Балагатка жеткенге чейин шариатта кыз бала жоолук салынсын деген жок. Кыздардын кээ бири 12-13 жашында балагатка жетет. Жоолук маселесин ыктыярдуу түрдө чечүүбүз керек. Мектептин көйгөйүн жоолук маселесине айлантпашыбыз керек. Учурда рэкетчилик, суицид сыяктуу көйгөйлөр бар. Андыктан, билим берүүнү жакшырталы, – деди Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 29-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Аврора санаторийинин жыйындар залында өткөн форумда.
Муфтий жоолук маселесиндеги талаш-тартыш ыктыярдуу түрдө болуусун айтып, мектеп жашындагы жоолук маселесине эмес, окуучуларга билим берүүнү күчөтүү керектигин айтып өттү.
Туркистон:
Кыргызстан уламаларына өкмөт жана күч түзүмдөрү тарабынан катуу кысым болуп жаткандыгы жашыруун сыр эмес. Алардын көпчүлүгү ушундай абалда да мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, дин жана мусулмандарга бирер пайда келтирүү жөнүндө пикирлешет. Кээ бирлери, куфрдун кызматына баш-оту менен кирип кетишти.
Биз Өзбекстан мисалында бул сыяктуу жараяндын натыйжасын көрүп келе жатабыз. Бүгүнкү күнгө келип Өзбекстан аймагында өзбек уламаларынан дарек да калган эмес. Болгону халат кийген жана башына селде оронуп алган бир нече фасик жана таасири жок келемиштер гана калышты. Алгач диний радикалдар деп атап алышкан миӊдеген мусулмандарга басым өткөрүшсө, кийинчерээк сүкүт сактап турган диний уламаларды коомдон четтетишти. Бүгүнкү күндө болсо акыркы баскычка келишип, анда диний көрүнүштөрдүн бирин да калтырбастык үчүн көчөлөрдө хижаб жана башка диний кийимдер үчүн жазалай башташты. Өзбекстанда бирер ишкана жана дүкөндөрдүн ичинде намаз окуу мүмкүн эмес.
Кыргызстан уламалары да Өзбекстандагы абалдардан сабак алышы керек. Куфр системасы негизинде иш жүргүзүп жаткан күчтөр аларды алдамакчы болуп жатышат. “Терроризм, экстремизм” сыяктуу өздөрү ойлоп табышкан атамалар астында Ислам динине жана мусулмандарга каршы күрөш жүргүзүлүп жатканы баарыбызга белгилүү. Башка өкмөттүк органдардын өкүлдөрү да диний башкармалыктын өкүлдөрү сыяктуу эле мусулмандар болуп эсептелишет. Алар да болуп жаткан зулумдарды көрүп туришат. Коюлуп жаткан айыптар жасалма экенин алар да билишет. Мамлекеттик кызматкерлер мусулман боордоштору куфр мыйзамдары негизинде акыйкатсыздык менен жазаланып жатышканын билип турушат. Уламалар, диний кызматкерлер жана имамдар болсо, мусулман боордошторуна шариятка тескери мамилелер, жазалар, жалаалар жана кемсинтүүлөр болуп жатканын көрүп турушат. Алардын арасында ар түрдүү адамдар бар. Кээ бирлери бул зулумдарга шерик болуп жатып, чын дилден аракет кылышса, кээ бирлери “мажбур болгонум үчүн Аллах мени кечирет” деп ойлошот. Бирок, экөө теӊ өз позициясында туура эмес экендигин жана залимдер сабында экендигин билишет.Аллах баарыбыздын күнөөлөрүбүздү кечирсин.
Кээ бир арам иштерден тышкары, өкмөттүк кызматтарда же диний мекемелерде иштөө мубах болуп, мусулман адам ал жерлерде иштеп үй-бүлө бакканы үчүн акыретте жазаланбайт. Бирок, ошол иш орундарындагы кээ бир ката кемчиликтери үчүн күнөөкөр болушу мүмкүн. Мисалы, кыянат кылышса, уурулук кылышса т.а. ошол жерде иштегени үчүн эмес, ал жерде арам иштерди кылганы үчүн же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мусулмандарга зулум кылуу же Исламга каршы фитначыларга жардамдашып бирер иш кылуу менен катуу күнөөкөр болушу мүмкүн.
Ошондуктан, жогорудагы муфтий боордошубузга жана ал киши сыяктуу ыймандары оор абалда калып иш жүргүзүп жаткан бир катар мусулман боордошторубузга сабыр сурап, аларга Аллах тарабынан келе турган нусратка тобокел кылууну жана Аллах тарабынан келе турган балээ-казалардан баанек суроону, Аллах тарабынан белгиленген иштер гана башыбызга түшөт деп ишенүүнү насаат кылабыз. Мусулман адамды айрыкча ушул күндөгү оор абалыбызда ыйман-ишеним жана ага бири-бирибизди чакырып туруу гана сактап калат. Ассаламу алайкум.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…