Стамбулда өткөн Исламий кызматташтык уюмунун 13-саммитинин акыркы күнүндө жыйынтыктоочу декларация жарыя кылынды. Декларацияда уюмга мүчө мамлекеттердеги “терроризм” коркунучуна көӊүл бурулду. Уюмга мүчө мамлекеттер уюмдун алкагында эл аралык полиция системасын түзүүгө келишип алышты. Бул полиция “терроризм”ге жана башка кылмыштарга каршы күрөшөт.
Батыш мамлекеттеринде Исламофобия жана мусулмандарга каршы чабуулдар күчөп бара жатышына тынчсыздануу билдирилген декларацияда, согуштар себептүү үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болуп жаткан миллиондогон сириялык качкындардын тагдырына тынчсыздануу билдирилди. О.э. декларацияда Палестина аймагында Израиль ишке ашырып жаткан баскынчылыктар, палестиналыктардын үйлөрүн бузуп таштап, алардын ордуна мыйзамсыз туракжайларды куруу, тынымсыз ишке ашырылып жаткан адам өлтүрүү жана камакка алуулар о.э. Газанын блокада кылынышы караланды. Яхудий баскынчылыгына каршы Куддусту коргоо үчүн бир катар иш-чараларды көрүү баса белгиленди.
Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган саммиттин ачылышында бул жыйын үммөткө пайдалуу болушунан үмүттөнгөндүгүн билдирди. Дүйнө беш мамлекеттен эле турбастыгына токтолгон Эрдоган БУУ реформага муктаж болуп калгандыгын да айтып өттү.
“Бүгүн мусулмандар дүйнөнүн көп жерлеринде адилетсиздик астында азап тартып жатканы туйгуларга таасирин тийгизүүдө. Өз өлкөлөрүндө зулум астында жашап жаткан мусулмандар Батыш мамлекеттерине кетип жатышат. Алар Батыш мамлекеттеринде да жек көрүүгө дуушар болушат. (БУУдагы) Өкүлдүк адилетсиздиги тынчсыздыктын негизги себептеринин бири. Мисалы, БУУнун Коопсуздук кеңешинде дүйнө калкынын төрттөн бир бөлүгүн түзгөн мусулмандардан туруктуу өкүл барбы? Убактылуу мүчө болуунун эч кандай пайдасы жок. Беш мүчөнүн бири тескери иш кылса болду! Дүйнө беш мамлекеттен эле турбайт. БУУ реформа кылынышы керек. Биз акыбызды талап кылышыбыз үчүн күрөшүүбүз керек. Биринчиден коопсуздук, адилеттүүлүк жана өнүгүү маселелерине өзгөчө көӊүл бурушубуз керек. Адилеттүүлүктөн үмүтүн үзгөн адамдарды террордук уюмдар пайдаланышы анык. Боордоштукту сөздө эмес, иш жүзүндө көрсөтөлү”, – деди Эрдоган.
1969-жылы түзүлгөн Исламий кызматташтык уюмуна 56 мамлекет мүчө. Чоӊдугу боюнча БУУдан кийинки орунда турган Исламий кызматташтык уюму бардык исламий өлкөлөрдү бир жерге топтогон жападан-жалгыз уюм. Бул уюм 3 жылда бир жолу саммит өткөрүп турат. Ал эми бул уюмга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин конференциясы жыл сайын өткөрүлүп турат. Уюмга жетекчилик кылуу бул ирет Мисирден Түркияга өттү.
Туркистон:
Бул уюм жана дагы ушул сыяктуу ислам чүмбөтү астындагы башка уюмдардын дүйнөлүк саясатта кыпындай да таасири жок. Алар үммөттүн ойгонуу процессин кечиктирүү үчүн куфр ойлоп тапкан долбоор негизинде иш алып барышат. Бул сыяктуу уюмдар дүйнөдө куфрдун зулумдарына каршы аракет кылып жаткандай болуп көрүнүү менен үммөттү кадыржам кылмакчы болушат.
Түпкүлүгүндө, бул уюмга мүчө мамлекеттер жогорудагы сыяктуу жыйындары менен мусулмандарды жана коомчулукту алаксытмакчы болушат. Алар айтып жаткан сөздөрдүн болсо, кыпындай да таасири жок.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…