Дубай улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орунбасары Дахи Калфан Тамим яхудийлер башчылыгында ыйык топуракта “яхудий-араб” мамлекетин тикелөө керектигин баса белгиледи. Тамимдин айтымында, ушул кезге чейин арабдар башчылыгында Палестина мамлекетин куруу аракеттери ийгиликсиз болгон.
О.э. Калфан Тамим өзүнүн “Twitter” социалдык тармагындагы баракчасында Израиль мамлекети өздөрү үчүн душман эместигин билдирди. Анын айтымында, Израиль болгону эгемендүү Палестина мамлекети тикеленишин гана колдобойт.
Калфан Тамим Иран бийлиги Палестина маселесинен соода катары пайдаланып келе жатканына өзгөчө басым жасап, Палестина мамлекетин куруу мүмкүн эместигин айтты. Тамимдин айтымында, яхудийлер жетекчилигинде курулуучу “яхудий-араб” мамлекети бир тараптан тынчтыкты жүзөгө чыгарса, экинчи тараптан болсо башкарууда ийгиликке жетишет.
Жакынкы Чыгыш проблемалары туурасында да токтолуп өткөн Тамим душманга каршы Израиль менен кызматташууга чакырды. А бирок, душман ким экендиги тууралуу ооз ачпады.
“АКШ да Израилге жакыныраак болууга аракет кылууда. Бүт дүйнө бири-бирине жакын болуу үчүн аракет кылып жаткан бир учурда биз да душмандарыбызга каршы Израиль менен кызматташуубуз керек”, – деди Тамим.
Бирок, Тамимдин сөздөрүнө комментарий берген жакындары анын оозунан чыккан “душман” сөзү Иранга ишара экендигин билдиришти.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…