Россиянын Кыргызстанда жайгашкан “Кант” авиабазасындагы аскерий учкучтар 15-марттан 20-мартка чейин Хатлон гарнизонунун “Лаур”, “Сумбула”, “Момирак”, “Харбмайдан” жана “Халкаяр” полигондорунда болуп өтүүчү кеӊири масштабдуу Тажикстан-Россия аскерий машыгууларына катышат.
Машыгууларга даярдык 9-март күнү башталды. Эртеси күнү Ан-124 жана “Руслан” транспорттук самолёттору Душанбеге заманбап мобилдик башкаруу пункттарын, автоматташтырылган система жана байланыш техникаларын жеткирип келишти.
“Аба транспорту менен аскерий автоинспекция жана аскерий полиция бөлүктөрү жетип келишти, алар колонналардын аракетин ишке ашыруу, негизги лагерлер жана талаа байланыш пункттарын коргоо боюнча тапшырмаларды аткарышат”, – деди полковник Ярослав Рощупкин.
Анын айтымында, биргелешкен маневрларда Тажикстан Коргоо министрлиги жана РФ Борбордук аскерий округунун органдары, мото-аткычтар, танк жана артиллерия бөлүктөрү, спецназ о.э. прашют-десант жана десант-штурм топтору катышат. Аракеттерди абадан кубатуу биргелешкен авиациялык топ колдоп турат.
“Эки армиянын аскерийлери биргеликте аракет кылуу маселелерин, тоолуу аймактарда куралдуу топторду зыянсыздандыруу, шарттуу душмандын базалары, складдары жана башка объектилерин жок кылуу боюнча келишилген операцияларды өткөрүү боюнча машыгуулар жүрөт”, – деп кошумчалады Рощупкин.
Туркистон:
Кызматташтыкта өткөрүлүүчү ар кандай аскерий машыгуулар белгилүү бир максаттарга багытталган болот. Россиянын ушул аскерий машыгуулары да, бир нече максаттарды көздөгөнү анык.
Орто Азия мамлекеттери акыркы кездерде Россиянын колониясынан чыгып кетүүнүн астында тургандай көрүнө баштады. Алар учурда экономикалык жана сакафий жактардан Батыш маданияты жана экономикасын көздөй жүрө башташты. Россия бул тармактарда ушул мамлекеттерге анчалык таасир өткөрүү кубатына ээ эмес. Путинде азыр аскерий басым өткөрүү кубаты гана калган.
Кыргызстанда болсо саясий абал курчуй баштады. Бул жараяндар да Россияны түздөн-түз катышууга мажбур кыла турган абал. Себеби, ал региондо өз таасирин биротоло жоготуп коюуну каалабайт. Ошондуктан, аскерий кубатын Кыргызстанга жакыныраак алып келип коёт. Аскерий машыгуулардан көздөлгөн максаттардын бири ушул. Балким Путин Атамбаев менен жолугушкан учурда ушул нерсеге келишип алышкан болушу да мүмкүн.
Россия машыгууну шылтоолоп регионго бир катар атайын даярдыктагы аскерлерди жана техникалык жабдыктарды да алып кирип алат. Бул болсо, ага аскерий баскынчылык зарыл болуп калса – кудум Югославияны кыска убакытта басып алганы сыяктуу –тез басып алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул абал Батышты жана анын көрсөтмөлөрү менен аракеттенип жаткан ар кандай күчтү бир аз проблемага дуушар кылып коёт. Кыргыз бийлигин болсо Россия менен кызматташтыкты дагы да күчөтүүгө мажбур кылат.
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…