НАТОнун Башкы катчысы Йенс Столтенберг Атлантика Кеӊешинде сүйлөгөн сөзүндө, “терроризм”ге каршы күрөш үчүн НАТО кошуундарын фронтко киргизүүнүн ордуна Саудия башчылыгында түзүлгөн “исламий коалицияны” о.э. жергиликтүү күчтөрдү колдоп-кубаттоо сунушун көтөрүп чыкты. Столтенберг суроого жооп берип жатып, Сирияга аскерий жактан аралашканга караганда, Исламий өлкөлөр тарабынан түзүлгөн эл аралык коалицияны көбүрөөк колдоп-кубаттоо жакшы натыйжа беришин баса белгиледи. Столтенбергдин айтымында, ал үчүн майдандагы жергиликтүү күчтөрдү аскердик даярдыктан өткөрүү да маанилүү.
НАТОнун Башкы катчысы жергиликтүү күчтөр өз өлкөлөрүн коргой алышы мүмкүн болгон чекитте аларды колдоп-кубаттоо мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтты. Анын баса белгилешинче, жергиликтүү күчтөр НАТО тараптан тез жана натыйжалуу көрүнүштө аскердик машыгуудан өткөрүлүшү керек.
“Терроризмге каршы күрөштө жергиликтүү күчтөрдү уюштуруу биздин колубуздагы эң жакшы курал болуп эсептелет. Муну канчалык тез ишке ашырсак, ошончолук жакшы болот”, – деди Столтенберг.
Бул чекитте Афганистанды мисал кылып келтирген Столтенберг: “Афганистанда кетирген эң чоӊ катабыз жергиликтүү күчтөрдүн тажрыйбасын ашырууну кечирээк баштаганыбыз болду”, – деп кошумчалады.
Столтенберг терроризмге каршы күрөштө жергиликтүү күчтөр жана эл аралык коалиция кошуундарын “абадан алдын ала эскертүү” жана “көзөмөл кылуу” системасы (АWАCС) менен колдоп-кубаттоо сунушу бар экендигин да айтып өттү.
Туркистон:
Столтенберг бүт куфр дүйнөсүнүн стратегиялык позициясын айтты.
Алар региондордо өздөрүнүн бирер кызыкчылыгы үчүн аскерий проблемаларды пайда кылышат да, андан соӊ проблеманы жөнгө салууну бизден талап кылышат. Анда биз куфр кызыкчылыктары үчүн өз боордошторубузду өлтүрүүгө ыраазы болушубуз керек болот.
Куфр дүйнөсү ушул күндөрдө да жаратылыш байлыктарыбызды ташып чыгып кетүүдө. Ушул иштери токтоп калбастыгы үчүн биздин өлкөлөрүбүздө өнөржайлардын өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатышат. Натыйжада биз жакырга, куфрдун жалданма аскерлерине, чыккынчы жана бузуку мусулмандарга айландык. Бул нерсе куфрдун борборлошкон системалуу аракеттер аркылуу көптөгөн жылдар бою даярдануусу негизинде ишке ашты. Эми биздин арабыздан кээ бир мусулмандар куфрга нааразы болуп, “бул кордуктар качанкыга чейин уланат” деп козголо баштады.
Куфр дүйнөсү биздин арабыздан исламий туйгулары күчөп кетип, атырылып чыгып жаткан боордошторубузга курал берип, аларды биздин арабыздагы малайлары аркылуу материалдык жактан колдоп жиберүү менен кээ бирлерин адаштырып, чалкештирип жиберди. Кээ бирлери болсо, өлкөсүн, ар-намысын жана жакындарын коргоо үчүн куралданды. Эми, “ушул боордошторуӊарды өлтүргүлө” деп жатышат. “Биз бир четте туруп, силерди да адам өлтүрүүгө үйрөтөбүз, силерди да алардай куралдандырабыз, материалдык жардам менен камсыздайбыз”, – деп жатышат. “Болгону, колдообуздун негизи болгон нефть, газ сырьёлорун ташып кетүүнү токтотпосоӊор болду, биз силерди өзүӊөрдөн алып жаткан байлыктар менен камсыздап турабыз, болгону боордошторуӊарды өлтүрсөӊөр эле болду”, – деп жатышат.
Мусулмандардын, ал тургай өлүмгө татыктуу болгон же шарият боюнча өлүмгө өкүм кылынган боордошун да куфрдун колу, жардамы, колдоосу же буйругу менен өлтүрүшү арам. Тескерисинче, мусулмандар ал боордошун куфрдун кол астынан – курмандыктарды берип болсо да – куткарып алып, андан соӊ шаръий мекемеде өздөрү өлтүрүшү важиб болот. Аалымдар муну билишет, бирок, ушул өкүмдөрдү өздөрү үчүн аманат деп билбей жатышкан окшойт. Себеби, муну айтпай жатышат.
Халифалыктын жоктугунан мусулмандар эмнени жоготушту? Саид Ридван Абу Аввад Медина шаарында алгачкы Ислам мамлекети негизделгенде,…
Америка тышкы жардамды өлкөлөрдү көзөмөлдөө үчүн кантип колдонууда? Доктор Диван Чоудри Америка президенти Дональд Трамп…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…