Байден Эрдогандын каалоосун Нетаняхуга жеткирди

АКШ вице-президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняхуга Түркия президенти Режеп Таййип Эрдогандын Израиль менен мүмкүн болушунча тезирээк келишим түзүү каалоосу бар экендигин билдирди. Бул тууралуу Израилде чыгуучу Хаарец гезити атын ачыктоону каалабаган Израиль тышкы иштер министрлигинин расмийлерине таянып кабар таркатты.

Гезиттин кабар беришинче, Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча Израилге келген Жо Байден өткөн шаршемби күнү Эрдогандын талабын Нетаняхуга жеткирген. Кабарда Байдендин “Эрдоган Анкара менен Тель-Авив ортосундагы кризисти өтө тез аралыкта чечүүнү каалайт” деген сөзү келтирилген.

О.э. кабарда айтылышынча, Байден Нетаняхуга АКШ эки мамлекет т.а. Израиль жана Түркия ортосунда ортомчулук кылууга же эки мамлекет ортосундагы келишпестиктерди чечүү үчүн ар кандай кадамды таштоого даяр экендигин өзгөчө эскертип өткөн.

Нетаняху да Байдендин сөздөрүнө жооп иретинде, Түркия жана Израиль мамлекеттери өкүлдөрү ортосунда туруктуу алака бар экендигин, бирок азыркыга чейин бирер келишим түзүлбөгөндүгүн билдирди. Израиль келишим түзүү максатында сүйлөшүү столуна отурууга даяр экендигин айтып өткөн Нетаняху “а бирок, биздин кээ бир кызыл сызыктарыбыз бар” деп кошумчалады.

Жо Байден эки мамлекет ортосундагы мамилени оӊдоонун негизги себеби Израилден Европага газ түтүгүн тартуу экендигин айтты. Мындан максат, Россия газына атаандаштык пайда кылуу. Байдендин айтымында, өз ара келишим аркылуу Израилдин газы Түркия аркылуу Европага экспорт кылынат.

Байден Израиль расмийлерине кайрылып: “Кичинекей, бирок бекем тамыр жайган Израиль мамлекети региондо энергия борборуна айланууда. Бул болсо, Мисирден Түркияга чейинки, Кипрден Греция жана Иорданияга чейинки бир нече өлкөлөрдүн Израиль менен мамилеси жакшырышына себеп болот. Буга жетишүү оӊой эмес, а бирок, колуӊарда керектүү каражаттар бар”, – деди.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

22 hours ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago