Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп шайланды

 Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлиги жана өкмөттүн жаңы курамы каралды. Добуш берүүгө катышкан 115 депутаттын баары анын өкмөт башчы болушуна жана өкмөттүн жаңы курамына макул болду. Калган 5 депутат парламент жыйынына келген жок.

Туркистон:  Кыргыз элитасы күндөн-күнгө начарлап бара жатат.

Кыргызстан элитасы коррупцияга батып, мамлекеттик жетекчилер саясаттан четтеп бара жатышат. Алар мамлекеттин тагдырына кайдыгер болуп калышты. Мамлекет жетекчилери кайда жана кандай абалда болушуна карабастан – т.а. бийликтеги саясатчыбы же карапайым жумушчубу айырмасыз – мамлекеттин кызыкчылыктарына өзүн жоопкер деп билген жана ушул жоопкерчиликти иш жүзүндө көтөрө алган адамдар болушат. 

Саясий майданда кудум Россиядагы сыяктуу, өкмөт өкүлдөрүнөн турган капиталисттер пайда болушуп, алар бийликтен байлыктарын коргоо жана көбөйтүү үчүн пайдаланып жатышат. Россияда буларды “олигархтар” деп аташат. Ал мамлекетте бул “олигархтар” армиясынын башында Путиндин өзү турат.

Кыргыз бийлигин болсо эл аралык саясий күчтөр башкарып жатат. Кыргыз саясатчылары – кудум мамлекеттик башкарууну автопилотко коюп койгондой – Кыргызстандын келечеги же экономикалык жактан өнүгүшү жөнүндө ойлобой коюшту. Алар мамлекеттен мүмкүн болушунча жеке кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып алуу механизми катары пайдаланып жатышат. Бийликтегилери менен оппозициядагылардын айырмасы жок.

Акчалуулар саясатчыга айланышып, адистер четте калып жатышат. Жээнбековдун премьер-министр болуп келиши бул сөздөрүбүздү тастыктап турат. Кыргызстан саясий элитасында бул адамдын таасири жок. Демек, муну иниси Асылбек Жээнбеков сунуштаган.

 Ал Ош областында губернатор болуп турган кезде өзүн итааткөй жана саясий эрксиз жетекчи катары көрсөткөн эле. Эми премьер-министрликке ушундай саясатчы керек болуп калыптыр. Бул сыяктуу саясатчылар мамлекетти ойгонууга жетектөө тууралуу, же болбосо өзгөрүү жана көз карандысыздыкты көздөй багыттоо тууралуу пикирлей алышпайт. Бул нерсе Кыргызстан бийлигинин төмөндөп бара жатканын о.э. тышкы күчтөргө таянуу жана көз каранды болуу күчөп бара жатканын билдирет.

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

15 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

2 days ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

2 days ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

4 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

5 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

6 days ago