Доктор Фараж Мамдух калемине таандык
Европа Союзу Рим конвенциясынын талабы боюнча 1957-жылы түзүлдү. Анын түзүлүшү Европа экономикалык коомчулугу же Европа жалпы базары деген аталышта болду. Ошондон бери Түркия ушул Европа Союзуна кошулууга аракет кылып келет. 1959-жылы толук мүчө болуу үчүн кайрылды. Бирок, Түркиянын кошулушу толук көрүнүштө болбоду. 1963-жылы Анкара менен Европа жалпы базары ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду. Бул нерсе эки тараптын ортосундагы Түркияны толук кандуу мүчө кылуу боюнча сүйлөшүү негизинде ишке ашырылды. Бир башталып, бир токтоп уланган узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөрдөн кийин 1984-жылга келип Түркия дагы кайрадан толук мүчө болуу үчүн кайрылды. Бирок, Европа системасы Түркиянын кайрылуусуна оӊ жооп кайтарбады жана кайрылуунун жообун белгилүү бир абалга чейин кечиктирди. Бул абал Түркиянын толук кандуу мүчө мамлекетке айланууга талапкер болуу абалы болчу. 1999-жылы Түркия Европа Союзуна мүчө болууга талапкер катары кабыл алынды, бирок бул жаатта сүйлөшүүлөр башталбады. 2005-жылы Адилет жана Өнүгүү партиясынын өкмөтү бул жаатта олуттуу кайрат кылгандан кийин Европа Союзу мамлекеттери Түркия менен анын ушул биримдикке толук кандуу мүчө болууга талапкер катары сүйлөшүү алып барууга ыраазы болушту. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин Түркия Европа Союзуна толук кандуу мүчө боло албай жатат. Түркиянын мурдагы президенти Абдуллах Гүл жана башка бир нече түрк жооптуулары бирген билдирүүлөргө караганда, Европа Союзу 80 миллион мусулманы бар исламий өлкөнү өз сабына кабыл алгысы келбей жаткандай.
Белгилүү болгондой, мыйзам жана программа түзүмү өз ара окшош нерсе. Бирок ошого карабастан, 1923-жылы Түркия республикасы түзүлгөндөн бери түрк мыйзам программаларынын көпчүлүгү Батыш мыйзамдарына, айрыкча, Швеция жана Франция мыйзамдарына таяна турган болуп калды. Белгилүү болгондой, Түркиянын 14 миллиондон ашуун калкы Европада жашайт, Түркиянын кээ бир бөлүгү географиялык жактан Европа континентинин ичкерисинде жайгашкан, Түркия дүйнөдө кеӊири жайылган «терроризм»ге каршы күрөштө Европа менен кызматташып келет, бул күрөш болсо Европа менен Түркия ортосунда өз ара кызматташтык жана маалымат алмашуууну бекемдөөнү талап кылат, Түркия Европа каалаган илманий мабдага негизделип түзүлдү…, ушулардын бардыгына карабастан, Европа Союзу мына ушундай калктын санына ээ болгон жана тарыхында Исламий Усманий Халифалык мамлекети болгон бир мамлекеттин Европага кадам коюшун каалабай жатат. Чындыгында, бул абал ал тургай Түркиядагы кээ бир жооптууларды үмүтсүздүк менен билдирүү берүүгө үндөдү. Мисалы, Түркиянын Европа Союзундагы элчиси Селим Йенел: «Түркия эч качан Европа Союзунун туруктуу мүчөсү боло албайт. Ошондуктан, ал өзүнүн кызматташтык саясатында башка альтернатива издеши керек», – деди.
Анкара Европа Союзуна мүчө болууга аракет кылып жатып, ушул аракетин активдештирүү үчүн көптөгөн кризистерден пайдаланууда. Алардын негизгиси, Сириядан келген качкындар жана Европа мамлекеттерине мыйзамсыз көчүп өтүү кризиси болууда. Себеби, Түркия жүз миңдеген сириялык мигранттарга Европага өтүп алышы үчүн өз жерлерин ыңгайлуу транзитке айландырып берди. Бул болсо, Европа Союзу мамлекеттери ичкерисинде үлкөн кризис пайда кылды. Мигранттардын көпчүлүгү мусулмандар, алар Иордания, Түркия жана Миср сыяктуу Сирияга «дос» мамлекеттерде дуушар болуп жаткан абалдарга караганда Европада жакшы жашоону абзел көрүп жатышат жана бул табигый нерсе. Бул болсо, Европаны ал бир нече жылдардан бери азап тартып келе жаткан эл аралык экономикалык кризистен да башкача болгон бир ахлакий жана экономикалык кризиске кептеп койду. Ошондуктан, Европа Союзунун Сирияга кошуна мамлекеттер менен ушул жылы өткөргөн кезектеги жолугушуусунда ортого ташталган чечимдердин бири мыйзамсыз миграцияга чек коюу чечими болду. Т.а. кошуна мамлекеттердеги, ошону менен бирге, Түркиядагы сириялык качкындарга алардын жашоосун жана күтүп алуу шарттарын жакшыртуу менен чек коё турган болду. Бирок, Түркия ушул маселеден күзүр карта катары пайдаланып, Европа Союзуна мүчө болуу маселесин активдештирүүгө аракет кылууда.
Европа Союзу мигранттар маселесинде биротоло келишимге жетишүү максатында Түркия менен саммит өткөрүү үчүн ушул айдын 17-18-күндөрүн белгиледи. Евро комиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер эки тарап «негизги принциптер аркылуу качкындар кризисине кызматташтыкта чечим берүүгө» келишип алганын баса белгиледи. Ошол эле учурда, европалыктар Түркиянын кезектеги талаптарынан ыӊгайсыз абалга түшүп калышты. Себеби, Анкара Брюссель саммитинде Анкаранын Европа Союзуна мүчөлүгү маселесин талкуулоо үчүн Европа-Түркия сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги бөлүгүн ачууга чөйрө даярдоону о.э. июнь айынан баштап түркиялыктардан визаны бекер кылууну Европа Союзунан талап кылган эле. О.э. Европа Союзу тараптан бөлүнгөн 3 миллиард доллар өлчөмүндөгү жардамды 6 миллиардга көбөйтүү шартын койгон эле. Европа Союзу Сириялык качкындарды каражат менен камсыздоо үчүн 2018-жылга чейин бериле турган бул каражатты Түркияга мыйзамсыз мигранттардын өтүшүн токтотуунун акысына убада кылган эле.
Шек-күмөнсүз, Европа Союзу мамлекеттери Түркиянын Европа Союзуна мүчө болушу маселесине өтө этияттык менен карап жатышат. Себеби, бул тарыхий жана диний жактан назик тема болуп эсептелет. Ошону менен бирге, Европа мамлекеттери бүгүн Түркиянын өз саясатында Америка сызган сызык бойлоп аракет кылып жатканын о.э. алдыдагы кризистин бир бөлүгү Түркия экенин түшүнүп турушат. Себеби, Түркия америкачыл Асад режиминин калышын колдоп-кубаттоодо Америка тарапта болууда. Түрктөрдүн массалык маалымат каражаттары мунун тескерисинче билдирүү берип жатканына келсек, бул бузулган укукту коргоо саясаты болуп эсептелет. Ошондуктан, Түркиянын Европа Союзуна мүчө болуу маселеси активдешүүсүндө болгону дагы бир топ убадаларды күтүүгө болот, мындан ашык нерсе күтүлбөйт. Албетте, түрк тарап да муну түшүнүп турат. Ошондуктан, Түркия түрктөргө Европадагы визаларын бекер кылуудан жана Сириялык качкындарга бөлүнгөн жардамды көбөйтүүдөн турган эки шартты койду. Т.а. “алыстагы арпадан жакын жердеги саман жакшы” дегендей иш кылып, аз болсо да эки шартты койду.
Роя гезитинин 2016-жыл, 16–марттагы 69-санынан
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…