Россия президенти Владимир Путин тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушкан учурда орус кошуундарын Сириядан чыгарууга буйрук берди. Буйрукка ылайык, Сириядагы орус кошуундарынын негизги бөлүгү 15-марттан баштап чыгарыла баштайт. Бирок, кошуунду алып чыгуу мөөнөтү канча убакытка созулушу жөнүндө маалымат берилбеди.
Кремлдин билдиришинче, жогорудагы токтом Сирия президенти Башар Асаддын ыраазылыгы менен ишке ашырылып жатат. Путин Асадга чегинүү жөнүндө өзү кабарлаган. Путиндин айтымында, Россия кошуундары Сирияда маанилүү милдеттерди аткарып болгон.
“Коргоо министрлиги жана куралдуу күчтөрүбүз маанилүү тапшырмаларды аткарып болушту деп ойлоймун. Ошондуктан, коргоо министрине аскерлердин негизги бөлүгүн Сириядан чыгарууга буйрук бердим. А бирок, Хмеймим жана Тартустагы эки база мурункудай эле ишмердүүлүгүн уланта берет”, – деди Путин.
О.э. Россия федералдык кеӊешинин баса белгилешинче, орус күчтөрүнүн Сириядан чыгарылышы менен бирге Сирия өкмөтү үчүн зарыл болгон курал-жарактарды, аскерий техникаларды жана тажрыйбалуу аскерлерди жеткирип берүү улана берет. Бул тууралуу коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Виктор Узерев билдирди.
Өз кезегинде Россия коргоо министри Сергей Шойгу президент Путинге орус кошуундары Сирияда ишмердүүлүгүн баштагандан бери 400 шаар жана айылдарды “террорчу”лардын колунан куткаргандыгын билдирди. Шойгунун билдиришинче, Россиянын аскерий самолёттору 2000 жүк машинасынан тышкары 209 нефть ишканаларын жок кылган.
Россия президентинин жогорудагы буйругу Сирия маселеси боюнча Женевада сүйлөшүүлөр башталган учурга туура келип жатат. Путиндин өзү да орус кошуундарынын Сириядан чыгарылышы Женевадагы сүйлөшүүлөр үчүн пайдалуу болушунан үмүттөнө тургандыгын билдирди.
Россия жетекчиси орус аба күчтөрүнүн Сириядан чегиниши жөнүндө АКШ президенти Барак Обамага телефон аркылуу кабарлады. Кремлден чыккан билдирүүдө айтылышынча, эки президент Сирия кризисин тынч жол менен чечүүнүн тарапкери экендигин билдиришкен. АКШ президентинин маалымат катчысы Жош Эрнест болсо Россия бул токтомдон эмне максатты көздөгөнүн жакшылап үйрөнүп чыгуу керектигине басым жасады.
Мусулман өлкөлөрүндөгү лидерлердин шерменделик толо үнсүздүгү созулуп, Газада жөөт баскынчыларынын кыргын жана кыйратуулары артынан Трамп…
Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду Кыргызстан президенти Садыр Жапаров коомдо катуу каршылыкка учураган Дин…
Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү Дүйнөдө миллиардерлердин жалпы байлыгы 2023-жылкыга салыштырмалуу үч эсе…
Басма сөз баянаты Бербок колониалдык миссиянын кызматында 2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин - жеңилчилик Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул…