылыгына жетишүүгө аакет кыла турган, аклиясы жана нафсиясы түгөл мусулман шахсты тарбиялап жетиштирүүгө кызмат кылат.

Эгер пикирлер экинчи түрдөн болсо т.а. физика, химия, математика сыяктуу өзгөчө көз карашка түздөн-түз байланышы болбогон пикирлерден болсо, алар Алла адамга моюн сундуруп берген аалам менен мамилеге киришүүгө окуучуну даярдоо үчүн үйрөтүлөт. Алла Таала айтат:

– «Ал Өзү тарабынан силерге асмандар жана жердеги бардык нерселерди моюн сундурду».  [45:13]

Алла Таала дагы айтат:

– «Ал зат силер (кемчиликсиз өмүр өткөрүүңөр үчүн) түн менен күндүздү, күн менен айды (бир тартипке салып) моюн сундуруп койду. (Бардык) саяра-планеталар да Анын буйругуна моюн сундурулган».  [16:12]

Демек, мусулман адам исламий шахс катары эксперименталдык илимдерди алардан пайдалануу үчүн, аларды Ислам үммөтүнүн пайдаларына жана тагдырий маселелерине кызмат кылдыруу үчүн үйрөнөт. Себеби, илим билүү үчүн гана алынбайт, балким, мына ушул турмушта адам үйрөнгөн билимдери жана пикирлеринен Ислам өкүмдөрү негизинде пайдалануу үчүн аалынат. Алла Таала айтат:

– «Дагы Алла сага берген байлык-дөөлөт менен (оболу) акырет (жыргалчылыгын) издегин жана дүйнөдөн болгон насибеңди да унутпагын».    [28:77]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here