Обама менен Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, Сирия жана Украина маселесин талкуулашты

  АКШнын демилгеси менен кечээ күнү Барак Обама жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү.

 Бул сүйлөшүүдө мамлекет башчылар Сириядагы ок атууну токтотуу, гуманитардык жардамга шарт түзүү о.э. Украинадагы кырдаал жөнүндө талкуулашкан. Айрыкча, Барак Обама Сириянын өкмөттүк кошуундары оппозицияга каршы жүрүштөрүн токтотушу керектигин жана мында Россия Башар Асадга басым өткөрүшү керектигин баса белгилеген.

 Ошону менен бирге ок атууларды токтотуу маселеси менен параллел көрүнүштө саясий өзгөрүштөрдү да ишке ашыруу жараянын баштоо баса белгиленген.

 Путин болсо “муътадил” оппозициянын “ИШИМ” жана “Жабхат ан-Нусра” террорчу топторунан айырмасын тезирээк аныктоо керектигин о.э. Сириянын Түркия менен болгон чегарасын жабуу керектигин  айтып өткөн.

 Мындан тышкары, эки мамлекеттин башчылары Украинадагы кырдаалды да талкуулашып, АКШ президенти Москваны Украина чыгышындагы кагышууларды токтотуу үчүн чараларды көрүүгө чакырган. Минск келишимин ишке ашыруу зарыл экендиги айтылган.

Туркистон: 

Сирияда АКШ менен Россия кызматташтыкта иш жүргүзүп жатканы акыркы кездерде ачыкка чыгып барууда. Жогоруда Обама Асаддын оппозициялык күчтөр тарапка жүрүшүн токтотуп турушу керектигин Путинден суранып жатат. Эмне үчүн Асаддын өзүнөн эмес. Себеби, Асаддын режиминде аскерий кубат дээрлик калган эмес. Аны орус аскерлери жана жалданма аскерлер тобу коргоп жатышат. Иштин башы да Путиндин жалданма жашыруун армиясынын колунда. Ошондуктан, Обама Путинден аскерий жүрүштөрдү убактылуу токтотуп турушун талап кылууда.

Украина маселеси жана “Минск” келишими жөнүндө эскертип жатканы болсо,  шантаж сыяктуу бир абал. Обама Путинге – эгерде талаптарды өз убагында ишке ашырбаса – басышы мүмкүн болгон жаралуу жерин эскертип койду.

Америка Россияны кооптуу атаандаш деп билбей койду. Алар бири-бири менен өнөктөш болуп көрүнүп жатышканы менен, түпкүлүгүндө, АКШ башчылыгындагы дүйнөлүк куфр армиясына Россия кошулуп алды. Акыркы ядролук куралдануу туурасындагы дүйнөлүк конференцияга Россиянын чакырылбаганы буга далил болот. Россия Обаманын жогорудагы көрсөтмөлөрүн аткарууга мажбур. Ага азыр Асад режимин коргоо милдети жүктөлгөн. Бирок, мүмкүнчүлүктөрү болуп туруп да, душман тарапка бир кадамга жыла албайт. Бул сыяктуу иштер АКШнын буйругу менен гана ишке ашырылат.

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 hours ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

2 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

2 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

3 days ago