УКМК кызматкерлерине  “диний” билимин жогорулатуучу окуу курстары уюштурулду

 “Ыйман” фонду жана А. Бакаев атындагы УКМК институту Кыргызстандын бардык облустарындагы УКМК кызматкерлеринин диний билимин жогорулатуучу окууларды өткөрүштү.

 “Ыйман” фондунун башчысы Нуржигит Кадырбековдун баса белгилешинче, экстремизмге каршы күрөш – бул мамлекеттин бирер уюмга каршы күрөшү эмес, тескерисинче идеологияга каршы күрөш болуп эсептелет.

 “Биз сөз менен, маалымат каражаттары жана билим берүү аркылуу идеологиялык күрөш алып барышыбыз керек, бул эӊ натыйжалуу жол. Биз элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек, бирок күч түзүмдөрүбүздү маалымат менен камсыздоо да маанилүү маселе, себеби алар элди коргоочулар болуп эсептелишет”,- деди Кадырбеков.

 Бул окууда белгилүү аалымдар жана теологдор “Негизги диний багыттар, Ислам негиздери жана илим-билим жардамында радикализмдин алдын алуу” деген темада лекцияларды окушту.

 Тема боюнча “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликов, Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгынын даъват бөлүмүнөн жаштар менен иштөө боюнча адис Данияр Мурадилов, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетектөөчү адиси Денис Пышкин, ОшМУнун теология факультетинин кафедра башчысы Зайлабидин Ажимаматов, Кыргыз-орус Славян университетинин мугалими Владимир Школьный жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультетинин башчысы Бакыт Мурзараимовдор лекция окушту.

 Кабарда: “Азыркы учурда экстремисттер менен террористтер динге жамынуу менен согуштук аракеттерди жүргүзүп жатышат. Мындан улам окууда терроризм менен диндин айырмачылыктары тууралуу кеӊири маалыматтар берилди деп айтылат”, – деп айтылат.

 О.э. “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков менен УКМК институтунун башчысы Болот Абдырахмановдор эки тараптуу кызматташтык туурасындагы меморандумга кол коюшту.

Туркистон:

“Экстремизм” куфр дүйнөсү ойлоп тапкан атама болуп, буга “кескин көз караш жана аракеттердин тарапкерлери” деген түшүндүрмө беришет. Бул атаманы ал тургай алардын идеологдору да ачык-айкын түшүндүрүп бере алышпайт.

Бул куфр системасы тарабынан ойлоп табылган атама болуп, аны жалаӊ гана исламий кыймылдар менен мусулмандарга карата колдонуп келишет. Учурда бул атаманы диний аалымдарыбыз да – кудум кафирлер көздөгөндөй – исламий кыймылдарга жана мусулмандарга каршы иштетип жатышат.

“Ыйман” фонду бул Батыш долбоорунун бир бөлүгү. Ал эми, Чубак ажы жана башка аалымдарыбызга эмне болду. Алар куфр желдеттери менен кызматташуу үчүн кантип эле келишим түзүштү экен. Бул ачык эле чыккынчылык эмеспи! Васила ибн Аскаъдан, ал Набий с.а.в. дан риваят кылган хадисте Набий с.а.в. айтат:

«يُؤْتُى يَوْمَ الْقِيَامَةِ بِعَبْدٍ مُحْسِنٍ فِيْ نَفْسِهِ لا يَرَى أَنَّ لَهُ سَيِّئَةً، فَيُقَالُ لَهُ: هَلْ كُنْتَ تُوالِيْ أَوْلِيَائِيْ؟ قَالَ: يَا رَبِّ، كُنْتُ مِنَ النَّاسِ سَلَماً، قَالَ: فَهَلْ كُنْتَ تُعَادِيْ أَعْدَائِيْ؟ قَالَ: يا رَبِّ، إِنِّيْ لَمْ أَكُنْ أُحِبُّ أَنْ يَكُونَ بَيْنِيْ وَبَيْنَ أَحَدٍ شَيْءٌ، فَيَقُولُ: وَعِزَّتِيْ، لا يَنَالُ رَحْمَتِيْ مَنْ لَمْ يُوَالِ أَوْلِيَائِيْ وَلَمْ يُعَادِ أَعْدَائِيْ»

«Кыямат күнү өзү үчүн бирер жамандыкты көрбөгөн, өзүн жакшы деп эсептеген бир пенде алынып келинет. Андан соӊ ага: Сен Менин досторумду дос туттуӊбу? – деген суроо берилет. Ал: Эй Роббим, мен адамдардан сактандым, – деп жооп берет. Андан соӊ: Менин душмандарымды душман туттуӊбу? – деген суроо берилет. Ал: Эй Роббим, мен өзүм менен башка бирөөнүн ортосунда бирер нерсе болушун каалабадым, – деп жооп берет. Ошондо Аллах Таала: Азиздигиме ант болсун, кимде-ким Менин досторумду дос тутпаса жана душмандарымды душман тутпаса Менин рахматыма татыктуу боло албайт, – деп айтат».

Арак соодасы менен алектенген, сойкуканаларды ачык эле коргой турган, хижаб жана сакалды жаман көргөн, куфр системасы негизинде өкүм жүргүзгөн, намазды толук окубаган, экономикалык система үчүн сүткордукту негиз кылып алган, арамды адал деген ж.б.у.с. иштерди кылып жаткан өкмөт тарапты аалымдарыбыз канткенде акыйкат деп билишти экен. Расулуллах с.а.в.дын дагы бир хадисинде келишинче:

«اَلْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ، لا يَظْلِمُهُ وَلا يَخْذُلُهُ وَلا يَحْقِرُهُ»

«Мусулман мусулмандын боордошу, ага зулум кылбайт, аны жардамсыз таштап койбойт жана аны төмөн санабайт».

Экинчи тарап, куфр шеригиӊер айтып  жаткандай, өтө жаман жана өтө кооптуу болгон күндө да, силер эки бузуктун бирин тандай албайсыӊар. Экинчи маселе, силер куфр системасынын малайлары берген маалыматтарга таянып иш кылып жатасыӊар. Шариятта мындай бир тараптуу өкүм чыгаруунун өзү арам. Силер куфрдун шантаж кылуу үчүн чогултуп койгон бир топ далилдеринен эмес, ийниӊердеги эки периште жазып жаткан амал дептериӊерден корккула. Аллахтын далилдери акыйкат жана азабы катуу.

Набий с.а.в. айтат:

«اُنْصُرْ أَخَاكَ ظَالِماً أَوْ مَظْلُوماً…»

«Боордошуӊа залим абалында да мазлум абалында да жардам бер…».

Өкмөт кызматкерлеринин көпчүлүгү мусулмандар. Бирок, алардын башкаруу системасы куфр негизине курулган. Биз аларды акырет азабынан эскертүү менен, куфр тузагынан тартып алуу жөнүндө пикирлешибиз керек. Бирок, куфрдун ишин уланта бериши үчүн аларга жардам берүү менен куфр тарабын тандоо баарыӊардын эки дүйнөӊөргө зыян болот.

Биз силерди бийлик жамандап жаткан экинчи тарапты т.а. исламий жамааттар тарабын тандоого чакырбайбыз. Силерге Аллах тарабынан акыл неъматы берилген. Керек болсо андан да көбүрөөгү т.а. акыйкатты батылдан ажыратып алуучу илим неъматы да берилген. Албетте, башкаларга караганда силердин жоопкерчилигиӊер чоӊураак. Себеби, өзүӊөр айтып  жаткан исламий чакырыктарга тескери жүрүп жатасыӊар. Аллахтан коркуп, тообо кылуу менен, силерди ээрчип жаткан миңдеген мусулмандарга акыйкат жолду көрсөткүлө. Себеби, силер өзүӊөрдү ээрчиген бардык мусулмандар үчүн жоопкерсиӊер. Силер куфр системасы менен келишим түздүӊөр. Кыяматта ошолордун байрагы астында тирилип калган мусулмандар кандай гана бактысыз болушат. Мындан Аллах сактасын.

Расулуллах с.а.в.дын хадисинде узлат (обочолонуу) туурасында келген.

«قَالَ عُقْبَةُ بْنُ عَامِرٍ لِرَسُولِ اللهِ r مَا النَّجَاةُ يَا رَسُولَ اللهِ؟ فَقَالَ: يَا عُقْبَةُ، أَمْسِكْ عَلَيْكَ لِسَانَكَ، وَلْيَسْعَكْ بَيْتَكَ، وَابْكِ عَلَى خَطِيْئَتِكَ»

Укба ибн Аамир Расулуллах с.а.в.дан: “Я Расулуллах с.а.в. нажат эмнеде?”- деп сураганда, Расулуллах с.а.в.: «Эй Укба тилиӊе бекем бол, үйүӊ сени батырсын жана каталарыӊа ыйлагын», – деп жооп берген.

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

9 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago