Кыргыз-өзбек чегарасындагы проблемалардагы колонизатор куфр системасынын ролу

Туркистон:

Эл аралык саясатта ири жана жетекчи мамлекеттер кичинекей жана алсыз мамлекеттер ортосундагы чегара аймактарынан колония кылуу куралы катары пайдаланып келишет. Алар алгач мамлекеттерди эл аралык глобалдык мыйзамдар жардамында саясий жана экономикалык тараптан кризиске учуратышат. Андан соӊ аларга ушул абалдан чыгып алуу жолу катары мамлекетти бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберүүнү насаат кылышат. Бул жараяндарды тездетип жиберүү үчүн бир мамлекеттин ичиндеги бир нече улут же дин өкүлдөрүнүн ортосуна жикчилдик жана улутчулдук уруктарын себишип, улуттар жана диндер аралык согуштарды пайда кылышат. Муну Югославиянын жок болуп кетишинде көргөнбүз. Андан соӊ алар өздөрүнүн кол астындагы эл аралык мыйзамдары жардамында проблемаларды – улуттардын же белгилүү бир дин өкүлдөрүнүн ортосунда жасалма чегараларды тартып берүү менен – чечип берген болушат. Бул жараян т.а. региондордогу мамлекеттерди майда бөлүктөргө бөлүп алып башкаруу ыкмасы колонизаторлорго коопсуздук жана ыңгайлуулук жагынан өзгөчө жеӊилдиктерди берет. (Бул өзүнчө тема)

Орто Азия мамлекеттеринин абалы да кудум ушундай. Алар бири-бири менен биригип, ортосундагы транзит, газ, нефть, соода алакалары жана  суу ресурстарынан жалпы кызыкчылыктары жолунда пайдаланышынын алдын алуу максатында, куфр дүйнөсү улутчулдук, диний жикчилдик, расалык жана социалдык кемсинтүүлөрдүн алдын алуу сыяктуу комиссиялар жардамында бузукчулук уруктарын сээп турушат. Муну алар – БУУнун, этникалык азчылыкты коргоо уюму, аялдардын укугун коргоочу уюмдар, диний жана расалык кемсинтүүлөрдүн алдын алуучу уюмдар жардамында –биздин ички иштерибизге аралашып алып ишке ашырышат.

Натыйжада биз, бири-бирибизди жаман көрө турган, арабызда проблема чыкса, бири-бирибиз менен ал тургай жолугуша албай турган, же дароо колонизатор куфрдан жардам сурап бара турган душмандарга айланып калабыз. Бул болсо, куфр жетекчилери үчүн бизди колония чынжырлары астында кармап турууга ыӊгайлуу шарттарды түзүп берет.

18-март күнү өзбек аскерлеринин Кыргызстанга караштуу болгон, бирок азырынча анык чечилбеген аймакка бастырып кириши колонизатор куфр жетекчилери үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Атамбаев журналисттерге “биз кошуна мамлекетти газ берип жатып, бизге басым өткөрүү укугунан ажыраттык” деди.  А бирок, бул газ берип жатып басым өткөрүү укугун Өзбекстандан алып Россияга тапшырып койгонун айтпады. Ушундай пикирлөө ыкмасы Каримов жана башка кошуна мамлекеттердин башчыларында да үстөм болуп, алар да бири-бирине өчөшкөн ката аракеттер менен куфр тузагындагы абалдарын колонизатор мамлекеттерге дагы да бекемдеп беришет.

Өзбекстандын баскынчылык аракети Россиянын Кыргызстандагы бир катар позицияларын бекемдеп алышына жардам берет. Батыш колониялары үчүн болсо, мамлекетте өзүнө көз каранды болгон оппозициялык күчтөрдү бекемдеп алууга жардам бериши мүмкүн. Кандай болгон күндө да, бул иштин Кыргызстан же жалпысынан Орто Азия региону үчүн ар тараптуу зыян алып келиши күтүлөт. Себеби, Кыргызстанда колонизаторлордун өз ара күч сынашуусу себептүү келип чыгышы күтүлүп  жаткан жарандык согуштар же алар айтып жаткан революциялык аракеттер Орто Азия мамлекеттерине терс таасирин тийгизиши анык.

Кыргызстанда АКШнын көрсөтмөлөрү негизинде жандана баштаган түстүү революциялык аракеттер Россияны Украина долбоорундагы сыяктуу аскерий аралашуу үчүн шарттарды пайда кылууга үндөйт. Ал региондо аскерий кубатын күчөтүп алышы үчүн болсо, жогорудагы кыргыз-өзбек чегара проблемалары пайдалуу болушу мүмкүн. Оппозиция жана өкмөттүн арасындагы “баатырлар” болсо, Путинден жардам сурай башташты. Алар Путин келип, мамлекетибизди кудум Сирия сыяктуу бомбалоо менен талкалап беришин каалашабы?

Эй боордоштор, проблеманын борбордук чекити – жашообузда исламий идеологиянын жоктугунда

Бир гана Ислам идеологиясы өзбек жана кыргыз улуттарын бириктирип, аларды боордош, ага-ини кыла алат. Муну эч ким четке кага албайт. Бирок, куфр дүйнөсүнө көз каранды күчтөр, ар бири өз мамлекетинде туруп, ар бири өздөрүнүн улуттук робиталарын идеология катары көтөрүүгө аракет кылып жатат. Алар дүйнөлүк куфр системасынын көрсөтмөлөрү негизинде улуттар аралык жаӊжалдарды күчөтүшүп, чегарадагы жана мамлекет ичиндеги улуттук кастыктар жок болуп кетишинин алдын алып жатышат. Ооба, алар бул улуттук бузук робитаны атайылап ачык жарыя кылып, ага чакырып жатышат.

Куфрдун бул кырсыктуу улутчулдук пайда кылуу багытына тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон диний уламалар жана имамдарды болсо, коомдон четтетип жиберишти. Алардын кээ бирлерин бирер кылмыштары үстүндө шантаж кылып коркутуп алышкан болсо, кээ бирлерин куугунтукташты. Ага да моюн сунбай акыйкаттан кайтпагандарын камакка алышты.

Мусулман боордоштор:  Силер куфрдун айла-амалдарынан аман калуу үчүн Ислам динин көздөй аракет кылгыла. Бир гана ушул жол бизди куфрдун саясий айла-амалдарынан сактап калат. Эсиӊерде болсун, куфр системасы же мамлекети жана уюмдары эч качан биздин өнүгүп кетишибизди каалаган эмес. Себеби, өнүгүү – бул өздүгүн таанууга алып барат. Өздүгүн тааныган улут болсо, төмөндүккө ыраазы болбойт. Ошондуктан, Каримов сыяктуу диктаторлор – мамлекет бай болгон абалда да – өз жарандарын кордукта жана кыйынчылыкта кармап турушат.

Абдураззак.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago