Ишемби күнү Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу Тегеранда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдө эки мамлекет ортосундагы алакаларды өнүктүрүү о.э. нефть, газ, энергетика, транспорт, туризм, бажы жана банк маселелери боюнча кызматташтыкты бекемдөө талкууланды. Айрыкча, соода жүгүртүү көлөмүн жылына 30 миллиард долларга көтөрүү үчүн бардык тоскоолдуктарды алып таштоо механизми талкууланды.
«Жакынкы Чыгыштагы боордошторубуз ортосундагы согушту токтотуу о.э. расалык жана мазхабчылык жаӊжалдарын токтотуу үчүн биргеликте аракет кылышыбыз керек», – деди Давутоглу Ирандын вице-президенти Исхак Жахангири менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында. Андан соӊ «дүйнө караштарыбыз кээде карама-каршылыктуу да болууда, бирок, биз тарыхыбызды же географиябызды өзгөртө албайбыз» деп кошумчалады.
Түркия премьер-министри түздөн-түз инвестиция жаткыруу көбөйүшүнөн үмүттөнгөндүгүн билдирип, «себеби биздин максаттарыбызга жетишүүбүзгө тоскоол болуп келген эл аралык санкциялар алынды, бул болсо, эки тараптуу соода жүгүртүү көлөмүн жылына 30 миллиард долларга жеткиришибизге шарт түзөт» деди. Белгилүү болгондой, Түркия статистика институту эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2015-жылы 9.7 миллиард доллар кылып белгилеген эле.
Түркия Иранга жабдыктар, автомобилдер, темир жана болот продукцияларын экспорт кылат. Ирандын Түркияга экспортунун 90 %ын нефть жана газ түзөт. Ирандын Европага чейин созулуп баруучу газ түтүгү Түркиядан өтөт.
Жахангири да Давутоглунун билдирүүсүн колдоп-кубаттап: «Регионалдык маселелерде ортобузда карама-каршылык бар, бирок биз Иранга да, Түркияга да пайдалуу болгон регион туруктуулугун жүзөгө чыгаруу үчүн өз ара жакындашуу факторлорун жаратууга токтом кылдык», – деди. О.э. кошумчалап: «Террористик уюмдардын бар экендиги регион коопсуздугу жана тынчтыгын изден чыгарууда», – деди. Давутоглунун премьер-министр болгондон беркии Тегеранга алгачкы сапары болгон бул сапар «өзгөчө мааниге ээ экендигин о.э. Иран менен Түркия ортосундагы мамилелерде негизги бурулуш жасашын, бул эки мамлекет Түркиядагы Адилет жана Өнүгүү партиясы бийликке келгенден бери жакшы кошуначылык мамиледе болуп келгенин» билдирди. (Хаят гезити).
Роя гезитинин комментарийи:
Адилет жана Өнүгүү партиясынын бийлиги доорунда билдирүүлөргө тескери иштердин аткарылышы Түркия акимдеринин эң маанилүү сыпаттарынан. Алар каршылык көрсөтүүчү жана күрөшкө чакыруучу позицияны жарыя кылып туруп, бул позицияга тескери иштерди кылышат. Иран менен мамилелери боюнча билдирүүлөрү да ушулар түркүмүнөн. Көптөн бери Түркия өкүмдарлары Иранга каршы тили менен чабуул кылып, Ирандын региондогу, айрыкча, Сириядагы саясатын, өз согушкерлери менен Сирияда мусулмандарды кыргын кылып жатканын сындап келди. Андан соӊ, эч канча убакыт өтпөстөн, күтүүсүздөн эле Түркия премьер-министри Иранга сапар кылды… Түркия премьер-министринин бул сапары ишке ашырылышына бир нече күн калганда гана жарыя кылынды. Давутоглу сапары учурунда «Иран менен Түркия ортосундагы тарыхий жана маданий алакалар бар экендигин о.э. эки мамлекет ортосундагы соода алакалар көлөмүн көбөйтүү зарыл экендигин, Сирияга байланыштуу карама-каршылык эки тарап ортосундагы мамилелерди бузушу мүмкүн эместигин” айтты. Шек-күмөнсүз, Түркия жетекчилери менен Иран жетекчилеринин ортосунда айырма жок. Себеби, алар Исламды колдонушпайт, Батыштын исламий өлкөлөрдөгү саясатын ишке ашырышат. Алардын бири-биринен алыстоосу да, жакындашуусу да мусулмандарга жакшылик алып келбейт, тескерисинче, бул нерсе Ислам жана мусулмандардын душмандарынын пайдасына кызмат кылат. Иран менен Саудия ортосундагы мамиле да кудум ушундай.
Роя гезитинин 2016-жыл, 9-марттагы 68-санынан
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…