АКШ вице-президенти Жо Байден менен жолугушкан Палестина президенти Махмуд Аббас АКШ өкмөтү сунуштап жаткан “Эки мамлекет” чечимин колдой тургандыгын билдирди. Палестина президенти акыркы 5 айда Израиль аскерлери 200 палестиналыкты өлтүргөндүгүн айтып, яхудий туракжайлары курулушунун уланышы буга себеп болуп жаткандыгына басым жасады. Аббастын баса белгилешинче,“Эки мамлекет”варианты региондо коопсуздук, тынчтык жана туруктуулукка жол ачат.
“1967-жыл, 4-июнь чегаралары боюнча “Эки мамлекет” чечими вариантына үмүттөрдүн кайрадан ойгонушу региондо коопсуздук, тынчтык жана туруктуулук пайда болушунун ачкычы болуп эсептелет. Яхудий туракжайлары курулушунун уланышы болсо региондогу зомбулукка жана кан төгүлүүгө себеп болууда”, “Терроризмге каршы күрөштө жетишкен жеӊиштер бизден 1967-жылы белгиленген чегараларда, борбору Чыгыш Куддус болгон эгемендүү Палестина мамлекетин курууну талап кылат”, – деди Палестинанын президенти Махмуд Аббас.
Мындан мурда, Байден Израилге келери менен Израилдин мурдагы президенти Шимон Перес жана премьер-министр Бенямин Нетаняху менен жолугушкан эле. Байден Перес менен жолугушкандан кийин журналисттерге кыска билдирүү берип, яхудийлер коопсуздугун АКШ өз мойнуна алышына ишара кылды.
“Мен бул жерде тургандыгыман кубанычтамын. Президент (Барак Обама) салам жолдоду. Израиль коопсуздугу аягына чейин биздин мойнубузда. Ушул маселе боюнча келишүүгө жетишебиз деп үмүттөнөмүн”, – деди Байден.
Байден Батыш Куддуста Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху менен жолугушкандан кийин берген билдирүүсүндө болсо: “Ачык айтууга уруксат бергиле, Америка Кошмо Штаттары бул аракеттерди (палестиналыктардын Израилге каршы аракеттерин) сындайт жана сындалбастыгын да каралайт”, – деди.
Израиль коопсуздугун колдоп-кубаттоодо АКШнын милдети жөнүндө Байден мындай деди: “Тарыхта АКШ башкаруусу учурунда Израиль коопсуздугун эӊ көп колдоп-кубаттаган биз болдук. Аскерий кызматташтыктагы жардамдарыбыз болуп көрбөгөндөй даражага жетти. Израиль олуттуу коркунучтар каршысында өзүн коргоо үчүн жетиштүү күчкө ээ болуу туурасында ишенимдүүлүгүбүздү сактап калдык. Өтө кыйын жана өзгөрүүчү региондо жайгашкан Израиль коопсуздугу үчүн булар өтө маанилүү. Израилдин яхудийлик жана демократиялык түзүмүн коргоонун бирден-бир жолу “Эки мамлекет” чечимин иш жүзүнө ашыруу. Ошондуктан, Америка Кошмо Штаттары эки тарапты теӊ бул жаатта аракет кылууга чакырат”.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…