Путин 15-март күнү Россиянын аскерий күчтөрүн Сириядан чыгарууга буйрук берди

Путиндин бул токтому өтө көптөгөн окурмандарыбыздын ушул маселеге айкындык киргизип берүүнү сурап бизге кайрылышына себеп болду.

Сирияны жана Асадды сактап калуу проблемалары түпкүлүгүндө Россиянын проблемалары эмес. Аныгыраагы, бул Россия учурдагы эл аралык саясаттагы салмагы менен ишке ашыра ала турган иш эмес. Бул АКШнын мүмкүнчүлүгүндөгү иш. Бул тууралуу Путин 2014-жылдын аягындагы конференциясында айтып өткөн эле. Ал ошондо “Асад бизге караганда АКШ менен жакыныраак кызматташтыкта экендигин элдин баары билет” деген эле.

Россия аба күчтөрү жардамында Сирияга чабуулдарды уюштурушу да АКШ менен кызматташуунун алкагында алып барылганы сыр болгон эмес. Ал  АКШга  Сириядагы бардык согушкер күчтөрдү тизгиндеп алышына бир топ кызмат кылып берди. Асадга жана ИГИШ сыяктуу АКШнын кол астында турган жамааттардын бирер кызыкчылыгына зыян жеткирбеди.

Эми Россия бар болгон мүмкүнчүлүктөрүн иштетип болду. Ал Сирияны аскерлер менен басып ала албайт. Бул ишти исламий өлкөлөр ишке ашыруусу керек деп билишет.

АКШ Сирияны бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберүүгө аракет баштамакчы. Ушул күндөрдө Анкарада 34 адамдын өлүмү менен аяктаган жардыруу иши да АКШнын ушул бөлүп жиберүү долбооруна байланыштуу болушу мүмкүн. Себеби, АКШ Сирияны бөлүп баштаганда күрттөр да өздөрү үчүн жаңы мамлекет куруп алууга аракет кылышы анык. Бул болсо, Түркия үчүн өтө маанилүү маселе болуп, алар бул ишке каршы колунан келген бардык чараларды көрүүгө даяр турушат. Күрттөрдү басып алуу үчүн бир нече жардыруу иштери уюштурулушу керек болот. АКШнын бул операциядан эки күн мурда кабардар болушу, бул иштер аны менен кызматташтыкта уюштурулганына ишара кылат.

Путин Сириядагы орустардын Хмеймим жана Тартустагы аскерий базалары мурункудай тартипте кала беришин айтып өттү. Ал базаларды коргоо үчүн аскерий кошумча күчтөрдү дислокация кылуу жөнүндө буйруктарды берди. Демек, орустар Асадды коргоо милдетинен бошогон жок. Себеби, АКШ эгерде Асаддын ордуна өзү үчүн жаңы малай таба албаса, анда Асад режими үчүн ошол аймактын бир бөлүгүн калтырат. Орустар болсо, өз аскерий базасын ошол жерде сактап калуу үчүн Асадды же анын ишин улантышы мүмкүн болгон илманий кубатты сактап калуу үчүн даяр турушат. Операциянын жетекчиси АКШ  болуп, Путин анын бул ири долбоорунда байланган бир дөбөт болуп кала берет.

Путин режиминин өзү да бул иштерге ыраазы эмес т.а. ал бул иштерди кылууга мажбур. Ал азыркы абалында АКШ менен атаандаша албайт. Муну түшүнүү үчүн – орус армиясы АКШнын Сириядагы кызыкчылыктарын коргоо үчүн ушунча чыгымдарды кылып мээнет кылса да Россиядан экономикалык санкциялар алынбагандыгына карабастан – Путин анын сызган сызыгынан чыга албаганына көӊүл буруш керек. Путин АКШнын бул иштерине ыраазы болбогону менен, андан баш тарта албайт. Себеби, Россиянын резервдик фондундагы каражаттар дээрлик түгөнүп бара жатат. Путин болсо, өз режимин сактап калуу үчүн Россияда аскерий абал пайда кылуучу шартарды түзүшү керек. Бул абалды пайда кылуу үчүн болсо, эл аралык коомчулуктун, маалымат каражаттарынын жана башка чабуулдардын тизгинин тартып тура алуучу күчтүн кызматташтыгы керек болот. Азырынча бул күч АКШ.

АКШ Россияны талкалап жок кылып жиберүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо да, аны Түндүк Корея же Өзбекстан режимдери сыяктуу, өзүнө көз каранды абалда бир нече убакыт кармап туруп, андан Иран, Израиль сыяктуу башка региондорду коркутуп туруууда пайдаланып алууга аракет кылат. Ал үчүн Путин ички жана тышкы саясатындагы тизгиндин негизги бөлүгүн АКШга берүүгө мажбур болот. Ал өзүнүн Батышка каршы саясатын, теориялык долбоорлорго жана пикир же сөз менен билдирүүгө гана чектейт.

Путиндин өз режими менен Россияны кор абалда болсо да кармап туруу үчүн АКШга толук көз каранды болуудан башка чарасы жок. Бул жашырынган формат ичинде болуп, Иран исламий республикасы, Саудия исламий королдугу, Түндүк Корея мамлекеттери сыяктуу көрүнүштө болот. Россия Сирияда өз алдынча аракеттенип жаткандай көрүнгөн абалында, АКШ үчүн иттей кызмат кылып берди. АКШ болсо ал жүргүзүп жаткан бардык жырткычтыктарга каршы болсо да, бирок чарасыз болуп жаткандай көрүнүп, маалымат каражаттарында чыгуулар менен Россияны бүт дүйнөгө башкарып болбой  турган аскерий машина кылып көрсөтүүгө аракет кылды.

Эми болсо АКШ Россияны башкара ала турган жападан-жалгыз кубат өзү экендигин түшүндүрүп коюуга аракет кылып жатат. Бул ачык оюн болуп, Батыш дүйнөсү жана Кытай да “Россиянын иштери боюнча АКШ менен келишүү керек” деп пикирлей башташат. Путиндин ушул кордукка канча мезгил ыраазы болуп туруп бериши анык эмес. Анык болгон нерсе, АКШ Россияны экономикалык оор абалга дуушар кылууну уланта берет. Бул аны Путиндин режимин толук тизгиндеп алышындагы негизги куралы болуп эсептелет. Путин АКШдан да көбүрөөк өз элинен тынчсызданууда. Себеби, Россиянын ушул экономикалык кризиске кептелип калышына Путин жана анын ачкөз режими айыптуу.

Тыянак кылып айта турган болсок, Россия өз ыктыяры менен Сириядан чыгып кеткен жок. Ал азырынча толук чыгып кеткен жок. Болгону, АКШ баш болгон жалпы куфр кызыкчылыктарына ылайык аракеттенүүнү улантып жатат. Ал Асаддын аймагын коргоочу болуп турат. Эгерде АКШнын операциялары жокко чыкса, анда дагы кайрадан майданга кирип келиши да мүмкүн. Же ал Асадга өз аймагын сактап турууга жардам берүү менен аны коргоп берсе, тышкарыдагы исламий күчтөр бири-бири менен аймак талашып согушушат. Бул да куфр долбоорлорунун бир бөлүгү болуп эсептелет.

Абдураззак:

turkistonkg

Recent Posts

Хирож

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Хирож Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

10 hours ago

Газада жөөт баскынчыларынын кыргын жана кыйратуулары артынан Трамп кооптуу тынчтык келишимин ишке салды!

Мусулман өлкөлөрүндөгү лидерлердин шерменделик толо үнсүздүгү созулуп, Газада жөөт баскынчыларынын кыргын жана кыйратуулары артынан Трамп…

3 days ago

Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду

Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду Кыргызстан президенти Садыр Жапаров коомдо катуу каршылыкка учураган Дин…

5 days ago

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү Дүйнөдө миллиардерлердин жалпы байлыгы 2023-жылкыга салыштырмалуу үч эсе…

5 days ago

Бербок колониалдык миссиянын кызматында

Басма сөз баянаты Бербок колониалдык миссиянын кызматында 2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок…

6 days ago

Дин – жеңилчилик

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин - жеңилчилик Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago