Мындан үч ай мурда Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын калкы жакшы жөрөлгөнү баштап, айылдын аймагында жайгашкан төрт дүкөндө спирттик ичимдиктерди сатууну токтотушкан эле.
Алар баштаган сооптуу демилге областтын башка райондоруна да жайылып бара жатат. 9-март күнү областтын Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын калкы да бул ишке кошулуп, айылдагы беш дүкөндө сатылып жаткан спирттик ичимдиктердин айыл калкына, жаштарга, келечек муунга пайдасы жок экендигин түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында дүкөндөрдүн ээлери мындан кийин спирттик ичимдиктерди сатууну токтотушун билдиришти.
“Албетте, бул Миң-Булак айылынын калкы үчүн, ал тургай, кыргыз элинин келечеги үчүн да жакшы демилге болуп, башка айылдар да өрнөк ала турган иш болду десек жаӊылышпайбыз”, – деп билдиришти айылдын калкы.
Демилгечилерин чакыруусу менен Нарын областынын казысы Мамбетасан Ибраев Миң-Булак айылына барып, жакшы саамалыкты баштаган элге ыраазылык билдирди жана спирттик ичимдиктерди сатууну токтоткон дүкөн ээлерине казыяттын атынан “Ыраазылык баракчасын” тапшырды.
Туркистон:
Аллахка чексиз алкыш-мактоолор болсун, Кыргызстан калкы өздүгүн жана диний баалуулуктарын көздөй ылдамдык менен бара жатат. Албетте, спирттик ичимдиктер калк жана улут үчүн пайдасыз болгондугунан тышкары, Аллах тарабынан да арам кылынган.
Аллах Таала айтат:
“Эй момундар, арак (мас кылуучу ичимдик ичүү), кумар (ойноо), буттар (т.а. аларга сыйынуу) жана таякчалар (т.а. таякчалар менен палчылык кылуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, нажат табышыӊар үчүн алардын ар биринен алыс болгула! Ичкилик, кумар себептүү шайтан араӊарга жек көрүү, душмандык салууну о.э. силерди Аллахты зикир кылуудан жана намаз окуудан тосууну гана каалайт! Эми токтоорсуӊар?”. (5:90-91)
Мына ушундай демилге жана умтулуулар аркылуу биз өзүбүздү өзгөртүп барсак, Аллах Таала биздин аӊ-сезимибиз, пикирибиз жана жашоо образыбызды өзгөртүп, Өзү ыраазы боло турган жолго салып коёт.
“Аныгында, тээ бирээр коум өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Аллах алардын абалын өзгөртпөйт” (13:11).
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…