Америкада алдыӊкы университеттерде инструктор болуп келген жана учурда Мисир жана Сириядагы мамлекеттик иштер боюнча адис болуп эсептелген Жошуа Стачер Мисир президентинин тактысы козголуп калгандыгын башарат кылууда. Стачердин айтымында, учурда Мисир Мубарактын доорунан да жаман абалга түшүп калган.
“Ас-Сиси кайсы жерге чейин барса барсын, ал пикири кыска генералдардын ичинде калды. Эми ал мамлекетти кыйраткан социалдык жана экономикалык туруксуздуктан качып кутула албайт. Мисир калкынын талаптары аткарылбады. Мисирдиктер жаңы тарыхта эң репрессивдүү бийликтин астында жашап жатышат. Полиция тарабынан колдонулуп жаткан зомбулуктар күнүмдүк адатка айланган. Өкмөт “зомбулук менен оппозициянын добушун өчүрүү жана демонстрациялардын алдын алуу мүмкүн” деп ойлойт. Бирок, бул абал зомбулук кылып жаткан полиция күчтөрүнө, соттобой туруп өлтүрүүгө жана жалпы адилетсиздикке каршы күтүүсүз нааразылык толкунуна себеп болууда. Бүгүнкү күндө ар бир абал 2011-жылы кулатылган Мубарак режиминен да кооптуураак. Мамлекет өтө кооптуу абалга келген”, — деди адис Жошуа Стачер.
Мисирде мамлекеттик төӊкөрүш аркылуу Мухаммад Мурсини кулатып, анын ордун ээлеген президент Абдулфаттах ас-Сиси акыркы кездерде адам укуктары боюнча өзүнө карата айтылган сындоолорго жооп кайтарды. Бул тууралуу өтө көп тираж менен чыгуучу Ал-Ахрам гезити кабарлады. Гезиттин жазышынча, Каирде АКШ Конгрессине караштуу комитет менен жолугушкан ас-Сиси Батыштагы адам укуктары жана эркиндиктер көрүнүшү Мисирдин шартына туура келбестигин билдирген.
Сиси: “Өлкө жана региондун шарттары себептүү Батыштагы адам укуктары жана жарандар эркиндиги Мисирдин талаптарына тууура келбейт. Мисирде адам укуктары жана жарандык эркиндиктерге Батыш көз карашынан туруп кароого болбойт”, — деди.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…