Сөздөрүмдү эмнеден башташты да билбей калдым. Кафир Москва же жексур Асаддын кыргындарына дуушар болгон жана урандылар астында калган Халабдан баштасамбы? Же мусулмандардын кыргын кылынышын тээ алыстан күзөтүп турган жетекчилерден баштайынбы? Же экрандарда “Жаннат аныкпы же мавхумбу” деп тартышып жаткан, а үммөт проблемалары тууралуу чурк этип ооз ачпаган аалымдардан баштасамбы? Билбей калдым… Бирок бир акыйкат анык, Халабда көздөрдөн кан агууда.
Сирия козголоңу көп нерселерди ачып салды: мусулмандар акимдеринин кыянатын ачып таштады; Париж окуяларын түн жарымында болсо да тарката баштаган, а бирок Халаб жана мусулмандарга келгенде тилдерин жутуп алган маалымат каражаттарынын чыныгы жүзүн ачты; аалымдардын мусулмандар менен дартташ эместигин ачты.
Эй, кафирлердин талаптарын кыңк этпей кабыл алып жаткан мусулман акимдери! Силер «Бир мүнөткө» (One minute) деп чыкканыңарда, Палестина мусулмандары силерден көп нерсе күтүп, туткундан кутулууну арзуу кыла башташкан эле. Силер “Сириялыктар – биздин бир туугандар. Инша Аллах, биз бир күнү Дамаскка барып, Уммавийлер мечитинде намаз окуйбуз” дегениңерде, Сириялык боордошторубуз силерге үмүт байлашкан эле. Бирок, бирок… силер үмүттү актаган жоксуңар, куру сөздөн арыга өтпөдүңөр, кыргындар каршысында дүлөй жана дудук болуп алдыңар. Кайра тескерисинче, Аллахтын душмандарын дос туттуңар жана алардын колтугунан дале чыкпай жатасыңар.
Эй жетекчилер! Мусулмандар туйгуларын оңду-солду ойногонду токтотуп, бул кыргындарга каршы кошуундарды качан аракетке келтиресиңер? Же силер Уммавийлер мечитинде окууну көздөгөн намаз – жаназа намазы беле?
Силер мусулмандар башынан зулумдарды кетирүүдөн көрө Аллахтын душмандарын ыраазы кылууну афзел көрүп жатасыңар. Негизи, азиздик бир гана Аллах алдында экендигин билет элеңер го… Бай тарыхыбызда азиздикти кафирлерден эмес, Аллахтын алдынан издеген амирлер икаялары толтура. Кыргындар каршысында сүкүт сактамак түгүл, мазлумдар үнү кулагына жетип-жетпей туруп жихадга аттанган башчыларыбыз болгон эле. Султан Алп Арсландын небереси султан Санжардын мусулман бурадарларынын туткунга түшүп калганын уккан кезде жазган каты буга жаркын мисал.
Кат:
“Мага келген кабарларга караганда, мусулмандардын жерлерин басып алып, алардын айрымдарын туткунга алыпсың, айрымдарын кылычтан өткөрүп, мал-мүлктөрүн талап-тонопсуң. Бул иштин акыбети эмне болушун ойлоодон шайтан сени тосуп коюптур. Биз туткундар катын окурубуз менен жүзүбүздү Румга қараттык жана мындай чечимге келдик: Рум Кайсары бизге туткундарды тапшырбаса, Ислам журттарынан алган ар бир нерсени кайтарып бербесе жана кечирим сурабаса, Аллах үчүн ушундай буйрук кыламын дейсиң, чыгыштан батышка чейин, деңиз жана кургактыктан, Индия, Түркия жана Фарс кошуундары Румга карай жүрүш жасайт. Алар деңиз жана тоолорду силкинтип, Константинополду биздин мүлкүбүзгө айландырат! Рум аскерлеринен бирөөнү да тирүү калтырбайт. Ислам рамзи болгон масжид жана минбарларды, Аллахтын инаяты менен, Румдун ичине курушат. Хак Тааланын азиздиги, Мухаммад с.а.в.дын урматы жана атам султан Малик Шах хаккы үчүн ант ичип айтамын-ки, туткундардын бардыгы, бири да калбай, өз журттарына кайтарылбаса, бул жазгандарымдын бардыгын амалга ашырып, муну бүткүл ааламга ибрат кыламын. Мейяфарикинден Константинополго чейинки бардык жайлардын күлүн көккө сапырамын”. (Ибн Асир,»аль-Каамил фит-тарих»)
Эй сүкүткө чөккөн аалымдар! Силер үчүн Аллах Таала мындай дейт:
إنما يخشى الله من عباده العلماء
“Аллахтан пенделери арасындагы аалымдар гана коркот” [Фатир 28]
Расулуллох с.а.в. аалымдардын маанилүү макамы тууралуу минтип айткан: العلماء ورثة الأنبياء
“Аалымдар – пайгамбарлардын мураскорлору” [Абу Дауд жана Термизий риваяты]
Бирок тилекке каршы, тиякта Халаб өрттөнүп жатса, биякта аалымдарыбыз даараттын мустахабдарын эң маанилүү маселе катары көтөрүшүп, талашып-тартышып жатышат. Бул эмне деген шумдук, я Роббим!!!
Эй аалымдар, Аллахтан корккула жана акыйкатты айткыла. Намазды буза турган шарттарды айтканыңар сыяктуу, бейкүнөө мусулмандар кандарын жазыксыз төгүш да оор кылмыш экенин айткыла. О.э. орозону буза турган маселелерди айтканыңардай, жетекчилердин мусулмандарды жардамсыз таштап коюп, арам иш кылып жатышкандыктарын да айткыла. Байпакка масих тартылабы деген маселеге фатва бергениңер сыяктуу, жетекчилердин АКШ менен стратегиялык келишимдер түзүшү арам экендиги тууралуу да фатва бергиле. Аллама Ахмад ибн Ханбал сыяктуу акыйкатты айткыла, Аллах силерди эки дүйнөдө азиз кылсын.
Ахмад ибн Ханбалдын абасы Исхак Ибн Ханбал айтат: Бир күнү мен Ахмад бин Ханбал жаткан камакка кирип, ага: “Эй Абу Абдуллах! Досторуң кабыл алды, бир гана сен зынданда кыйноо астында калдың”, — дедим. Ахмад ибн Ханбал минтип жооп берди: “Эй абаке! Эгер аалым күч алдында башын ийсе, жахил болсо жахилдигин кылса, анда акыйкат качан жүзөгө чыгат”. Исхак эчтеме дей албады. Ибн Ханбал дагы мындай деди: Хаббаб риваят кылган хадисти унуттуңузбу?
Расулуллох с.а.в. айткан: “Силерден мурункулар кызытылган темир тарактар менен таралышкан, бирок бул аларды диндеринен кайтара албаган”. Исхак “бизде эч үмүт калбады” деди. Буга жооп кылып Ахмад ибн Ханбал: “Камак мен үчүн эч нерсе эмес, ал тургай, ал үйүм сыяктуу. Кылыч менен өлтүрүшсө да ага карабаймын. А бирок мен камчыга сабыр кыла албай калышымдан коркомун”, — деди. Ошондо муну угуп турган камактагылар “Эй Абу Абдуллах, санаа тартпаңыз! Болгону эки камчы… кийин башка соккулар каерге урулганын сезбей деле каласыз”, — дешти. Имам Ахмаддын көңүлү бир аз тынчтана түштү.
Роббим Ислам Үммөтү үчүн акыйкатты жана Аллахтын өкүмдөрүн эстетип тура турган солих уламаларды чыгарып берсин. Тез күндөрдө мусулман боордошторубуздун кайгыларын уга турган, Халаб жана башка жерлердеги кыргындарга чек коё турган, бурадарларынын дартын өзүнүн дарты деп биле турган Рошид Халифа атаа этсин.
Албетте бул Аллах үчүн кыйын эмес.
Абдуллах Имам уулу.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…