Россия Сириянын Исламды көздөй багытын өзү үчүн сокку деп эсептөөдө

Россия Сириянын Исламды көздөй багытын өзү үчүн сокку деп эсептөөдө

 Москва: Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу биздин кызыкчылыгыбыздан болгону үчүн ага көӊүл бурабыз

Өткөн жекшемби күнү Россия тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова: “Россия Сирия кризисин чечүүдө өз кызыкчылыктарынан келип чыгып кадам таштап жатат”, – деп кабарлады.

Захарова маалымат жыйынында берген билдирүүсүндө: “Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу Россия үчүн принципиалдуу мааниге ээ, себеби, Сирияны терроризм очогуна айландыруу аракети Россияга каратылган бир сокку”, – деди.

Ал Сириядагы шаарды миналардан тазалоо иштеринде Россиянын ролу өтө маанилүү экендигин айтып: «Бул иш, ал жерде тарыхий баалуулуктар бар болгону үчүн эле эмес, Сирияны нормалдуу жашоого кайтаруу үчүн да болуп жатат», – деди.

Захарованын кошумча кылышынча, Россия Сирия кризисине байланыштуу регионалдык жана эл аралык проблемаларды – эл аралык терроризмге каршы күрөшкө маани берүү менен бирге – өзүнүн улуттук кызыкчылыгынан келип чыккан абалда чечет.

О.э. эл аралык майдандан Россияны четке чыгарууга аракеттер болуп жатканына карабастан, ал эл аралык кооптуу маселелерди жөнгө салуудагы жетекчилигин ар дайым сактап калышын баса белгилеп: «Биз четке чыгып калган жокпуз. Себеби, биз өзүбүзгө каршы турбаган өнөктөштөр эле эмес, биздин четке чыгып калганыбызды жарыя кылгандар менен да мамиледе болобуз» деди. (Россия Сегодня).

Роя гезитинин 2016-жыл, 13-апрелдеги 73-санынан

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago