Өзбекстан чегарачылары 18-мартта Кыргызстандын Аксы районуна жакын жердеги талаштуу аймакка аскерий техникалар менен кирип келип, блокпост орнотуп алышып, Кербен – Ала-Бука жолунан өткөн жолоочулардын документтерин текшере баштаган эле.
Өзбекстан бийлигинин бул аракетинен кийин Кыргызстандын чегара кызматы да бул аймакка аскерий техника жана чегарачыларын жайгаштырган. О.э. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги да расмий Ташкентке нааразылык нотасын жөнөткөн эле. Бирок, арадан ушунча күн өтсө да Өзбекстан бийлиги бул нотага жооп кайтарбады. Эки мамлекеттин расмийлери жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы, болгону аскерийлердин санын сегизге чейин кыскартуу гана болду.
Кыргыз-өзбек чегарасында жүз берген абалдан кийин 22-март күнү Москвада Кыргызстандын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун туруктуу кеӊешинин кезексиз жыйыны болуп өттү.
ЖККУнун маалымат катчысы Владимир Зайнетдиновдун кабар беришинче, ЖККУ туруктуу кеңешинин жыйыны Бишкек убактысы менен 14:30да башталды. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү катышты.
Жыйында Кыргызстандын ЖККУдагы туруктуу жана ыйгарым-укуктуу өкүлү А. Мамбетсеитов кыргыз-өзбек чегарасындагы кырдаал боюнча расмий маалымат берди. Жыйын 23-март күнү да улана турган болду.
Өз кезегинде Кыргызстандагы оппозиция өкүлдөрү кыргыз-өзбек чегарасында жүз берген кырдаалдан пайдаланып, 22-март күнү Аксыда тынчтык митингин өткөрүштү. Митингге Камчыбек Ташиев, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыровдор катышты.
Митингде айрым оппозиционерлер чегарадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) жана ЖККУ сыяктуу эл аралык уюмдар катышуусу керектигин айтып чыгышты. О.э. Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы чегара боюнча келишпестиктерди чечүүдө ортомчу болууга Россия президенти Владимир Путинди чакыруу сунушталды.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…