Эрдоган: АКШ жаныбызда болушун каалайбыз

Бир аз мурда АКШга: “Эй Америка! Биз мененсинби же террористтер мененби?” – деп кайрылган Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган Түркия менен АКШ ортосундагы мамилелер тарыхта болгону сыяктуу эле, азыркы кезде да бекем экендигин баса белгиледи. Президент бул сөздөрүн “St. Regis” мейманканасында уюштурулган жыйында айтып өттү.

“Тарыхта болгону сыяктуу эле, бүгүн да АКШ  жана Түркия ортосундагы мамилелер ордунда. Кызматташтыкты ортоктош кызыкчылыктар жана өз ара кызыкчылыктар негизинде өнүктүрүү үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз о.э. мындай кылууну улантабыз. Өз ара карама-каршылыктуу маселелерди чечүүдө да АКШ-Түркия биримдигинин алтернативасы жок экендиги анык. Бул жерде негизги маселе мындай, стратегиялык даражада болобу, тактикалык даражада болобу, айырмасыз, кызматташтыкты чыныгы мааниде натыйжалуу ишке ашыруу”, – деди Түркия президенти.

Түркияга жакын аймактарда чоӊ кырсык жана гуманитардык кризистер пайда болгонуна о.э. Түркия тынчтык үчүн колунан келишинче аракет кылып жатканына ишара кылып өткөн Эрдоган, “бул жаатта АКШ жаныбызда болушун каалайбыз” деп кошумчалады.

Ядролук коопсуздук саммитине катышуу үчүн АКШга барган Эрдоган CNNге берген интервьюсунда Батыш мамлекеттери террорризмге каршы күрөштө Түркияны жалгыз таштап койгондугун айтты.

“Бул мамлекеттерди терроризмге каршы күрөштө бирдей позицияда болууга чакырып келебиз. Батыш мамлекеттери бизди жалгыз таштап коюшту. Разведка маалыматтарын алмашуу жаатында күткөндөрүбүз эч качан ишке ашпады”, – деди Эрдоган CNNге берген интервьюсунда.

Туркистон:

АКШ акыркы кезде Россияны да кол астына алып, анын кээ бир кызыкчылыктарын эсепке ала баштады. Россияны курсант кылуу үчүн Европа жана Түркиядагы бир катар террордук операцияларды уюштурууда же террордук операцияларды ишке ашырып алышына шарттарды түзүп берүүдө. Натыйжада адамдар курман болуп жатат. Бул “Сирия маселесинде көрсөткөн кызматтары үчүн Американын Россияга белектери болду” деп айтсак болот.

АКШнын бул аракеттери Түркияны кабатыр кылып жатат. АКШнын Россия менен бул кызматташтыгы кайсы жерге чейин барышы мүмкүн. Ага дагы канча бейкүнөө кандарды төгүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Эрдоганды бул проблема албеттте кызыктырат.

Бирок, террордук операциялар аяктай элек. Путин кастыгы бар бир катар тышкы душмандарынан өч алып болгондон кийин, негизги проблемасы болгон Россия калкынын үстүнөн террордук иштерди баштайт. Бул нерсе Путин кылган кызматтары үчүн АКШдан сураган кызмат акысы болуп эсептелет. Бул ишти кудум 1990-жылдарга окшогон көрүнүштө ишке ашырууга даярдык жүрүп жатат. Путиндин бул жасалма жардыруу операцияларына да АКШнын мүмкүнчүлүк бериши күтүлүүдө.

Жогоруда Эрдоган өзүн АКШга сунуштап жатып, АКШдан Россияны жана ал куралдандырып жаткан күрттөрдү колдоп-кубаттоону токтотушун суранып жатат. Ошону менен ал өзүн АКШ үчүн пайдалуураак кызматчы кылып көрсөтүүгө аракет кылат. АКШ болсо максатына жетишип барууда. Ал Россияны агрессор кылып көрсөтүү менен Европа, Түркия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттерин коркутмакчы болгон эле…

turkistonkg

Recent Posts

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

21 hours ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

21 hours ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago

Абу Жахилдин өлтүрүлүшү

Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago