Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты Анкарадагы чабуулду каралады

Кечээ Түркиянын баш калаасы Анкаранын так борборунда бомба жарылды. Жарылуунун натыйжасында 34 адам өлгөндүгү жана 125 адам жараат алгандыгы айтылууда. Мындан тышкары, окуя болгон жерде бир нече автомобилдер күйүп кеткен жана көптөгөн имараттарга зыян жеткен.

Окуянын артынан Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу, ички иштер министри Ефкан Ала, саламаттыкты сактоо министри Мехмет Муаззиноглу жана адилет министри Бекир Боздагдын катышуусунда жыйын уюштурулду. Жыйындан кийин ички иштер министри Ефкан Ала билдирүү берди.

Ички иштер министри: “Кечке жакын “Кызыл ай”дагы автобус бекеттеринде жолоочуларга карата бомба жүктөлгөн автомобил менен чабуул кылынды. Биз бул террордук чабуулду наалаттайбыз. Муну ишке ашыргандар эч качан максатына жете алышпайт”, – деди.

Анадолу маалымат агенттиги окуя болгон жерге жетип барган маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кээ бир чектөөлөр коюлгандыгын билдирди. Агенттиктин билдиришинче, Телекоммуникация министрлиги жарылууда өлгөн же жарадар болгон адамдардын сүрөттөрүн социалдык тармактарда таркатууга тыюу салган.

Хизб ут-Тахрир Түркия вилаяты ушул чабуулду каралап билдирүү чыгарды. Билдирүүдө Аллах Азза ва жалладан өлгөндөр үчүн рахмат, алардын жакындарына сабыр-такаат жана жарадар болгондорго шыпаа суралгандан кийин мамлекеттик кызматкерлерди куру сындап коюу натыйжа бербестиги айтылып, алар ишке өтүүгө чакырылды. Билдирүүдө келгендей, мындай абалдардан кутулуунун бирден-бир жолу АКШ жана Батыш мамлекеттерин дос тутуу менен эмес, тескерисинче Исламга кайтуу менен гана ишке ашат.

 Билдирүүдө жалпысынан мындай деп айтылат: “Буга чейинки чабуулдар сыяктуу эле бул чабуулдун да артында албетте колонизатор Батыш мамлекеттери турат. Себеби башаламандыкты пайда кылуу, террорчу уюмдарды колдоп-кубаттап, алардан өз максаттары жолунда пайдалануу жана бейкүнөө адамдарды өлтүрүп, андан соӊ эч бир уялбастан каралап туруу алардын адаттагы иштери. Ушундай болгон соӊ, Америка, Британия, Россия, Франция жана Израиль сыяктуу террорчу мамлекеттерге карата сак болуу жана алардын жасалма достуктарына таптакыр ишенбөө керек. Алардын элчиканалары тезинен жабылып, бардык мамилелерге чек коюлушу керек. Антпесе, кан төгүлүү токтобойт жана терроризм да эч качан жоголбойт. Себеби, колонизаторлорду өздөрүнүн жашоосу жана кызыкчылыктарынан башка нерсе таптакыр кызыктырбайт. Бул чабуулдан эки күн мурда АКШ элчисинин өз жарандарын сак болууга чакырышы көӊүл бурууга арзыйт!”, “Улуу мамлекет болуунун жана тереӊ стратегияга ээ болуунун жолу анык, маданиятыбыз жана тарыхыбыз анык. Ушундай болгон соӊ, Батыштан жана колонизаторлордон жүз үйрүп өздүгүбүзгө, Исламга кайтышыбыз керек”.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago